Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

10

12

2025

КР Саламаттык сактоо министрлиги «Сезим» кризистик борборунун пресс-турунда гендердик зомбулукка каршы «16 күн активдүү аракеттер» кампаниясынын алкагында катышты

09.12.2025

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборунда оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы бейтапка сейрек кездешүүчү жогорку технологиялуу операция ийгиликтүү жасалды

09.12.2025

КР Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишин одоно мыйзам бузуу фактылары боюнча токтотту

11.11.2025
«Миссия ДОБРО» кайрадан Кыргызстанда

9–20-ноябрь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында аутизм спектринин бузулуулары (АСБ), балдардын церебралдык шал оорусу жана Даун синдрому бар балдар менен иштеген адистерди колдоого багытталган «Миссия ДОБРО» эл аралык ыктыярчылар программасы өтүүдө.

Кыргызстанга Россиядан төрт тармактык адис келди: балдар психиатры, клиникалык психолог, жүрүм-турум талдоочусу жана дефектолог. Миссиянын алкагында алар дарыгерлер жана педагогдор үчүн тренингдерди өткөрүп, реабилитациялык борборлордо иш алып барып, тегерек столдорго катышып, методикалык жана практикалык колдоо көрсөтүшөт. Окутууга Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун, Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун, «Аяр» майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун, ошондой эле Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборунун адистери катышууда.

Миссия 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун базасында өтө турган жыйынтыктоочу тегерек стол менен аяктайт.

Программа Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Роскызматташтык жана ДОБРО.РФ ассоциациясы тарабынан, «Дени сак үй-бүлө плюс» коомдук фондунун колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. «Миссия ДОБРО» 2021-жылдан бери иштеп келет жана эл аралык гуманитардык кызматташууну, кесиптик тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө багытталган. Бул убакыт ичинде программанын ыктыярчылары 20дан ашуун өлкөдө 10 миңден ашуун адистерге жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүшкөн.

Кыргызстанга бул миссиянын жетиңчи жолу келиши. 2025-жылдын август айында да программаны ыктыярчылары Бишкектеги медициналык мекемелерде иш алып барышкан.

 

07.11.2025
Кыргыз дарыгерлери Кытайда эндоскопиялык хирургиянын заманбап ыкмалары боюнча окуудан өтүшүүдө

Саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарыгерлери Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарындагы Санья клиникасында «Эндоскопиялык хирургия» тема боюнча эки жумалык окуудан өтүп жатышат.

Делегациянын курамында төрт дарыгер жана Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология бөлүмүнүн башчысы бар. Ал кыргыз тараптын аталган программага катышуусун координациялоодо.

Окуу эл аралык тажрыйба алмашуунун алкагында уюштурулуп, адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга, заманбап минималдык инвазивдүү технологияларды өздөштүрүүгө жана медицина тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Программа лекциялардан, мастер-класстардан жана Санья клиникасынын алдыңкы адистеринин жетекчилиги астында өтүүчү хирургиялык операцияларга катышуудан турат. Дарыгерлер эндоскопиялык операциялардын эң жаңы ыкмаларын, ошондой эле операциядан кийинки бейтаптарды кароо жана жогорку технологиялык хирургиялык жардам көрсөтүүнү уюштуруу маселелерин өздөштүрүүдө.

«Кыргызстан медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат. Мындай эл аралык стажировкалар биздин дарыгерлерге дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны үйрөнүүгө жана заманбап технологияларды улуттук практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет», — деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологонов.

Тажрыйба алмашуу медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн хирургиялык кызматын эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

06.11.2025
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары —УКМК төрагасы генерал-полковник К. Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрадан барды

      Бүгүн, 2025-жылдын 5-ноябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК  төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.
      Иш сапарынын жүрүшүндө К.Ташиев борбордун дарыгерлеринин мурда айтылган өтүнүчтөрүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УЗИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдууларды белекке берди.
      Аталган жабдууларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Президентинин стабилдештирүү фондунан 35 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.
      Борбордун дарыгерлери менен жолугушууда К.Ташиев жакында дагы башка кошумча медициналык жабдууларды сатып алууну убада кылды.
      Ошол эле учурда, борбордун дарыгерлери К.Ташиевге ыраазычылык билдиришип, борбор үчүн 180 орундуу (4400 чарчы метр) унаа токтотуучу жай куруп берүүнү, ошондой эле дарыгерлер үчүн бир кызматтык унаа берүүнү суранышты.
      Өз кезегинде К.Ташиев борбордун бейтаптары жана дарыгерлери үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган заманбап унаа токтотуучу жайды тез арада куруп берүүнү жана бир унаа берүүнүн ордуна, борбордун ар бир бөлүмүнө жалпы 10 кызматтык унаа берилээрин убада кылды.
     Мындан тышкары, К.Ташиев өлкөдө саламаттыкты сактоо системалуу түрдө өнүгүп жатканын баса белгиледи: ар кайсы аймактарда жаңы ооруканалар курулуп, медициналык мекемелер модернизацияланып, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн шарттар жакшыртылып жатканы айтылды.
      К.Ташиев ошондой эле келечекте медицина кызматкерлеринин эмгек акысын бир топ жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.
      Иш-чаранын соңунда Улуттук борбордун кызматкерлери саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу жана көңүл буруусу үчүн өлкө жетекчилигине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

06.11.2025
Кыргызстандын балдар онкологдору — дүйнөлүк илимий аренада!

