Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

10

12

2025

КР Саламаттык сактоо министрлиги «Сезим» кризистик борборунун пресс-турунда гендердик зомбулукка каршы «16 күн активдүү аракеттер» кампаниясынын алкагында катышты

09.12.2025

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборунда оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы бейтапка сейрек кездешүүчү жогорку технологиялуу операция ийгиликтүү жасалды

09.12.2025

КР Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишин одоно мыйзам бузуу фактылары боюнча токтотту

02.10.2025
Кыргызстан менен Перс булуңунун өлкөлөрү саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Психикалык ден соолук боюнча 6-Глобалдык министрлер саммитине катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Катар Мамлекетинин Саламаттыкты сактоо министри Мансур бин Ибрагим бин Саад Аль Махмуд менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар психикалык саламаттык, медициналык инфраструктура жана заманбап дарылоо технологияларын ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда катарлык адистердин Кыргызстанда ийгиликтүү кохлеардык имплантациялоо практикасы да белгиленди.

Кувейт мамлекетинин саламаттыкты сактоо министринин коомдук саламаттыкты сактоо боюнча орун басары доктор Аль-Мундхир Ваэл Мухаммад Аль-Хассави менен жолугушууда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына, анын ичинде кайрымдуулук фонддоруна көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирилди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктоо үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүгө жана үзгүлтүксүз жумушчу консультацияларга даяр экендиктерин ырасташты.

30.09.2025
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри  Дохада өтүп жаткан психикалык саламаттык боюнча 6-глобалдык министрлердин саммиттине катышууда

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев «Инвестициялар, инновациялар жана санариптик чечимдер аркылуу психикалык саламаттыкты өзгөртүү» темасындагы психикалык саламаттык боюнча 6- глобалдык министрлердин саммиттине катышууда.

Саммит дүйнөлүк алдыңкы эл аралык уюмдардын жана мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогорку деңгээлде уюштурулган. Кыргыз Республикасынын атынан аталган иш-чарага Кыргыз психиатрлар ассоциациясынын президенти Лилия Пантелеева да катышууда. Кыргыз делегациясы психикалык саламаттыкты коргоо багытындагы улуттук приоритеттерди жана демилгелерди сунуштап, алардын ичинде баштапкы медициналык санитардык жардамды бекемдөө, балдар жана өспүрүмдөр үчүн кызматтарды өнүктүрүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана системанын кризистерге туруктуулугун жогорулатуу маселелерин көтөрүүдө.

Саммит төмөнкү маселелерди камтыйт:

•        Пленардык сессиялар: глобалдык милдеттенмелерден улуттук аракеттерге өтүү; балдар жана өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгына байланышкан жоопкерчилик; кадрдык туруктуулук жана адистердин ыңгайлуу жашоо шарттары

•        Параллелдүү уюштурулган семинарлар: санариптик инновациялар; коомдук саламаттык жана психоактивдүү заттарды колдонуу; стигмага каршы күрөш; жаштар үчүн аракеттерди ылдамдатуу; кризис шарттарында психикалык саламаттык; кызматтарга жетүүнү кеңейтүү.

•        Министрлердин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу: семинарлардын жыйынтыктарын талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташуунун кийинки кадамдарын аныктоо.

Кыргызстандын бул саммитке катышуусу өлкөгө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана натыйжалуу ыкмаларды колдонууга шарт түзөт. Саммит санариптик трансформациядан баштап, инновациялык жардам моделдерин киргизүү, кадрдык ресурстарды өнүктүрүү жана алдын алуу чараларын кеңейтүүгө чейинки багыттарды камтыйт.

29.09.2025
Талас: перинаталдык блоктун курулушу графикке ылайык жүрүүдө

Талас областтык төрөт үйүнүн жаңы перинаталдык блогунун курулушу 29%га аяктады. Долбоор 2024-жылдын октябрь айында KfW Германиянын өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен башталган.

Эки кабаттуу, аянты 1 906 м² болгон жана 50 керебетке эсептелген корпус кабыл алуу, төрөт, операция, реанимация бөлүмдөрүн камтыйт жана заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Бул Талас областындагы энелик жана неонаталдык жардамдын деңгээлин олуттуу жогорулатууга, төрөттүн коопсуздугун камсыз кылууга жана ымыркайларды сапаттуу көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

Курулуш иштеринен тышкары, долбоор медициналык кызматкерлерди окутууну, телемедицинаны жана электрондук медициналык карталарды киргизүүнү камтыйт. Бул клиникалык кызматтарды жана багыттоо системасын чыңдоого багытталган.

Долбоорду 2026-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.

29.09.2025
Саламаттык сактоо системасы өлкө боюнча аялдарды ден соолугун сактоо үчүн мобилизациялайт: Октябрда жыл сайын өткөрүлүүчү «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы башталат

Жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык “Айымдардын ден соолугу!” бир айлыгы октябрда башталып, Кыргызстан боюнча 18 жаштан жогору аялдарды жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) тобокелдик факторлорун жана алгачкы белгилерин аныктоо үчүн текшерүүдөн өтүүгө мобилизациялайт.

