Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

24

04

2025

Алай районунда дарыгерлер үчүн заманбап жатакана пайдаланууга берилди

24.04.2025

2025-жылдын 24-апрелинде С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда медициналык кадрларды жумушка тартууга багытталган вакансиялар жарманкеси болуп өттү.

24.04.2025

Эркин Чечейбаев: Тоолуу аймактарда саламаттыкты сактоонун эффективдүү системасы болмоюнча туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес

03.02.2022
Балдардын угуусун эрте диагностикалоо

2022-жылдын 2-февралында Бишкек шаарында Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (УЭжБКБ) Кыргызстанда угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча туруктуу программаны уюштурууну талкуулоо максатында «Кыргыз Республикасында угуунун эрте диагностикасы, эрте кийлигишүү, кохлеардык имплантация жана балдардын реабилитациясы» темасында тегерек стол өткөрдү.

 

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын, саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук медициналык борборлордун жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана эл аралык уюмдар катышты.

 

 «Балдар биздин келечегибиз, балдардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо өлкөнүн негизги стратегиялык милдеттеринин бири болуп саналат. Балдар төрөлгөндөн тартып оорунун алдын алуу боюнча чараларды өнүктүрүүгө багытталган “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы” (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 14-октябрындагы Жарлыгы менен кабыл алынган) сыяктуу башка бир катар документтер жана бир катар ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат жана ишке ашырылат. ДССУнун 2020-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк угуу баяндамасында бул чөйрөдөгү аракетсиздик жабыркаган адамдардын ден соолугуна жана жыргалчылыгына чоң зыян келтирээрин жана алардын коом менен байланыш, билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жоктугунан каржылык жоготууга алып келиши мүмкүн экенин баса белгилеген. Биз балдарды медициналык кароосуз калтыра албайбыз, угуунун начарлашы баланын жашоосунун көптөгөн тармактарына терс таасирин тийгизет: баарлашуу, сөз байлыгын өстүрүү жана сүйлөө, ой жүгүртүү, билим алуу, эмгектенүү, психикалык ден соолук, адамдар менен мамиле куруу. Биз угуусу начар балдарга профилактикалык иш-чаралардын, медициналык жардам көрсөтүүнүн жана узак мөөнөттүү реабилитациялоонун туруктуу комплекстүү программасын түзүшүбүз керек”, - деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

«Дүлөйлүк дүйнө жүзү боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайлардын эң кеңири тараган көйгөйү. Баланын өнүгүүсүнө жана жашоо сапатына олуттуу терс таасирин тийгизбөө үчүн угуунун бузулушуна мүмкүн болушунча эрте диагноз коюу керек. Угуусу начарлар менен кесипкөй иш алып баруу эрте диагностикалоону, эрте кийлигишүүнү, ошондой эле угуусунун начардыгы аныкталган баланы узак мөөнөттүү колдоону жана реабилитациялоону камтыйт. Кыргызстанда угуусу начар балдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча уюштурулган комплекстүү программанын, тийиштүү каржылоонун жана башка маанилүү аспектилердин жоктугунан улам бул көйгөй абдан актуалдуу болуп саналат. Бул тегерек столдун жыйынтыгында угуусу бузулган балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууну жакшыртуу боюнча бардык чараларды, медициналык жардам көрсөтүүнүн этаптарын, ишке ашыруу мөөнөттөрүн, жооптуу адамдарды жана бардык кызыкдар тараптарды камтыган биргелешкен оперативдүү план түзүлөт деп ишенем», - деди Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова.

 

Маалымат үчүн:

 

Кыргызстанда жыл сайын 15-20дан ашык төрөт үйлөрүндө жылына 139-160 миң ымыркай төрөлөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасына ылайык, жыл сайын кеминде 140 жаңы тубаса кулагы укпаган ымыркайдын жана 3% га чейин угуусу ар кандай деңгээлде бузулган балдардын төрөлүүсү күтүлөт. Акыркы бир нече жыл ичинде кохлеардык импланттар менен камсыздоо боюнча өзүнчө иш-чаралар жигердүү жүргүзүлүп, тренингдер өткөрүлүүдө, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун базасында донорлордун колдоосу менен балдарды реабилитациялоо жөнгө салынууда. Аудиологиялык скрининг 2017-жылдын май айынан бери 4 төрөт үйүндө жүргүзүлүп келет:

 

   1. УЭжБКБнын клиникалык төрөт үйү

   2. Бишкек шаарындагы шаардык перинаталдык борбор

   3. Ош шаардык клиникалык ооруканасы

 

   4. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы


 

 
 

02.02.2022
Улуттук госпиталда жаңы бөлүм ачылат

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев калктын сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча пландары менен бөлүштү.
 