Кыргызстандын балдар онколог дарыгерлер тобунун постердик баяндамасы 2025-жылдын октябрь айында Нидерланд Королдугунун Амстердам шаарында өткөн Эл аралык балдар онкологиясы коомунун (SIOP – International Society of Paediatric Oncology) конгрессинде жарыяланды.

Баяндаманын темасы:
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Эл аралык рак изилдөө агенттигинин (МАИР) биргелешкен «DEDICA» долбоорунун маалыматынын негизинде «Кыргыз Республикасында балдар рагынын кеч диагноз коюлушунун жана дарылоонун кеч башталышынын детерминанттары».

Авторлор:
Камбарова Ж.А., Стамбеков С.А., Идрисова Р., Айдарбекова А.А., Алтымышева А.Т.

SIOP конгресси — дүйнөдөгү балдар онкологиясы боюнча эң ири илимий коом, ал дүйнөнүн бардык бурчундагы дарыгерлерди, изилдөөчүлөрдү жана окумуштууларды бириктирет.

Кыргыз командасынын ишинин эл аралык деңгээлде жарыяланышы — өлкө медицинасы үчүн маанилүү окуя. Бул биздин адистердин жогорку кесипкөйлүгүн жана Кыргызстандын дүйнөлүк балдар онкологиясынын өнүгүшүнө кошкон салымын чагылдырат.

Изилдөө кеч диагноз коюу көйгөйүнө көңүл буруп, онкологиялык оорулары бар балдардын дарылоосуна жеткиликтүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.

05.11.2025
Угуусу бузулган бейтаптарга кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Улуттук госпиталдын базасында Катар Мамлекетинин адистери менен биргеликте кохлеардык имплант коюу операциялары ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Операциялар толугу менен акысыз негизде жасалды. Өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген алты чоң адамга угуу жөндөмүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Операцияларды өткөрүү үчүн керектүү материалдарды катар тарап камсыздады. Улуттук госпиталдын дарыгерлери катарлык кесиптештери менен биргеликте кохлеардык имплантация жаатында өз кесиптик чеберчилигин жогорулатып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Маалымат катары:
Кохлеардык имплантация — бул угуу жөндөмүн олуттуу деңгээлде жоготкон адамдардын угусун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген жогорку технологиялык хирургиялык ыкма.

05.11.2025
Некролог Орозалы Тайтокуровичтин жаркын элесине

Терең кайгыруу менен билдиребиз: 2025-жылдын 5-ноябрында көрүнүктүү дарыгер, педагог, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян университетинин жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын хирургу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагынын отличниги Кочоров Орозалы Тайтокурович дүйнөдөн кайтты.

 

Орозалы Тайтокурович 1957-жылдын 16-апрелинде Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылында төрөлгөн.

1976-жылы Жалал-Абад медициналык окуу жайын аяктап, ошол эле жылы эмгек жолун Кара-Суу райондук борбордук ооруканасында педиатрдын жардамчысы болуп баштаган.

1976–1979-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн.

1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетине тапшырып, 1985-жылы “Дарылоо иши” адистиги боюнча ийгиликтүү бүтүргөн.

1985–1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун жалпы хирургия кафедрасында клиникалык ординатурадан өткөн. Аны аяктагандан кийин 1989-жылга чейин Республикалык клиникалык оорукананын кан тамыр хирургиясы жана ириңдүү хирургия бөлүмдөрүндө дарыгер болуп иштеген.

 

1989–2009-жылдары ириңдүү хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2009-жылы Улуттук госпиталдын хирургия боюнча башкы дарыгеринин орун басары болуп дайындалып, бул кызматты 2017-жылга чейин аркалаган.

 

2002-жылы «Өнөкөт гематогендик остеомиелитти хирургиялык дарылоо» темасында кандидаттык диссертациясын жактаган.

2013-жылы «Жумшак ткандардын жана сөөктөрдүн ириңдүү оорулары менен жабыркаган бейтаптарды хирургиялык реабилитациялоо» темасында доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

 

Жогорку категориядагы хирург О.Т. Кочоров 45 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монографиянын автору болгон. Ал 18 рационализатордук сунуштун күбөлүгүнө жана 1 патентке ээ.

 

Орозалы Тайтокурович Кочоров — ириңдүү ооруларды диагностикалоо жана хирургиялык дарылоо тармагындагы жогорку квалификациялуу адис эле. Ал нечендеген жаш дарыгерлерди тарбиялап өстүргөн, өз кесибине жана бейтаптарына терең берилген инсан эле. Анын салымы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында өчпөс из калтырды. Аны менен иштешкен кесиптештеринин жана шакирттеринин жүрөгүндө анын жаркын элеси түбөлүк сакталат.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын жамааты Орозалы Тайтокуровичтин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөт.