 

Гипертония, диабет, сүт бездеринин рагы жана жатын моюнчасынын рагы сыяктуу жугуштуу эмес оорулар саламаттык сактоонун негизги көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Текшерүүлөр үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана фельдшер-акушердик пункттарда жүргүзүлөт. 

 

Бир айлык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” швейцариялык долбоорунун колдоосу менен уюштурулууда.   

Мурунку кампаниялар олуттуу таасир берген. Жалгыз эле 2024-жылдын октябрь айында 760 миңден ашуун аял профилактикалык текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын ичинен 45 миң аялда кан басымы жогору экени аныкталган, 10 500дөн ашууну жүрөк-кан тамыр ооруларынын жогорку тобокелдик тобуна кирген, ал эми 5 600 аялда кант диабетинин коркунучу аныкталган. Бул жыйынтыктар аялдардын ден соолугун сактоодо үзгүлтүксүз текшерүүлөрдүн маанилүү ролун көрсөтүп, алдын алуу жардам тууралуу маалымдуулукту мындан ары жогорулатуу зарылдыгын баса белгилейт.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. 

Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган Ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

 

26.09.2025
КР Саламаттык сактоо министри жана БУУӨПтүн Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору меджабдууларды сатып алуу жана санариптештирүү маселелерин талкуулашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев менен БУУӨПтүн Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Ивана Живковичтин эки тараптуу жолугушуусу өттү. Тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин, анын ичинде дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу, туруктуу каржылоо, санариптештирүү, жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана системанын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.
Саламаттык сактоо министри кыска мөөнөттүү келишимдерден узак мөөнөттүү келишимдерге өтүүнү жана бааларды төмөндөтүү жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн регион өлкөлөрү менен биргелешкен/ирилештирилген сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын билдирди. Ошондой эле дары-дармектерди ишенимдүү булактардан алуу маанилүүлүгү белгиленди. Улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү даярдоонун алкагында катаал регулятивдик стандарттары бар юрисдикцияларда катталган дары-дармектерди тездетилген тартипте каттоо механизми иштелип чыгууда. Бул административдик тоскоолдуктарды азайтып, бейтаптардын дарыланууга жетүүсүн тездетүүгө шарт түзөт.
БУУӨП, ошондой эле UNOPS жана ЮНИСЕФ менен бирге сатып алууларды натыйжалуу жүргүзүү үчүн глобалдык инструменттерди жана эксперттик колдоону сунуш кылды. Кыргыз Республикасында Глобалдык фонддун гранттарын узак мөөнөттүү алууда тажрыйбага ээ болгон БУУӨП гранттарды министрлик тарабынан аткарууга өтүү процессин колдойт. Бул процесс сатып алууларды, каржылык башкарууну, камсыздоо чынжырчасын бекемдөөнү жана туруктуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздоону камтыйт. Өзүнчө логистикадагы бирдиктүүлүктү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча инструменттер сунушталды, кошумча каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу каржылоонун механизмдери белгиленди.
Тараптар медициналык продукциянын санариптик эсебин жана байкоосун камсыз кылуу боюнча — кирген пукттан баштап бейтаптын деңгээлине чейин — биргелешкен аракеттерди жүргүзүүнү, ошондой эле башкаруучулук чечимдер үчүн аналитиканы өнүктүрүүнү макулдашышты. Мамлекеттик саясатта алдын алууга басым жасалганын эске алуу менен, тамеки, спирт ичимдиктери жана кантты ашыкча колдонуу сыяктуу тобокелдик факторлорун азайтуу, жол кыймылынын коопсуздугун өнүктүрүү, жарандык коомдун жана коомчулуктардын ролун чыңдоо боюнча багыттар аныкталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү кадамдар макулдашылды:
• Министрлик менен БУУӨПтүн сатып алуулар жана гранттар боюнча биргелешкен жумушчу тобун түзүү;
• катаал регулятивдик стандарттары бар юрисдикцияларда катталган дары-дармектерди тездетилген каттоо боюнча «жол картасын» даярдоо;
• Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен биргелешкен сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу;
• камсыздоо чынжырчасында санариптик байкоо жана integrity боюнча пилоттук демилгелерди ишке киргизүү;
• ЖЭО тобокелдик факторлоруна көзөмөл жүргүзүү боюнча фискалдык диалогду координациялоо (анын ичинде тамеки жана кант кошулган ичимдиктерге салыктарды кароо), 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында тиешелүү конференция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу.
БУУӨП министрликке сатып алууларда, реформаларды, санариптештирүүнү, медициналык калдыктарды башкарууну, инфраструктураны өнүктүрүүнү жана туруктуу каржылоону колдоодо регионалдык жана глобалдык ресурстарга таянып ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Тараптар жетишилген макулдашууларды тез арада ишке ашыруу үчүн БУУӨПтүн өлкөлүк жана регионалдык өкүлчүлүктөрү аркылуу туруктуу иш байланыштарын колдоону макулдашышты.