Анын айтымында, Улуттук госпитал Кыргыз Республикасынын калкына жогорку адистештирилген стационардык жана амбулатордук медициналык жардам көрсөтүүчү көп тармактуу медициналык мекеме болуп саналат. Керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган Улуттук госпиталда бөлүмдөрдүн профилине ылайык бардык муктаж болгондорго медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар.

«Биздин негизги милдетибиз — калкка медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Бул үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен материалдык-техникалык базабызды жакшырттык. КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын айрым бөлүмдөрүндө: трансфузиология, жаак-бет хирургиясы, урология, кан тамыр хирургиясы, проктология бөлүмдөрүндө, терапевттик корпуста, ошондой эле тамак-аш блогунда оңдоо иштери аяктады. Нейрохирургия бөлүмүнө баш сөөктү тешпестен операцияларды жасоого мүмкүндүк берген эндоскопиялык жабдуулар алынды. Буга чейин мындай операциялар үчүн бейтаптар чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болуп, ири суммадагы акча төлөп келишкен. Дагы бир нейрохирургиялык аппараттын келишин күтүп жатабыз», - деди Токтобай Маанаев.

 

Ошондой эле Токтобай Исраилович белгилегендей, жакынкы күндөрү 30 орундуу травматология бөлүмү ачылгана турат, учурда буйрук даярдалууда. «Мурда Улуттук госпиталда 6 травматология бөлүмү болсо, кийин алардын баары жабылган. Эми травматологиялык оорусу барларды кабыл алууну жанданткыбыз келет. Бизде жетиштүү сандагы жогорку квалификациялуу кадрлар бар. Жол-транспорт кырсыктарында адамдар сынык гана эмес, политравмалар менен жабыркап, кан тамыр хирургдарынын, нейрохирургдардын, офтальмологдордун жана башка адистердин консультациясы талап кылынарын да белгилегим келет. Координацияланган жана ыкчам жардам көптөгөн бейтаптарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Ал эми диагностика үчүн биз жакында КТ жана ангиограф алабыз”.


 


 

02.02.2022
Улуттук госпиталда орусиялык профессор мастер-класс өткөрдү

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология бөлүмүнүн базасында мастер-класс өтүп, анын жүрүшүндө Улуттук госпиталдын дарыгерлери Россия Федерациясынын Нижний Новгород областынан келген медицина илимдеринин доктору, профессор Владимир Загайновдун жетекчилиги астында эки татаал операция жасашты.
 

«Боордун оң бөлүгүндөгү альвеококкоздун магистралдык тамырларга өсүп кетиши» диагнозу коюлган бейтапка биринчи этапта өт жолдорунун сырткы дренажы жасалган. Механикалык саргарып кетүү жоюлгандан кийин операциянын экинчи этабына даярдалган. Профессор Владимир Загайновдун жетектөөсү астында дарбазалык вена резекциясы менен боордун 70%ын алып салуу боюнча татаал операция жасалды. “Уйку безинин башынын оорусу” диагнозу коюлуп, Бишкектеги клиникалардын биринде операция жасоого болбойт деген тыянак чыгарылган экинчи бейтапка Гастропанкреатодуоденалдык резекция жасалды. Операциялар ийгиликтүү аяктап, бейтаптар операциядан кийинки эрте реабилитациядан өтүшүүдө.

Кыргыз Орус Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы м.и.д., профессор Бахадыр Бебезовдун айтуусунда, биздин өлкөдө бул операциялар татаал жана «чанда» жасалган операциялардын катарына кирет. Профессор Владимир Загайнов бул жаатта эң чоң тажрыйбага ээ, алсак боорго 1,5 миңге жакын, уйку безине 600гө жакын операция жасаган.