03.11.2025
Абдыкалыков Джалил Абдыкалыковичтин жаркын элесине

Узак жылдар бою саламаттык сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип, элге өзгөчө кызмат кылган ардактуу дарыгер, Панфилов райондук жалпы дарыгерлер борборунун директору Абдыкалыков Джалил Абдыкалыкович 2025-жылдын 3-ноябрында 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Джалил Абдыкалыков 1955-жылдын 2-июнунда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, эмгек жолун Республикалык клиникалык ооруканада баштаган.

1980-жылдан тартып Панфилов районунун саламаттык сактоо мекемелеринде ар түрдүү жооптуу кызматтарды аркалап, невропатолог, психиатр, поликлиника башчысы, башкы дарыгердин орун басары, ал эми акыркы 6 жылдан бери  Панфилов райондук жалпы дарыгерлер борборунун директору болуп эмгектенген. 

Кесибине берилген, жоопкерчиликтүү, боорукер жана тажрыйбалуу жетекчи катары ал кесиптештеринин арасында зор урмат-сыйга ээ болуп, эл саламаттыгын чыңдоого чоң салым кошкон. Ал эми 1995-жылдан бери Панфилов айылдык кеңешинин депутаты катары коомдук иштерге активдүү катышып келген.Талыкпаган эмгеги үчүн “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. 

Джалил Абдыкалыковичтин жаркын элеси, өмүр жолу, эмгек жолундагы ийгиликтери жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы анын жакындарынын жана кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жамааты, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы Джалил Абдыкалыкович үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана жакын санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

03.11.2025
Курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо  боюнча эпидемиологиялык абал

2025-жылдын 44-жумасында (27.10–02.11.25-ж.) оперативдик маалыматтар боюнча республика боюнча жалпысынан 6574 учур КРВИ катталган (интенсивдүүлүк көрсөткүчү – 91,0). Өткөн жума (43-жума, и.к. 92,8) менен салыштырганда көрсөткүч 1,9% га төмөндөдү. Бардык ооругандардын ичинен 63,8% — 14 жашка чейинки балдар (4192 учур) түздү. Ооругандардын 6,7% (441 учур) ооруканага жаткырылгандар.

Республикалык көрсөткүчтөн (и.к. 91,0) жогору деңгээлдеги оорулар төмөнкү аймактарда катталды: Бишкек ш. (197,7), Ош ш. (114,4), Нарын облусу (139,4), Чүй облусу (108,4) жана Ысык-Көл облусу (104,0).

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар (ККРИ) жана сасык тумоого окшош оорулар (СТО) боюнча дозордук эпиднадзор улантылууда.

Эпидемиялык сезон башталгандан бери (40-жума, 29.09–05.10.2025-ж.) бүгүнкү күнгө чейин сасык тумоо вирусу аныктала элек.

Учурда курч респиратордук вирустук инфекциялардын айлануусу байкалууда, алардын ичинен аденовирус – 34,8% (8 учур), риновирус – 30,4% (7 учур), парагрипп I–IV – 17,4% (4 учур), башкалары – 17,4% (4 учур) түзөт.

COVID-19 боюнча мониторинг да уланууда. 44-жума ичинде бул оорунун учурлары катталган жок.

 

Сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялардан сактануу боюнча кеңештер:

  • Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңузду жана мурунду салфетка же чыканактын ички бөлүгү менен жабуу;
  • Организмди суукка же ашыкча ысыкка алдырбоо;
  • Өзүңүздү начар сезсеңиз же сасык тумоонун белгилери байкалса — үйдө калуу;
  • Санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо: колду дайыма жууп туруу, бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо жүргүзүү ж.б.;
  • Окуу жана эс алуу режимин сактоо: таза абада сейилдөө, жетиштүү уйку жана туура тамактануу;
  • Таңкы гимнастика жасап, дене тарбия менен машыгуу;
  • Бала ооруп калса — толук айыкканга чейин мектепке же бала бакчага жибербөө жана үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;
  • Эл көп жерде беткап тагуу жана социалдык аралыкты сактоо.

КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбастан, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.

 

03.11.2025
Кыргызстан «Бирдиктүү ден соолук» программасын ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүштү

Кыргызстанда пандемияларды алдын алуу, азык-түлүк системаларынын туруктуулугу жана экосистемалардын саламаттыгы боюнча Борбордук Азиядагы «Бирдиктүү ден соолук» программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Программанын талкуусу 2025-жылдын 29–30-октябрында Душанбе шаарында өткөн регионалдык конференциянын алкагында болду.

Конференцияда кыргыз тарап өлкөдө кабыл алынган «Бирдиктүү ден соолук» программасы боюнча улуттук координациялык механизмди сунуштады. Белгиленгендей, Кыргыз Республикасы саламаттык сактоо тутумундагы мүмкүн болуучу чакырыктарга — ар кандай оорулардын жана пандемиялардын чыгышына даярдык көрүү жана жооп кайтаруу үчүн «Бирдиктүү ден соолук» ыкмасын ишке ашыруу боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатат.