26.09.2025
Токмок шаарындагы Ооруларды алдын алуу борборунун бактериологиялык лабораториясынын имаратын капиталдык оңдоо иштери аяктады

Токмок шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бактериологиялык лабораториясынын имаратынын капиталдык оңдоосу аяктады. Оңдоо иштери Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) тарабынан колдоого алынган «Саламаттык сактоо жаатында регионалдык коопсуздукту чыңдоо» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

1979-жылы курулган лабораториянын имараты авариялык абалда болчу: асбестоцемент чатырынан суу өтүп, полдор жана жыгач тосмолор жараксыз абалга келип, жылытуу системасы иштебей, желдетүү жана санитардык шарттар болгон эмес, ал эми суу жана электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап турган.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө подрядчы төмөнкү жумуштарды аткарды:

  • чатырды металлочерепицага алмаштыруу жана фасадды толук реконструкциялоо;
  • чирип кеткен жыгач тосмолордун ордуна кирпичтен тосмолорду тургузуу;
  • жылууланган жаңы полдорду орнотуу;
  • желдетүү, жылытуу, суу жана канализация системаларын орнотуу, жаңы канализациялык кудук куруу;
  • өзүнчө дааратканалар менен жуунучу жайды уюштуруу;
  • бардык терезелерди жана эшиктерди алмаштыруу, жаңы электр тармактарын тартуу;
  • жылуулук таратуу жайын оңдоо жана аймакты көрктөндүрүү, анын ичинде таш тротуарларды төшөө.

Аткарылган жумуштардын жалпы наркы 13 201 653,23 сомду түздү.

Жаңыланган имарат заманбап сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берет, мындан ары долбоордун алкагында лаборатория эң жаңы шаймандар жана жабдуулар менен камсыздалат.

АӨБдин «Саламаттык сактоо жаатында регионалдык коопсуздукту чыңдоо» долбоору Чүй жана Ош облустарындагы 17 лабораторияны (анын ичинде коомдук саламаттыкты сактоо системасынын 6 лабораториясы жана 11 клиникалык-диагностикалык лаборатория) колдоону көздөйт. Иш-чаранын алкагында тандап алынган объектилер жаңыртылып, жабдылып, персонал эл аралык стандарттар боюнча лабораториялык диагностикага окутулат.

Токмоктогу лабораториянын реконструкциясы инфекциялык ооруларга каршы күрөшүүдө региондук потенциалды чыңдоого, эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүүгө жана медициналык системанын санитардык чакырыктарга даярдыгын жогорулатууга багытталган кадамдардын бири болуп саналат.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору инфекциялык оорулардын мониторингин, диагностикасын жана алдын алуусун камсыздайт. Лабораторияларды модернизациялоо анализдердин ылдамдыгын жана тактыгын жогорулатууга, эпидемиологиялык көзөмөлдүн сапатын жакшыртууга, оорулардын чыгышына өз убагында чара көрүүгө жана калктын саламаттык сактоо системасына болгон ишенимин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

26.09.2025
Региондогу холера боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт: пландуу санитардык мониторингдин алкагында аймактык санитардык кызматтар ачык суу сактагычтардын, дарыялардын жана агын суулардын суусун үзгүлтүксүз текшерип турушат.

 

Акыркы жолу Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан алынган үлгүлөрдө холера вибриону Vibrio cholerae O1 (серовар Огава) аныкталган, бирок ал авируленттүү — башкача айтканда, адам үчүн коркунучтуу эмес жана классикалык холерадагыдай эпидемиялык потенциалы жок.

 

Эпидемиялык коркунуч жок болгонуна карабастан, толук көлөмдө тиешелүү чаралар көрүлдү:

  •  Ош областтык санитардык кызматтары кабардар кылынып, профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн тартылды (КР ССМдин учурдагы буйруктарына ылайык);
  •  координациялык органдардын кезексиз жыйындары өткөрүлдү (анын ичинде Ош шаарындагы «Увам» каналы боюнча абал каралды);
  •  буга чейин өткөрүлгөн ведомстволор аралык машыгууларда (Ош, «Достук-Автодорожный» СКП) кызматтардын даярдыгы текшерилип, тастыкталган.
  •  

Калк үчүн ичеги-карын инфекцияларынан сактануунун жөнөкөй эрежелери маанилүү бойдон калууда:

  •  кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана пайдалануу;
  •  колду самындап кылдат жууп туруу;
  •  жашылча-жемиштерди жакшылап жууп, кайнак суу менен чайкоо;
  •  курч ичеги-карын инфекциясынын белгилери (кусуу, ич өткөк) пайда болсо — дароо медициналык жардамга кайрылуу.

 

Региондогу эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө.

 

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды маалыматты расмий булактардан гана алууга жана тастыкталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.

24.09.2025
Саламаттык сактоо министри ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору менен жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча маселелерди талкуулады

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге менен жолукту.