 

“Биздин мастер-класс боордун альвеококкозуна жана уйку безинин рак оорусуна операция жасоонун жаңы варианттарын ачууга багытталган. Мастер-класска Кыргызстандын алыскы аймактарындагы ар кандай медициналык мекемелерден көптөгөн хирургдар катышты. Жергиликтүү хирургдардын деңгээли абдан жогору. Бул багыт мындан ары дагы өнүгөт деп ишенем, жыйынтыгында көптөгөн бейтаптарга медициналык жардам берүүгө мүмкүн болот”, - дейт профессор Владимир Загайнов.


 

   
 

02.02.2022
Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелри талкууланды

         2022-жылдын 26-январында Республикалык эмдөө комитетинин жана иммундаштыруу боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун БДСУнун өлкө кеңсесинин жана ЮНИСЕФтин адистеринин катышуусунда биргелешкен онлайн отурум болуп өттү.

        Жолугушуунун жүрүшүндө инактивдештирилген полиомиелит вакцинасынын (ИПВ2) экинчи дозасын жана кызамыкка каршы вакцинанын экинчи дозасын пландуу эмдөөдө эртерээк киргизүү боюнча маселелер каралып, талкууланды.  

       Онлайн жолугушуунун максаты: Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарына өзгөртүүлөрдү киргизүү.

1.     9 айлык куракта полиомиелитке каршы инактивдештирилген вакцинанын 2 дозасы.

Кыргыз Республикасынын Улуттук календарына ылайык ИПВнын биринчи дозасы 3,5 айлык балдарга берилет. ИПВнын бир дозасын киргизүү полиовирустун 1, 2 жана 3- түрлөрүнө каршы негизги иммундук коргоону камсыз кылды. Себеби, ОПВ вакцинасын үзгүлтүксүз колдонууда циркуляциялануучу вакцинадан алынган полиовирустун пайда болуу  тобокелдиги жапайы вирустун алып келүү тобокелдигине караганда алда канча жогору болуп эсептелет. Бирок, ИПВ инфекциянын алдын алып, бирок вирустун жугушун токтотпой турганын эске алсак, полиомиелиттин чыгышын токтотуу үчүн зарыл болгон учурда ОПВ колдонула берет. Ошондуктан, ИПВ вакцинасынын үч эселенген дозасын киргизүү антителолордун жогорку титрлерде пайда болушу менен көрсөтүлүшү мүмкүн, ошону менен бул оорудан өмүр бою коргоону камсыз кылат.

2021-жылдын март айында БДСУ Тажикстанда полиомиелит пайда болгондугу тууралуу жарыялады, анда шал полиомиелиттин 6 учуру аныкталган. Аныкталган полиомиелит вирусунун Пакистан менен Ооганстанда жайылган штаммына байланыштуу болгон. Кошумчалай кетсек, Тажикстанда полиовирустун циркуляциясы айлана-чөйрөдө табылган, бул вирустун тез тараганынан кабар берет, анткени ал кир кол, суу, тамак-аш, кийим-кече аркылуу адамдан адамга оңой жугат. БДСУ бул эпидемияны эл аралык маанидеги 2-деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары классификациялады. Бул өзгөчө кырдаал коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга да жайылтылат. Кыргызстанда балдарды эмдөөдөн баш тартуу тенденциясы көбөйүп баратканын, ошондой эле эндемикалык өлкөлөрдүн географиялык абалын эске алып, биз каалаган убакта даяр болушубуз керек. Эгерде вирус пайда болсо, анын жугушун токтотуу жана алдын алуу үчүн эмдөөнүн жогорку деңгээлдеги камтылышы керек.

2.     Кызамыка каршы вакцинанын 2-дозасын 6 жаштан 2 жашка которуу.

Профилактикалык эмдөө календары боюнча КПК вакцинасы балдарга 12 айлык, биринчи дозасы, экинчи дозасы 6 жашында берилет.

Кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасына иммундук реакциясы пайда болбогон балдарды ревакцинациялоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр балдардын болжол менен 95% экинчи дозадан кийин коргоочу иммунитет пайда болоорун көрсөттү.

            Кыргыз Республикасында акыркы 4 жылдагы эпидемиологиялык абал: кызамык менен ооругандардын 80% 5 жашка чейинки балдар. Бул балдар КПК вакцинасынын экинчи дозасын алганга чейин ооруп калганын билдирет.