Ошондой эле Кыргызстан бул жааттагы өзүнүн мыкты тажрыйбасы менен бөлүштү.

Конференциянын жүрүшүндө «Бирдиктүү ден соолук» программасынын Регионалдык координациялык кеңеши (РКК) түзүлүп, анын теңтөрагасы болуп Кыргыз Республикасы тандалды. Программаны ишке ашыруу боюнча РККнын алгачкы жыйынынын протоколуна кол коюлду. Алдыдагы аракеттер адамдын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгын чыңдоого, азык-түлүк системаларынын туруктуулугун камсыздоого жана экосистемаларды коргоого багытталат. Бул максаттар регионалдык деңгээлдеги бирдиктүү ыкманын алкагында ишке ашырылат.

Борбор Азия өлкөлөрү адамдарга жана жаныбарларга тең таасир этүүчү (зооноздук) патогендердин пайда болушу жана кайра чыгышы, микробго каршы каражаттарга туруктуулук (МКТ) жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу олуттуу ден соолук тобокелчиликтерине туш болууда. Региондогу жүргүнчүлөрдүн агымынын жана айыл чарба продукциясынын соодасынын өсүшү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө, бирок ден соолук үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерди жоюу зарыл. Ошондой эле жапайы жаныбарлардын миграциялык жолдору, жердин деградациясы жана климаттын өзгөрүшү ден соолукка болгон коркунучтарды күчөтүүдө. Азыркы тапта региондо зооноздор, МКТ жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча натыйжалуу институттук механизмдер жана кызматташуу инфраструктурасы жетишсиз.

«Бирдиктүү ден соолук» ыкмасы — бул адамдын, жаныбардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгынын өз ара тыгыз байланышын тааныган биргелешкен, көп тармактуу түшүнүк. Ал дарыгерлердин, ветеринарлардын, экологдордун жана саясатчылардын күч-аракетин бириктирип, ден соолукка коркунуч жараткан факторлордун алдын алууга жана аларга жооп берүүгө көмөктөшөт. Айрыкча адамдар менен жаныбарлардын ортосунда жугуучу ооруларга, мисалы COVID-19, куш тумоосу, кутурма сыяктуу зооноздук ооруларга каршы аракеттенүүнү колдойт.

2023-жылдын ноябрында Дүйнөлүк банк жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо, айыл чарба жана жаратылыш тармактарынын өкүлдөрү «Бирдиктүү ден соолук» боюнча регионалдык иш-аракеттердин алкагын жактырышкан. Бул документ көп тараптуу кызматташтыктын пайдубалын түздү.

Душанбедеги конференция Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуз, ден соолугу чың жана туруктуу келечек үчүн биргелешкен аракеттерге берилгендигин дагы бир жолу ырастап, регионалдык кызматташууну, илимий өз ара аракеттенүүнү жана климат менен саламаттыкты сактоо боюнча глобалдык артыкчылыктарга шайкештикти бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

03.11.2025
Кыргызстанда иммунизациялоо программасын жакшыртуу үчүн маалыматтарды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу

2025-жылдын 28-октябрынан 3-ноябрына чейин Бишкекте маалыматтарды талдоо жана колдонуу боюнча адистердин потенциалын өнүктүрүүгө багытталган бир катар тренингдер өтүп жатат. Тренингдер Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) техникалык колдоосу менен уюштурулду. 

Катышуучулар иммундаштырууну камтууну, байкоо жүргүзүүнү жана демо маалыматтар топтомдору менен иштешип, программанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн далилдерге негизделген чечимдерди иштеп чыгышты. Сессиялар пландаштырууну, мониторингди жана маалыматтарга негизделген чечимдерди кабыл алууну камтыды, айрыкча кызамык сыяктуу вакцина менен алдын алууга боло турган ооруларга каршы күрөшүүгө басым жасалды.

30–31-октябрда улуттук деңгээлдеги саламаттыкты сактоо кызматкерлери аймактык жана райондук деңгээлде маалыматтарды талдоо жана триангуляция боюнча практикалык тренингден өтүшөт. Окутуу сериясы 3-ноябрда кызамыктын тобокелдигин баалоо куралы (MRAT) боюнча сессия менен аяктайт, ал эксперттерге жогорку тобокелдик аймактарын аныктоого жана алдын алуу чараларын иштеп чыгууга жардам берди.

«Ишенимдүү жана кылдат талданган маалыматтар натыйжалуу иммундаштыруу программаларынын негизи болуп саналат», - деп белгиледи ДССУнун иммундаштыруу боюнча техникалык кызматкери доктор Жанара Бекенова. «Саламаттыкты сактоо адистеринин маалыматтарды чечмелөө жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү менен, Кыргызстан бардыгы үчүн натыйжалуу иммундаштыруу кызматтарын көрсөтүүгө жакшыраак даярданат».

Бул тренингдер ДССУнун маалыматтардын сапатын, иммундаштырууну камтууну жана байкоо системаларынын натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз колдоосунун бир бөлүгү болуп саналат, ошону менен 2030-жылга чейинки иммундаштыруу күн тартиби (IA2030) глобалдык максаттарына жетүүгө салым кошот.