Жолугушууда министр улуттук саламаттык сактоо саясатынын негизги артыкчылыктарын белгилеп өттү. Алардын ичинде — жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, баштапкы звенону чыңдоо, дени сак жашоо образын жайылтуу жана саламаттык сактоо системасын санариптештирүү.

Тараптар бул багыттарда биргелешкен ишти улантууга ниеттеништи. ДССУнун Европа регионалдык бюросу Кыргызстандагы аракеттерди жогору баалап, баштапкы звенону чыңдоого, алдын алууга жана дени сак жашоо образын калыптандырууга багытталган улуттук стратегияны иштеп чыгууда техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун оорулардын алдын алууга жана ден соолук маданиятын өнүктүрүүгө болгон жеке көңүл буруусу баса белгиленди. ДССУ Кыргызстанга БМСЖны өнүктүрүүдө, коомдук саламаттыкты чыңдоодо, жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөштө жана медицинаны санариптештирүүдө колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташуу боюнча иш-аракеттерди макулдашуу үчүн туруктуу байланышта болууну макулдашышты.

24.09.2025
Саламаттык сактоо министри БУУнун Башкы Ассамблеясында ЖЭОго көзөмөлдү күчөтүү жолдорун сунуштады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өткөн Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана көзөмөлдөөнү ылдамдатууга арналган тематикалык иш-чарага катышты. 

Министр Борбор Азия өлкөлөрү үчүн калктын саламаттыгынын стратегиялык маанисин белгилеп, регионалдык координацияны күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ЖЭОго каршы эң натыйжалуу 25 чарасын камтыган анализинин жыйынтыктарына токтолуп, анын ичинде тамеки чегүүгө каршы чараларды күчөтүү, тамеки жана алкоголдук продукциянын жеткиликтүүлүгүн салыктык жөнгө салуу аркылуу чектөө сыяктуу практикалык кадамдардын маанисине басым жасады.

Өзгөчө ЖЭО боюнча кызматтарды саламаттык сактоонун алгачкы баскычына интеграциялоо, калк менен эффективдүү коммуникация жүргүзүү жана жарандык коомду кеңири тартуу маанилүүлүгү белгиленди. Министр, ошондой эле, саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо боюнча системалуу иштерге токтолуп, заманбап санариптик чечимдер маалыматтарды чогултуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдаланууга шарт түзөрүн белгиледи.

Эркин Чечейбаев Кыргыз Республикасынын Президенти ЖЭОну алдын алуу, дени сак жашоо мүнөзүн жана физикалык активдүүлүктү илгерилетүүнү улуттук саламаттык сактоо саясатынын негизги приоритеттеринин бири катары аныктаганын эске салды. Бул багытта оорукана инфраструктурасын өнүктүрүү менен бирге заманбап спорт комплекстери да курулуп жатканын кошумчалады.

Маалымат үчүн:
Жугуштуу эмес оорулар — эрте өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби болуп саналат. Алардын алдын алуу Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө кошкон негизги салым болуп эсептелет.

24.09.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги медициналык эсепке алуу документациясын жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү боюнча ишин улантууда

2025-жылдын 24-сентябрында Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургүл Аднаева административдик медициналык документацияны оптималдаштыруу боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйында учурда колдонулуп жаткан эсепке алуу документациясын талдоонун жыйынтыктары каралып, медициналык кызматкерлерге кошумча жүк жараткан ашыкча формалар жана кайталанган жазуулар аныкталды. Айрыкча административдик жол-жоболорду кыскартуу, заманбап санариптик куралдарды киргизүү жана эсепке алуу формаларын эл аралык стандарттарга жана саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо талаптарына ылайык келтирүү маселелерине көңүл бурулду.

Белгиленгендей, эсепке алуу документациясын оптималдаштыруу статистикалык маалыматтардын сапатын жакшыртууга, медициналык кызматкерлердин отчеттуулукка кетирген убактысын кыскартууга жана башкаруучулук чечимдерди өз учурунда кабыл алууну камсыз кылууга шарт түзөт. Мындан тышкары, эсепке алуу формаларын санариптештирүү саламаттык сактоо системасын башкарууну ачык жана натыйжалуу кылууга өбөлгө жаратат.

«Административдик документацияны жаңылоо – саламаттык сактоону санариптик трансформациялоонун маанилүү бөлүгү. Бул иш-аракет бизди негизги максатка – натыйжалуу, ачык жана бейтапка багытталган саламаттык сактоо системасына жакындатат», – деп белгиледи Нургүл Аднаева.

Кабыл алынган чечимдер саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында эсепке алуу документациясын жөнөкөйлөтүү жана актуалдаштыруу боюнча иштерди улантууда колдонулат. Бул аракеттер «Санарип MED 2.0» саламаттык сактоонун санариптик өнүктүрүүнүн Максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт.

24.09.2025
Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу үчүн мобилдик check-up модулу ишке киргизилди

Кыргызстанда оорулардын алдын алуу максатында «Өз ден соолугунду текшер» аттуу санариптик check-up модулу сунушталды. Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев бул модулду 29-сентябрда белгиленген Дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өткөн маалымат жыйынында тааныштырды.

Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКО) өлүмдүн негизги себеби бойдон калууда: 2021-жылы бардык өлүмдүн 52% түзүп, алардын 80%дан ашыгы жугушстуу эмес оорулар менен байланышкан. Бул көрсөткүчтөрдүн олуттуу бөлүгү эмгекке жөндөмдүү калкка туура келет.

Маселени чечүү үчүн Улуттук кардиология борбору алдын алуу боюнча интеграцияланган моделди киргизди. Ал өз саламаттыгын көзөмөлдөөнүн 8 параметрин камтыйт: тамеки тартуу, тамактануу, физикалдык активдүүлүгү, дене массасынын индекси, кан басым, холестерин деңгээли, кант деңгээли жана сапаттуу уйку.

Check-up модулу мамлекеттик «Түндүк» порталы аркылуу жеткиликтүү мобилдик тиркеме аркылуу жеткиликтүү. Анын жардамы менен кыргызстандыктар өз саламаттыгына байланышкан тобокелчиликтерди баалап, инсульттун, гипертониянын, кант диабетинин жана башка оорулардын алдын алып, ошондой эле жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборуна онлайн жазыла алышат.

Быйыл биринчи жолу Дүйнөлүк жүрөк күнүнүн демилгелерине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана диний окуу жайлар да кошулду. Өлкө боюнча мечиттерде артериялык кан басымды өлчөө пункттары түзүлүп, ЖКО алдын алуу боюнча лекциялар, баяндар, тематикалык семинарлар жана консультациялар өткөрүлмөкчү.

20.09.2025
Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлери Улуттук тазалык күнүнүн алкагында ири ишембилик өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгынын жана Президенттин Администрациясынын тапшырмасынын алкагында өткөн жалпы республикалык ишембиликке өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлер да активдүү катышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы скверди таштандылардан тазалап, көрктөндүрүштү.

Ошол эле учурда өлкөнүн бардык аймактарында министрликке караштуу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарда тазалык иштерин жүргүзүшүп, экологиялык абалды жакшыртууга салым кошушту.

Бул иш-чара саламаттык сактоо кызматкерлеринин коомдук жайлардын тазалыгы жана көрктөндүрүлүшү үчүн жоопкерчилигин жана биримдигин даана көрсөттү.

19.09.2025
Талас облусу медицина кызматкерлерин тартууга аракеттенүүдө: жаңы дарыгерлер ишке киришти

Бишкектен келген дарыгерлердин үй-бүлөсү жана медицина академиясынын бүтүрүүчүлөрү райондук ЖДПБ жана облустук ооруканаларда иштей башташты. Областтын саламаттык  сактоо тармагындагы кадрдык мүмкүнчүлүгү күчөтүлүүдө.

Талас облусунда медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги боюнча маселени чечүү үчүн активдүү кадамдар жасалууда. Бул жылы региондо дарыгерлердин жетишсиздиги 170 адамдын тегерегинде болчу.

Кадр жетишсиздигин чечүү үчүн Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев кошумча жардам чараларын сунуштады. Анын айтымында, облуска иштөөгө келген дарыгерлер негизги айлык маянасынан тышкары 40 миң сомго чейин кошумча төлөм алышат, ал эми медициналык мекемелерде ординатурадан өтүп жаткан клиникалык ординаторлор 12 миң сом өлчөмүндө стипендия алышат.

«Облуста жалпысынан 170 дарыгер жетишпейт. Ошондуктан биз "Алтын Альянс" фондусу менен бирге 200 медицина адистигин окуп жаткан студенттердин окуу акысын төлөп берүүнү сунуштадык. Тилекке каршы, 200 орундун баары толгон жок, быйыл 30га жакын бүтүрүүчү кабыл алынды жана биз аларга ординатураны аяктагандан кийин Талас облусундагы мамлекеттик медицина мекемелеринде беш жыл иштөө талабы менен билим алуусун төлөп берип баштадык. Учурдагы жетишсиздикти чечүү үчүн биз дарыгерлерге 40 миң сом, ал эми клиникалык ординаторлорго 12 миң сом стипендия төлөөнү чечтик. Азыр башка региондордон адистер келе баштады. Мындан тышкары, келген дарыгерлерди турак жай менен камсыздайбыз. Бул чаралардын жардамы менен 4-5 жылдын ичинде областтын кадрдык муктаждыгын жаба алабыз деп ойлойм», — деди Эрмат Джумаев.

31-августтан тартып Манас районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда балдар хирургу Төрөбай Мураталиев жана анын жубайы, неонатолог Айкерим Чонкоева ишке киришти.

Айкерим буга чейин Бишкекте балдар реаниматологу болуп иштечү, азыр Манас районундагы жаңы төрөлгөн наристелерге жардам көрсөтүүдө:
«Биз бул жакка болгону 20 күн мурун келдик. Мурда неонатологдун жоктугунан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын оор учурлары Талас облустук ооруканасына жөнөтүлчү. Азыр биз балдарды өз убагында дарылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. ЖДПБда бардык керектүү жабдыктар бар, анын ичинде фотолампалар, жакында дем алуу көйгөйлөрү бар балдар үчүн толук жабдылган кювез келет. Биз Манас районундагы жашоого жана иштөөгө көнүп калдык. Жаш адистер үчүн аймактарда практикалык тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Мындай тажрыйба өтө баалуу» — деди Айкерим Чонкоева.