COVID-19 пандемиясы жүрүп жаткан маалда кызамык жөнүндө унутпаңыз. Оорунун коркунучу беш жашка чейинки балдарда, 20 жаштан ашкан чоңдордо жана иммундук системасы төмөн бейтаптарда жогору.

 

            Урматтуу ата-энелер! Профилактикалык эмдөөлөр сизди жана балдарыңызды коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоонун бирден-бир жолу.

 

Биз балдарыбызды жакшыраак коргошубуз керек. Бардык ата-энелер жана тарбиячылар Кыргыз Республикасынын Улуттук эмдөө графигине ылайык бардык балдарын эмдөөдөн өткөрүшү керек экендигин баса белгилеп кеткибиз келет.

02.02.2022
Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлери «Алтын Балалык» медициналык реабилитациялык комплексине 20 тонна цемент беришти

Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлери четте калбастан, «Алтын Балалык» медициналык реабилитациялык комплексинин курулушуна өз салымдарын кошушту. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 1-февралында энергетиктердин атынан Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» медициналык реабилитациялык комплексине 20 тонна цемент жеткирилген. Бул жардам комплекстин курулушун белгиленген мөөнөттө бүткөрүүгө өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек,азыркы тапта  оңдоо-курулуш иштери кызуу жүрүп жатат, мындан тышкары КР Саламаттыкты сактоо министрлиги комплекстин аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды өз күчү менен уюштуруп жатат.

01.02.2022
Саламаттыкты сактоо министри Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда болуп, калктын сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды

2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №14 үй-бүлөлүк медицина борборуна жана №2 ҮМБнын филиалына барып, Бишкек шаарындагы баштапкы медико-санитардык кызматка киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийинки алардын иши менен таанышты.

 

Аталган Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери менен болгон баарлашууда министр эмне үчүн төрт Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборун бөлүү чечими кабыл алынганын белгиледи: «Башкы медико-санитардык кызматтын ишин талдоо ҮМБнын биригүүсүнөн сапаттуу жыйынтык чыкпаганын көрсөттү, ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлиги аларды бөлүп, Бишкек шаарында 10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорун филиалдары менен түзүүнү чечти. Ал эми ҮМБнын жаңы дайындалган жетекчилерине калктын баштапкы медициналык-санитардык жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча өз иштерин көрсөтүшү үчүн 6 ай убакыт берем. Эгерде алар өздөрүнүн ишин көрсөтө алышпаса, анда жетекчинин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карайбыз”.

 

Ошондой эле, иш сапарынын алкагында министр Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы маалыматтык системалардын ишке ашырылышы менен таанышты. КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистери бир катар санариптик медициналык маалыматтык системаларды иштеп чыгышты. Санариптик саламаттыкты сактоо чечимдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу калктын ден соолугун чыңдоого, ошондой эле саламаттыкты сактоо тутумунун чыгымдарын жана убактысын кыскартууга жана жалпысынан калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшөт. Инновациялык системаларды түзүүдө IT адистери медициналык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алышкан.

 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун адистери санариптик каражаттарды киргизүү жана №14 ҮМБ жана №16 ҮМБнын медициналык кызматкерлерин жаңы санариптик системалар менен иштөөгө үйрөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүштү. Санариптештирүү иш-чараларынын аткарылышын саламаттыкты сактоо министри А.Бейшеналиев текшерди.

 

 

 

Зарыл болгон санариптик медициналык системаларды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар уланууда. Учурда адистер медициналык циклдердин толуктугу үчүн бир катар маалыматтык системаларды иштеп чыгууда, алдынкы убакытта алар да ишке ашырылат.


 

 
 

01.02.2022
Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борорлоруна жана коомдук саламаттык сактоо лабораторияларына ILab маалыматтык системасын ишке киргизүү

Калктын медициналык кызмат алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү жана ошондой эле санариптештирүүнү өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ILab маалыматтык системасы иштелип чыгып ишке ашыруу чаралары башталды.
 