01.11.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк трансплантациялоодо генетикалык тестирлөө системасы киргизилүүдө

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында биринчи жолу бөйрөк трансплантациясында иммунологиялык тестирлөө методикасы ишке киргизилүүдө.

Иммунологиялык изилдөө донор менен реципиенттин HLA (Human Leukocyte Antigens) системасы боюнча гисто шайкештигин аныктоого, белгилүү донордун клеткаларына реакция кылуучу антителолорду аныктоо үчүн “crossmatch” тестин жүргүзүүгө, ошондой эле бейтаптын сезимталдык деңгээлин чагылдырган PRA көрсөткүчүн эсептөөгө багытталган. Бул изилдөөлөр заманбап трансплантологиянын негизги элементи болуп саналат жана донорду жекече тандоого, органды четке кагуу коркунучун алдын ала баалоого жана иммуносупрессивдик дарылоону тууралоого мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада курч жана өнөкөт четке кагуу учурларынын саны кыскарып, трансплантацияланган бөйрөктүн иштөө мөөнөтү узарат.

Генетикалык тестирлөө системасын жолго коюу улуттук саламаттык сактоо системасы үчүн стратегиялык мааниге ээ. Келечекте бул трансплантациялык коопсуздук системасын түзүүнүн негизин түзөт, чет өлкөлүк лабораторияларга болгон көз карандылыкты азайтып, клиникалык чечимдерди кабыл алуу процессин тездетет жана элдин улуттук медицинага болгон ишенимин арттырат. Ошондой эле бул кадам эл аралык сапат стандарттарына шайкештикти камсыз кылат.

Ошол эле учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кезектеги — 36-бюджеттик бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдү. Реципиент — 2009-жылы туулган С.Ж., ал 2025-жылдын июнь айынан бери өнөкөт гемодиализде болгон. Донор — анын энеси, 1984-жылы туулган Э.Б. Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Учурда борбордун лабораториясында “донор–реципиент” жуп боюнча HLA-изилдөө жүргүзүлүп, натыйжалары референс-лабораториянын маалыматтарына толугу менен дал келген. Бул жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн сапаты жана ишенимдүүлүгү жогорку деңгээлде экенин ырастайт.

Борбордун адистери белгилешкендей, бул долбоор Кыргызстанда заманбап трансплантологияны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, системалуу жана узак мөөнөттүү негизде ишке ашырылат.

01.11.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катар мамлекетинен келген хирургдар тобу угуу бузулуусу бар балдарга операция жүргүзүүдө

2025-жылдын 30-октябрынан тартып Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында Катар Мамлекетинин дарыгерлеринин кайрымдуулук миссиясы башталды. Алты жогорку квалификациялуу хирургдан турган топ угуу бузулуусу бар балдарга кохлеардык имплант коюу операцияларын жүргүзөт.

Бул миссия Катар Мамлекетинин Өкмөтүнө караштуу Кайрымдуулук жана ислам иштери боюнча министрлик менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 64 бала медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, аларга кохлеардык имплант коюу үчүн тандалып алынды.

Катар тарап импланттарды сатып алууну жана хирургиялык операцияларды жүргүзүүнү толук каржылайт, ошондой эле кыргыз хирургдарын жана орто медициналык кызматкерлерди окутууну камсыздайт. Мындан тышкары, балдардын операциядан кийинки реабилитациясына байланышкан чыгымдарды да Катар өз мойнуна алат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кохлеардык имплантация операциялары 2020-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бул убакыт аралыгында 200дөн ашуун баланын угуу жөндөмү калыбына келтирилди. Эл аралык кызматташуу жана тажрыйба алмашуунун аркасында Кыргызстандагы угуу жөндөмдүүлүгүндө бузулуусу бар балдар үчүн жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жогорулап жатат.

31.10.2025
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри ДССУнун 75-сессиясынын алкагында Швеция делегациясы менен жолугушуу өткөрдү

Копенгаген шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 75-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Швециянын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар санариптик саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Анын ичинде нормативдик-укуктук базаны өнүктүрүү, киберкоопсуздукту камсыздоо жана саламаттык сактоодо жасалма интеллектке негизделген чечимдерди колдонуу маселелери каралды.

Министр диалогду улантууга даяр экенин белгилеп, швед кесиптештерине ачык диалог жана тажрыйба алмашууга болгон умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ДССУ – бул саламаттык сактоо тутумдарын чыңдоо максатындагы эл аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү аянтчасы болуп саналарын белгиледи.

30.10.2025
Кыргызстан санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект боюнча ДССУ менен кызматташууну бекемдейт

Копенгагенде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа региону боюнча 75-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ДССУнун Европа регионалдык бюросунун санарип саламаттык сактоо боюнча кеңешчиси Дэвид Новилло менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына жасалма интеллект жана санариптик чечимдерди киргизүү демилгесин колдоого, анын натыйжалуулугун жогорулатууга жана медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга даяр экендигин билдиришти.