Төрөбай Мураталиев өз кезегинде Манас районуна көчүп келүү чечими патриоттук себептерге байланыштуу экенин белгиледи:
«Мен өзүм ушул жердин кулуну болом. Бишкекте иштеп жүргөндө райондук ооруканабызда дарыгерлер жетишпей турганын көрчүмүн, бул дайыма менин зээнимди кейитчү. ЖДПБнын директорунан чакыруу алганда, кайтып келип кичи мекенимде кызмат өтөөнү чечтим. Биз үй-бүлөбүз менен ишибизди, үйүбүздү таштадык, балдарыбыздын мектебин жана секцияларын алмаштырдык, бирок бул кадамды региондун келечеги үчүн жасадык. Алгачкы күндөрү эле үч операция жасадым. Азыр Манас районунун жана бүтүндөй областтын жашоочулары Бишкекке барбай эле жардам ала алышат деп ишенем» — деди Төрөбай Мураталиев.

Манас районунун ЖДП борборунун директору Омурбек Казыбаев адистердин келиши маанилүү экенин белгиледи:
«Бизде 19 дарыгер иштеп, дагы 14 адис жетишчү эмес. Өзгөчө балдар хирургуна зарыл элек. Азыр мындай адистин районго келип иштей башташына кубанып турабыз. Алгачкы бейтаптар башка райондордон да кайрылышты. Албетте, балдар үчүн ИВЛ аппараты сыяктуу кошумча жабдууларга муктаждык бар, аны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн издейбиз» — деди Омурбек Казыбаев.

Азыркы учурда Айтматов районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна психиатр дарыгери жана клиникалык ординатор, ал эми Талас облустук бириктирилген ооруканасына Кыргыз мамлекеттик медицина академиясын бүтүргөн эки жаш невропатолог дарыгер жана төрт интерн келишти.

19.09.2025
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Евразияда коомдук саламаттыкты сактоону интеграциялоо боюнча эл аралык форумду ачты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев «Евразиядагы коомдук саламаттык сактоонун интеграциялык потенциалы: стратегиялар, туруктуу өнүгүү тенденциялары, санариптештирүү, инновациялар жана перспективалар» аттуу эл аралык форумдун ачылышына катышты.

 

18–19-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан форум Туруктуулуктун жылы–2025 жана Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери, академик Омор Касымовдун 70 жылдык мааракесине арналган.

 

Иш-чарада өзгөчө көңүл санариптештирүү, инновациялар жана коомдук саламаттык сактоодогу стратегиялык багыттарга бурулат. Форумга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана АКШдан келген окумуштуулар, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жетекчилиги жана окутуучулары, башка адистер катышууда.

 

Форумдун ачылышында Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Омор Касымовго арналган куттуктоосун, ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун куттуктоосун юбилярга жеткирди.

 

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө Омор Касымовду 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалады. Ал академиктин медицина жана коомдук саламаттык сактоо тармагына Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары да зор салым кошконун баса белгиледи.

 

«Белгилүү болгондой, коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүү – Кыргызстандагы саламаттык сактоо саясатынын артыкчылыктуу багыты. Президент Садыр Жапаров бир нече ирет алдын алуу иш-чаралары дүйнөлүк саламаттык сактоодо башкы тирөөч болуп эсептелерин белгилеген. Президенттин жана өлкө жетекчилигинин колдоосунун аркасында саламаттык сактоо системасында, анын ичинде коомдук саламаттык сактоо жана профилактика тармагында ири реформалар жана өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Президент спортту, дене тарбияны, туура тамактанууну жана дени сак жашоо образын өнүктүрүүгө чоң көңүл бурууда. Өлкө боюнча ооруканалар менен катар спорттук аянтчалар да курулуп, оңдоп-түзөлүүдө», – деди Эркин Чечейбаев.

 

Министр форумдун катышуучулары коомдук саламаттык сактоо системаларын интеграциялоо боюнча жаңы идеяларды сунуштайт деген үмүтүн билдирди.

 

Эки күндүк форумдун жүрүшүндө глобалдык саламаттык сактоого, улуттук долбоорлорго, тамактанууга жана оорулардын алдын алууга арналган пленардык жыйындар, тематикалык секциялар жана мастер-класстар өткөрүлөт.

15.09.2025
Кыргызстандын медициналык кызматкерлеринин делегациясы Казакстандын Жамбыл областында Үй-бүлөлүк медицинанын мыкты тажрыйбалары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган) натыйжаларга негизделген Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын баштапкы медициналык-санитардык жардам (БМCЖ) системасы боюнча делегациясы Казакстан Республикасынын Жамбыл областына иш сапары менен барды. Делегациянын курамында өлкөнүн бардык региондорунан келген 10 БМСЖ жетекчиси, КММАнын жана Кыргых мамлекеттик квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучулары, ошондой эле РДЧжМК борборунун өкүлдөрү болду. Сапар Казакстан Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т. Султангазиеванын чакыруусу менен уюштурулду.