ILab маалыматтык системасы – бул саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү лабораторияларга багытталган жаңы санариптик чечим, лабораторияда болуп жаткан процесстерди автоматташтыруу жана лабораториянын ишин жакшыртуучу чечимдерди кабыл алуу үчүн лабораториянын адистерин алардын ишинин бардык аспектилери боюнча системалуу маалыматка муктаждык менен камсыз кылуу үчүн багытталган. Ошондой эле, санариптик продукт медициналык кызматкерлерге жана жарандарга өз убагында диагноз коюу жана изилдөө жыйынтыктарынын тарыхын көрүү үчүн изилдөөлөрдүн натыйжаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Лабораториялык маалыматтык системаны ишке киргизүү жарандарга лабораторияга кайра барбастан онлайн режиминде жыйынтыктарды алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

«Системанын ишке ашырылышы менен лабораториялардын жүгү азайып, түздөн-түз ишке көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет деп күтөбүз. Ошондой эле лабораториялардын кызматын пайдалануучу бейтаптар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатат деп күтөбүз», - деди №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун лаборанты, У.М. Аккулакова.

 
 

01.02.2022
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору кайра түзүлөт

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун кайра түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Жүргүзүлүп жаткан иштерди түшүндүрүү максатында бүгүн, 2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна барып, борбордун кызматкерлери менен баарлашты.
 

Жыйындын жүрүшүндө министр министрлик Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашуудан кийин «Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Бишкек травматология, ортопедия илимий-изилдөө борборун» шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына айландыруу жолу менен кайра түзө турганын түшүндүрдү. Учурда КР Саламаттык сактоо министрлигинин юристтери борборду кайра түзүү боюнча тиешелүү документтерди даярдап жатышат.

Кайра уюштуруунун себеби, учурда бул Борбор Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаардык депутаттардын кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен турган уюштуруучулар тарабынан кабыл алынган үч тараптуу келишиминин негизинде иш алып барууда. Ал эми Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын 2013-ж. 12-декабрындагы №218 Бишкек шаарынын “Борбор калаанын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши «Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Бишкек травматология, ортопедия илимий-изилдөө борбору» мекемесинин уюштуруучусу боло албайт. Ошол эле учурда, каржылоо Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу жүргүзүлөт.

Ошондой эле, республикада коронавирустук пандемияга байланыштуу Бишкек шаарында бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн керебеттердин жетишсиздигин белгилейбиз, мындан тышкары, бейтаптарды тиешелүү адистештирилген ооруканага жаткырууда түшүнүксүз жагдайлар пайда болгон учурда, ооруканага жаткыруу үчүн диагнозду дифференциялоо зарыл.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана аны колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү жана күнү-түнү кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү максатында Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына айландыруу максатка ылайыктуу болот. Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы курч оорулар, травмалар, кырсыктар, уулануулар, ошондой эле массалык жабыркоолор, кыйроолор, авариялар учурунда калкка күнү-түнү кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн шаардын көп тармактуу адистештирилген мекемеси болуп калат.

Маалымат үчүн:

 

Саламаттык сактоо министрлиги 19-статьянын Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамына таянып, Саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу - Ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, координациялоо жана контролдоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат, аталган орган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги болуп саналат.

01.02.2022
Республиканын саламаттык сактоо уюмдарындагы генераторлор боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарында электр жарыгын авариялык өчүрүүлөр учурунда үзгүлтүксүз медициналык жардам көрсөтүү үчүн 538 генератор бар, анын ичинен 52 генератор иштебейт.


 

 


 

Облустар боюнча

генераторлордун саныИштейтИштебейт
1.        Бишкек шаары35296
2.       Талас облусу1587
3.       Нарын  облусу615110
4.       Баткен облусу463610
5.       Жалал-Абад облусу1261224
6.       Исык-Көл  облусу45405
7.        Ош  облусу1641559
8.        Чүй облусу46451
9.        ЖАЛПЫ республика боюнча53848652

 

 

 

 

01.02.2022
Улуттук госпитадын нейрохирургия бөлүмүнө “COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоору аркылуу уникалдуу жабдуулар алынды

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоорунун алкагында COVID-19дан айыккан бейтаптардагы нейрохирургиялык ооруларды өз учурунда дарылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга заманбап нейрохирургиялык жабдуулар (эндоскопиялык жабдуу топтому менен) сатылып алынган. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Маанаев Токтобай Исраилович белгилегендей, коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар арасында неврологиялык оорулардын кескин өсүүсү байкалууда.
 