Ошондой эле тараптар санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу, санариптик технологияларды коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонуу, ошондой эле ДССУнун Европа регионуна кирген өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Бул аракеттер Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы санариптик трансформациясын тездетүүгө багытталган.

Жолугушууда эки тарап өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилешти. 

ДССУ Кыргызстандын санарип саламаттык сактоо жаатындагы улуттук артыкчылыктарын колдоого даяр экенин билдирди. Министр Эркин Чечейбаев бул өнөктөштүк Кыргыз Республикасы менен ДССУнун туруктуу жана жемиштүү кызматташтыгынын дагы бир далили экенин, заманбап, туруктуу жана бейтаптын муктаждыгына ылайык уюштурулган саламаттык сактоо системасын түзүүдө маанилүү кадам болуп жаткандыгын баса белгиледи.

 

29.10.2025
Кыргызстан ДССУнун Европа аймактык комитетинин 75-сессиясында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу тажрыйбасын сунуштады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев 2025-жылдын 28–30-октябрында Даниянын Копенгаген шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 75-сессиясына катышууда.

Өз сөзүндө министр өлкөдө жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматтарды ббаштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде интеграциялоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Ал бул багыт Саламаттык сактоо министрлигинин негизги артыкчылыктарынын бири болуп каларын жана ДССУ менен кызматташуунун маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи.

Гипертония жана диабетти эрте аныктоого жана көзөмөлгө алууга, жөнөкөйлөтүлгөн клиникалык протоколдорду киргизүүгө, медайымдардын ролун кеңейтүүгө, медициналык жардамдын сапатын мониторингдөө үчүн санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

ДССУнун 2026–2030-жылдарга карата жаңы Европа программасында каралган адилеттүүлүк, инновациялар жана тармактар аралык өз ара аракеттенүү принциптери Кыргызстандагы ЖЭО боюнча улуттук стратегияда да чагылдырылды.

Министр дени сак жашоо образын жайылтууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бейтаптар уюмдарынын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, ден соолукка терс таасир эткен коммерциялык детерминанттарга каршы биргелешип күрөшүүнүн зарылдыгын баса көрсөттү.

29.10.2025
Курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо  боюнча эпидемиологиялык абал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республикада сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын  эпидемиялык абалы туруктуу экенин  билдирет.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын 43-жумасында (20.10.-26.10. 2025-жыл) республикада курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) 6699 учуру катталган (инт.көрсөткүч 92,8), бул мурунку жумага салыштырмалуу 13,9% га көп (42-жума, инт.көрсөткүч 81,5). Бардык учурлардын ичинен 64,6% 14 жашка чейинки балдар (4329 учур). Ооруканага жаткырылгандар 6,7% (452 учур).

Бишкек (193,1), Ош (148,2), Нарын (190,1) жана Чүй (103,7) аймактарында оорунун көрсөткүчтөрү республикалык орточо көрсөткүчтөн (и.к. 92,8) жогору болгон. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекцияларды жана сасык тумоого окшогон ооруларды көзөмөлдөө уланууда.

Эпидемиялык сезон башталган 40-жумадан бери (29.09.-05.10.2025ж.) бүгүнкү күнгө чейин сасык тумоо вирустары чыккан эмес.

Курч респиратордук вирустук инфекциялардан аденовирус (8 учур) басымдуулук кылып, учурлардын 34,8%ын, риновирус (7 учур) 30,4%ын, парагрипп вирустары I-IV (4 учур) 17,4%ын жана башка вирустар (4 учур) 17,4%ын түзөт.

Сасык тумоо оорусунун оор учурларын алдын алуу үчүн, Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 63 734 доза вакцина сатып алган. Вакцина азыр аймактарга таратылып, профилактикалык эмдөө иштери башталды. Эмдөөлөр Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлүп жатат жана тобокелдик тобундагы адамдардын арасында жүргузүлөт, алар: өнөкөт оорулары барлар, көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан жогорку адамдар жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери. 

Сасык тумоого каршы эмдөө алууну каалагандар, вакцинаны төмөнкү жеке медициналык борборлордон акы төлөп ала алышат: «Цадмир», «Кроха», «Малыш», «Интермедикал», «Комфортмедик», «Поликлиника 312», «Чипенко», баасы 400-1000 сомдун тегерегинде.

 

Сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялардан сактануу боюнча кеңештер:

  • Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңузду жана мурунду салфетка же чыканактын ички бөлүгү менен жабуу;
  • Организмди суукка же ашыкча ысыкка алдырбоо;
  • Өзүңүздү начар сезсеңиз же сасык тумоонун белгилери байкалса — үйдө калуу;
  • Санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо: колду дайыма жууп туруу, бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо жүргүзүү ж.б.;
  • Окуу жана эс алуу режимин сактоо: таза абада сейилдөө, жетиштүү уйку жана туура тамактануу;
  • Таңкы гимнастика жасап, дене тарбия менен машыгуу;
  • Бала ооруп калса — толук айыкканга чейин мектепке же бала бакчага жибербөө жана үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;
  • Эл көп жерде беткап тагуу жана социалдык аралыкты сактоо.

КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбастан, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.

 

28.10.2025
Медициналык буюмдарды чекене сатуу боюнча лицензиялоо зарылчылыгы жөнүндө кулактандыруу

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык буюмдарды чекене сатуу менен алектенген ишкерлерди (анын ичинде оптика дүкөндөрү жана угуу аппараттарын сатуу борборлору) ушул иштин милдеттүү түрдө лицензияланышы боюнча мыйзам талаптары күчүнө киргенин маалымдайт.

Бул талап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Айрым иш түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомунда бекитилген. Аталган токтомдун 25-бөлүмүнүн 175-пунктуна ылайык, медициналык буюмдарды чекене сатуу лицензиялоого тийиш болгон иш түрүнө кирет.

Лицензиянын негизинде сатылышы керек болгон медициналык буюмдарга, атап айтканда: көз айнектер, контакттык линзалары, угуу аппараттары жана Кыргыз Республикасында медициналык буюм катары катталган башка буюмдар кирет.

Негизги жоболор:

  • Медициналык буюмдарды чекене сатуу ишин мыйзамдуу жүргүзүү үчүн белгиленген үлгүдөгү лицензия талап кылынат.
  • Лицензияларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги берет.
  • Лицензиясыз иш жүргүзүү мыйзам бузуу болуп саналат жана административдик жоопкерчиликке алып келет.

Саламаттык сактоо министрлиги ишкерлерге төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • Министрлер Кабинетинин № 678 токтому жана айрым иш түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Жобонун талаптары менен таанышып чыгуу; Документке шилтеме.
  • Документтер пакетинин тизмеси жана арыз тапшыруу тартиби боюнча кеңеш алуу үчүн алдын ала Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо бөлүмүнө кайрылуу.

Лицензияны өз убагында алуу ишмердүүлүктү мыйзамдуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, айып санкцияларынан сактанууга жана медициналык буюмдарды жүгүртүү тармагындагы мыйзам талаптарын аткарууга өбөлгө түзөт.

Кеңеш алуу үчүн байланыш:
Аман Осмонов
Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы
тел.: +996 553 301 271
W/A: +996 773 009 099

27.10.2025
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нургуль Аднаева УКжТда санариптик чечимдердин ишке киргизилиши менен таанышты

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургуль Аднаева академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда көчмө кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө министрдин орун басары медициналык мекеменин ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин санариптик чечимдеринин киргизилиши боюнча маалымат алып, техникалык жана уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер талкууланды.

Айрыкча «Sanarip Clinic» медициналык маалыматтык системасынын иши өзгөчө белгиленип, анын негизги модулдары — амбулатордук жана стационардык карталар, бейтаптардын регистрлери, онлайн каттоо тутуму жана сапатты контролдоо модулу — каралды.
Стационардык карталарды туура толтуруу, бейтаптарды бөлүмдөр ортосунда багыттоо механизмдери жана профилдик кызматтардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен үлгүлөрдү ыңгайлаштыруу маселелери талкууга алынды.

Ошондой эле «ILAB» лабораториялык маалыматтык системасын киргизүү аспектилери каралды. Мекеменин иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен маалымат алмашууну оптималдаштыруу жана системаны техникалык жактан өркүндөтүү зарылчылыгы белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгында санариптик чечимдерди ишке киргизүү медициналык документтерди сапаттуу жүргүзүүгө, маалымат алмашуунун ылдамдыгын жогорулатууга жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн ачыктыгын камсыздоого өбөлгө түзөрү баса белгиленди.

25.10.2025
Саламаттык сактоо министри «Арашан» ЖДПБнын иши менен таанышты жана медициналык кызматтардын сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Бүгүн, 25-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев «Арашан» жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) барып, мекеменин ишмердүүлүгү, бейтаптарга түзүлгөн шарттары, инфраструктуранын абалы жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө министр стационардык бөлүмдөрдү, амбулатордук блокту жана адистердин кабинеттерин көрүп чыкты.
ЖДПБда 50 керебеттик стационар бар, анын 25и — чоңдорго, 25и — балдарга арналган.

Мекеме жетекчилигинин маалыматына ылайык, борбордун жылдык бюджети 120 млн сомду түзүп, ал каражат ишмердүүлүктү камсыздоого, персоналдын эмгек акысын төлөөгө жана материалдык-техникалык базаны жакшыртууга багытталууда.

Министр инженердик системаларды модернизациялоо боюнча долбоорлор менен да таанышты. Атап айтканда, жылуулук насосторун пайдаланууга өтүү — жылытуу жана эксплуатация чыгымдарын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Жетекчилик белгилегендей, жылытууда үнөм болжол менен жылына 1,5 млн сомду түзөт, ал эми тазалоо курулмаларын орноткондон кийин кошумча 2 млн сомго чейин үнөм болушу мүмкүн.

Министр өзгөчө көңүлүн тамактандыруу бөлүмүнүн ишине жана бейтаптарды азыктандыруунун уюштурулушуна бурду.
Ал рацион белок, май жана углеводдордун катышы боюнча балансталган болушу керектигин, тамак-аштын сапаты жана коопсуздугу мекеме администрациясынын туруктуу көзөмөлүндө турушу зарылдыгын белгиледи.