Сапардын негизги багыты — үй-бүлөлүк практика жана Мыкты тажрыйбалар борбору (МТБ). Казакстандын БМСЖ модели үй-бүлөлүк практикага негизделген: үй-бүлөлүк дарыгер көп тармактуу команда менен (медайым, социалдык кызматкер, психолог, Сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу кызматы) иш алып барып, үй-бүлөнү байкоонун бирдиги катары жүргүзөт. Өзгөчө көңүл шаардык жана айылдык МТБ борборлоруна, кызматтарды санариптештирүүгө, бейтаптын электрондук картасына, телемедицинанын колдонулушуна жана профилактикага бурулган.

Улар Батор айылындагы МТБ айылдык амбулаториясынын, Тараз шаарындагы №2 жана №5 бейтапканаларыны мисалында делегация командалык иштин уюштурулушу, бейтаптарды маршрутизациялоо, үзгүлтүксүз скринингдерди жүргүзүү жана тармак аралык кызматташуу (билим берүү мекемелери, МСУ органдары, ЖМК жана бейөкмөт уюмдар) системасы менен таанышты. Ошондой эле «Саламат аул» программасынын ишке ашырылышы өзүнчө изилденди. Бул программа аркылуу алдын алуу иш-чараларынын жеткиликтүүлүгү, массалык скринингдер жана айылдык дарыгерлер менен фельдшерлердин катышуусундагы агартуу иштери камсыздалууда.

Сапардын жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын БМСЖ системасында бир катар чечимдерди пилоттук негизде ишке ашырууга даяр экенин тастыкташты — үй-бүлөлүк практиканын көп тармактуу командасынан баштап, «айылдык МТБ» үлгүлөрүн киргизүү жана санариптик колдоо куралдарын колдонууга чейин. Алынган тажрыйба 2019–2030-жылдарга карата Мамлекеттик «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасынын иш-чаралар планын ишке ашырууда эске алынат (акселераторлордун багыты: айылдык амбулаторияларды жана мыкты тажрыйбалар клиникаларын пилоттук негизде түзүү).

12.09.2025
Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик кызматтардын сапатын баалоо үчүн QR-коддор аркылуу пикир чогултуу системасына кошулду

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү бардык медициналык уюмдарда QR-коддор аркылуу жарандардын пикирлерин чогултуу боюнча бирдиктүү системаны ишке киргизүү демилгесине кошулду.

Эми ар бир бейтап же келген жаран 30 секунд ичинде кызматтын сапатына баа берип, өз сунушун калтыра алат:
📱 телефондун камерасын кире бериште, каттоо жайында же күтүү аймагында жайгашкан QR-кодго багыттоо жетиштүү;
🔗 шилтеме аркылуу өтүп, кыска форманы толтуруу керек (кызматка баа жана сунуштар үчүн аянтча);
📩 билдирүү автоматтык түрдө жооптуу органга жөнөтүлөт, ал эми байланыш маалыматы калтырылса, жооп да берилет.

Бардык билдирүүлөр катталат, каралат жана расмий статус алат. Зарыл болгон учурда чара көрүлүп, жыйынтыгы жарандарга билдирилет.

Система жарандардын пикирлерин ыңгайлуу, ачык жана натыйжалуу кылып берүү үчүн иштелип чыккан. Маалыматтар коопсуз сакталат жана жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык иштетилет.

Министрлик жарандар канчалык активдүү пикир калтырса, саламаттык сактоо системасы ошончолук сапаттуу жана адилеттүү болорун белгилейт.

11.09.2025
Ошто 150 орундуу жаңы перинаталдык борбор курулат: Саламаттык сактоо министрлиги курулуш компаниясы менен келишим түздү

2025-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде «Чайна Роуд» курулуш компаниясы менен Ош шаарындагы Областтар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында Перинаталдык борбор куруу боюнча келишимге кол коюлду. Курулуштун болжолдуу мөөнөтү — 2,5 жыл.

КР Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов белгилегендей:
«Биз подряддык уюмдан бардык техникалык талаптарды жана сапат стандарттарын так сактоону күтөбүз. Куруу иштери жогорку деңгээлде аткарылып, объект белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилүүгө тийиш. Министрлик курулуштун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөйт».

Жаңы борбор 150 орунга эсептелип, анда 60 орун төрөттөн кийинкилерге, 38 орун — кош бойлуулуктун патологиясы бөлүмүнө, 7 орун — чоңдор үчүн жандандыруу бөлүмүнө, 5 орун — калыбына келүү үчүн, 28 орун — жаңы төрөлгөндөрдүн жандандыруу бөлүмүнө, 16 орун — эне-баланын бирге жатуусу үчүн, ал эми төрөт блогуна 12 орун каралган.