Жаңы нейрохирургиялык жабдуулардын жардамы менен баш мээни кошумча кыскартпастан, анын бөлүмдөрүн кеспестен жана баш сөөктүн сөөк кемтигин кошумча кеңейтпестен, жетишерлик чоң өлчөмдөгү гематомаларды, кисталарды, шишиктерди, кан тамыр кемтиктерин жана мээнин аневризмаларын алып салуу мүмкүн болду. Аппараттын артыкчылыгы - эндоскопияны колдонуу менен операция жасоодо баш сөөктү трепанациялоо талап кылынбайт. Кирүү баш сөөктүн кичинекей тешиктери аркылуу болот, ал эми кээ бир операциялар мурун аркылуу кирүү менен да жасалат.

Сатып алынган эндоскопиялык жабдуулар операция учурунда ткандардын травма алуу коркунучун азайтат жана мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алат, ошону менен бейтаптарды тейлөөнүн сапатын жакшыртат.

№1 нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Буранбек Дюшеев белгилегендей, эндоскопту колдонуу операциялардын эффективдүүлүгүн түп тамырынан бери жогорулатат.

Бул жабдуулардан тышкары, “COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоорунун алкагында Улуттук госпиталга нейронавигациялык системаны алып келүү күтүлүүдө.

 

“COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоору Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

 

 

“COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоорунун максаты - тиешелүү алдын алуу чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, буюмдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлерине оорунун коркунучун азайтуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү.


 


 

28.01.2022
Жумабай Кожомкуловдун жаркын элесине

2022-жылдын 27-январында 85 жаш курагында көрүнүктүү ортопед, илимпоз, медицина илимдеринин кандидаты, саламаттыкты сактоонун отличниги Кожомкулов Жумабай Кожомкулович дүйнөдөн кайтты.

 

Ал абийирдүү, чынчыл, өз өлкөсүнүн кадыр-барктуу атуулу катары өмүр сүрдү. Жумабай Кожомкулович Кожомкулов 1937-жылы 18-июнда Кыргыз ССРинин Калинин районундагы Талды-Булак айылында туулган. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктагандан кийин Ош шаарындагы облустук кесиптештирилген ооруканада хирург болуп иштей баштаган.

 

1968-жылдан 2021-жылга чейин 53 жыл Кыргыз илим изилдөө институтунда, азыркы Улуттук фтизиатрия борборунда иштеген. Медициналык, педагогикалык жана илимий ишмердүүлүк менен алектенип, ошол эле учурда институттун башкы дарыгери (1981-1989) болгон. Мекеменин жетекчиси болуп иштеген мезгилде институттун материалдык-техникалык базасы чыңдалып, мурдагы СССРдин башка мекемелери менен илимий байланыштар чыңдалып, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары чет элдик басылмаларга жарыяланып турган. 1990-жылы медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын жактаган.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борборунун жамааты маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Жумабай Кожомкуловичтин элеси аны билгендердин, жакындарынын, бейтаптардын, илимий кызматкерлердин жана студенттердин жүрөгүндө сакталат.

 

 

Бейшеналиев А.С., Ташиев Ж.А., Рахматуллаев Ж.М., Бектурганов У.Б., Каратаев М.М., Токтогонова А.А., Сакмаматов К.М., Абдрахманова Э.Д., Кыдыралиева Г.Э., Абдиев М.Д., Кубатбек уулу, Разаков О.Р., Тыныстанова Р.И., Мукамбаев К.М., Чубаков Т.Ч., Кадыров А.С жана башкалар.

29.01.2022
Саламаттык сактоо министрлигинин жана ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери "Алтын балалык" комплексинде карагайларды отургузушту

Бугун, 29-январда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган  Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын, Дары кажаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" медико-реабилитациялык комплексинде айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн ишембилик өткөрүп, карагай отургузууда.

“Бул алгачкы ишембилик эмес, өткөн жылдын декабрь айында да республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп,  кайын, балаты, арча отургузулган. Комлекстин айланасын көрктөндүрүү, жыйнап-тазалоо боюнча ишембиликти мындан ары да уюштуруп турабыз. Себеби бул курулушчуларга болгон кол-кабыш деп эсептейм”,- деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

 

Азыркы тапта курулуш иштери өз нугунда жүрүүдө, имараттын 70% бүткөрүлүп, калган 30%ын 1-июнга чейин бүткөрүү пландалууда.