«Тамактандыруу — дарылоонун бир бөлүгү. Центрдин жетекчилиги бул маселени жеке көзөмөлгө алып, бейтаптарга толук кандуу жана пайдалуу менюну камсыздоого тийиш», — деди Эркин Чечейбаев.

Жетекчилик жана дарыгерлер менен болгон жолугушууда кадрдык жетишсиздик, адистерди кайра даярдоону күчөтүү зарылдыгы, ошондой эле эски имараттардын айрымдары санитардык жана курулуш нормаларына туура келбей турганы тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Министрдин айтымында, жаңы салынчу жана модернизациялануучу объекттердин долбоорлорун министрлик менен макулдашуу абдан маанилүү — мурдагыдай пландаштыруу каталарын кетирбөө үчүн.

«Биз заманбап талаптарга жооп берген - ыңгайлуу коридорлору, жеткиликтүү чөйрөсү, рационалдуу пландаштырылган жана бейтаптар менен дарыгерлер үчүн комфорт түзүлгөн мекемелерди курууга тийишпиз», — деп белгиледи ведомствонун жетекчиси.

 

 

25.10.2025
Саламаттык сактоо министри өлкөдө реабилитациялык кызматты өнүктүрүүнү күчөтүүнү тапшырды

Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү институтуна болгон сапарынын жүрүшүндө Эркин Чечейбаев калыбына келтирүүчү дарылоо медициналык жардамдын ажырагыс бөлүгү болуп, адамдарды толук кандуу жашоого кайтаруунун маанилүү куралы болушу керектигин баса белгиледи.

Бүгүн, 2025-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтуна иш сапары менен барды. Бул мекеме — өлкөдөгү калыбына келтирүүчү жардам көрсөтүү жана курортология, реабилитация жаатында илимий иштерди жүргүзүү боюнча алдыңкы борборлордун бири болуп саналат.
Сапардын жүрүшүндө министр институттун негизги бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып, неврология, вертеброневрология, ортопедия жана калыбына келтирүү боюнча бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Бул жерде инсульттан, жаракаттан, операциядан кийин дарыланып жаткан бейтаптар, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын жана неврологиялык оорулары бар адамдар реабилитациядан өтүшөт.
Министр мекеменин илимий жана усулдук ишине өзгөчө көңүл буруп, институт реабилитация жана калыбына келтирүү тармагында компетенциялар борбору катары иш алып барып, аймактык борборлорго илимий-усулдук жардам көрсөтүшү керектигин белгиледи.
«Институт жөн гана дарылоо базасы болбошу керек, ал өлкөдөгү бардык реабилитациялык кызматтарды бириктирип, багыттап турган илимий-усулдук жана билим берүү борбору болушу зарыл», — деди Эркин Чечейбаев.
Министр белгилегендей, системалуу түрдө реабилитацияны өнүктүрүү, илимий потенциалды интеграциялоо жана заманбап ыкмаларды киргизүү институттун негизги багыттары болушу керек. Ал ошондой эле аутизм спектринин бузулуусу (АСБ) бар балдар үчүн реабилитациялык программаларды өнүктүрүү зарыл экенин баса белгилеп, бул багытка өзгөчө көңүл буруу жана илимий негизделген ыкмаларды колдонуу керектигин айтты.
«Реабилитацияны кошумча кызмат катары кабыл алган мамиледен кетишибиз керек. Бул — заманбап дарылоонун ажырагыс бөлүгү. Мамлекеттик мекемелердин максаты — адамды айыктыруу менен гана чектелбестен, аны толук кандуу жашоого кайтаруу болушу керек», — деп белгиледи министр Эркин Чечейбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө башка реабилитациялык борборлорго усулдук жардам көрсөтүү, адистерди окутуу системасын жаңылоо жана бирдиктүү илимий-практикалык платформа түзүү маселелери талкууланды.
Сапардын жыйынтыгында министр тарабынан бир катар тапшырмалар берилди:
• Реабилитацияны өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгууга активдүү катышуу. Азыркы учурда бул документти Саламаттык сактоо министрлиги даярдап жатат.
• Институт өзүнүн илимий жана практикалык сунуштарын, усулдук материалдарын жана эксперттик баамдарын киргизип, реабилитациялык кызматты өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жана максаттуу көрсөткүчтөрүн аныктоого көмөк көрсөтүшү керек.
• Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо боюнча илимий изилдөөлөрдү активдештирүү, заманбап реабилитациялык ыкмаларды киргизүү.
• Реабилитация боюнча адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде балдар жана нейрореабилитация багыттары боюнча билим берүү иштерин уюштуруу.
«Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунун мүмкүнчүлүгү чоң. Анын активдүүлүгүнөн өлкөдөгү реабилитациялык жардамдын өнүгүшү көз каранды. Министрлик тараптан колдоо болот, бирок ал демилге, жыйынтык жана системалуу иш менен коштолушу керек», — деп белгиледи министр Эркин Чечейбаев.