Күтүлүп жаткандай, Перинаталдык борбордун курулушу акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапатын жогорулатат жана регионалдык маршрутизация системасын чыңдайт.

Маалымат үчүн: Проект Ош шаарындагы Областтар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында Перинаталдык борборду курууну жана жабдуу менен камсыздоону камтыйт. Анын негизин 2018-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөттөрү кол койгон Финансылык кызматташтык тууралуу келишим түзөт.

11.09.2025
KOICA жана H Robotics Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна заманбап реабилитациялык жабдууларды тапшырды

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда Rebless™ Planar инновациялык реабилитациялык жабдуусун тапшыруу аземи болуп өттү. Жабдуулар гуманитардык линия боюнча KOICA (Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги) жана H Robotics компаниясынын (Корея Республикасы) көмөгү менен алынып келинди. Жабдуунун наркы — 150 миң АКШ доллары.

Rebless™ Planar — неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийинки бейтаптарда кыймыл-аракетти жана күчтү калыбына келтирүү үчүн колдонулуучу жогорку технологиялык робот-тренажёр.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Корея Өкмөтүнө, KOICAга жана H Roboticsке Кыргызстандагы медициналык реабилитацияны өнүктүрүүгө тынбай колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди:
«Бул жабдуу балдардын заманбап калыбына келтирүүчү дарылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтет жана медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатат», — деди министр.

Борбордун директору Шайирбек Сулайманов белгилегендей:
«Роботтук аппараттар жакшы натыйжаларды көрсөттү. Практика бейтаптардын кыймыл функцияларынын жакшырышын, калыбына келүү мөөнөтүнүн кыскаруусун жана жашоо сапатынын жогорулашын тастыктады. 2024-жылы 1000ден ашуун өнөкөт оорулар менен жабыркаган бала реабилитациялык дарылоодон өттү. Жаңы жабдуулар менен балдар үчүн реабилитациялык программалар кеңейет».

Эске салсак, 2024-жылы H Robotics Корея Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар кызматы жана Корея сатып алуулар институту тарабынан каржыланган 20 даана Rebless™ жабдуусун Кыргызстанга өткөрүп берген. Алар ЭжБКУБ, КММАга, Улуттук госпиталга, Жалал-Абаддагы «Бакыт» көп областык реабилитациялык борборуна жана Ысык-Көл областык бириктирилген ооруканасына бөлүштүрүлгөн.

11.09.2025
Эркин Чечейбаев онкологиялык кызматтын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргызстанда Ядролук медицина борбору түзүлөрү тууралуу билдирди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Бишкекте Улуттук борбордун 65 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Министр долбоордун стратегиялык маанисин белгилеп, ал өлкөдөгү онкологиялык кызматтын өнүгүшүндө маанилүү кадам болорун айтты. Ошондой эле долбоорду «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен тез арада ишке ашырууга үмүт артаарын кошумчалады.

Мындан тышкары, индиялык өнөктөштөр менен заманбап жабдууларды — сызыктык ылдамдаткычты жеткирүү боюнча келишимдерге жетишилди. Бул онкологиялык кызматтын техникалык базасын олуттуу түрдө чыңдайт.

Чечейбаев онкологиялык кызмат Кыргызстанда кеңири реформалардан өтүп жатканын, алардын негизги максаты диагностика сапатын жогорулатуу жана бейтаптардын жашоо көрсөткүчүн жакшыртуу экенин белгиледи:
«Биз онкологиялык ооруларды дарылоодо эң алдыңкы технологияларды киргизүүгө умтулабыз», — деди министр.

Конференцияга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева, ошондой эле Беларус, Өзбекстан, Казахстан, Азербайжан, Россия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы онкологдору жана онкологиялык кызматтарынын жетекчилери катышышты.

10.09.2025
Бишкекте Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына арналган мастер-класс өттү

2025-жылдын 10-сентябрында Бишкекте Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына арналган «Онкологиянын жетишкендиктери жана келечеги» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция башталды.

Иш-чаранын алкагында Борбордо мастер-класс өткөрүлүп, анын жүрүшүндө ашказан рагы диагнозу коюлган бейтапка реалдуу убакыт режиминде операция жасалды. Хирургиялык кийлигишүүнү алдыңкы онкохирургдар заманбап ыкмаларды колдонуу менен жүргүзүштү. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери жана окутуучулары, ошондой эле иштеп жаткан дарыгерлер операцияны түз эфирде көрүп, Россия менен Монголиядан келген адистер менен бирге акыркы методикаларды талкуулашты.

65 жылдык ишмердүүлүгүндө Улуттук онкология жана гематология борбору зыяндуу шишиктерди жана кан ооруларын аныктоо, дарылоо тармагында лидер болуп, инновациялык технологияларды жана илимий жетишкендиктерди активдүү киргизип келет. Юбилейге арналган конференция дүйнөлүк деңгээлдеги алдыңкы адистерди чогултуп, онкологиялык жардамдын заманбап тенденцияларын жана келечектеги өнүгүүсүн талкуулоого өбөлгө түздү.