Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
09.12.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишин одоно мыйзам бузуу фактылары боюнча токтотту
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги республика боюнча жеке менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдарга масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүздү. Бул көзөмөл иш-чаралары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын күчөтүү жана лицензиялоо-уруксат берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын бекемдөө максатында уюштурулду. Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» жана «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдары негиз болду.
Жалпысынан 541ден ашык жеке медициналык уюм текшерүүгө алынган. Алардын ичинен 246сы же 45,5%ы жарактуу лицензиясы жок иш жүргүзүп келгени аныкталды. Лицензиясы бар 295 субъекттин ичинен 110унда лицензиялык талаптарды бузуу фактылары табылды. Аларга төмөнкүлөр кирет: лицензияда каралбаган багыттар боюнча медициналык кызмат көрсөтүү, кызматкерлерде тиешелүү сертификаттардын, аттестациянын жана профилдик билимин жоктугу, медициналык билими жок адамдарды жумушка тартуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана инфекциялык көзөмөлдүн сакталбашы, шаймандарды туура эмес стерилизациялоо, каттоого алынбаган дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды, анын ичинде өзгөчө көзөмөлгө алынуучу каражаттарды туура эмес сактоо жана колдонуу.
Аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча административдик чаралар көрүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 20 млн 740 миң сомдон ашты. 263 медициналык уюмдун иши токтотулду, ал эми 246 мыйзамсыз медициналык иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын лицензиясы жок медициналык мекемелерге кайрылуусу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурарын баса белгилейт. Анткени профилдик билими жана тиешелүү уруксаты жок адамдар көрсөткөн кызматтар оор кесепеттерге, анын ичинде инфекцияларга, медициналык манипуляцияларды туура эмес жасоого жана бейтаптардын ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
КР Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды жана өлкө конокторун медициналык жардамды расмий уруксаты бар лицензияланган медициналык уюмдардан гана алууга чакырат. Лицензиясынын бар-жогун, ошондой эле лицензияланган субъекттердин тизмеси жана көрсөтүлгөн кызматтар менен министрликтин расмий сайтындагы «Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо» бөлүмүнөн — med.kg/lisenzirovanie — таанышууга болот.
08.12.2025
Бишкекте КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү: саламаттык сактоо министринин м.а. Шаардык балдар клиникалык ооруканасына пландан тышкары барды
Бүгүн, 2025-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин м.а. Каныбек Досмамбетов Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барып, клиникалык-диагностикалык бөлүмдүн иши, бейтаптарды кабыл алуу тартиби жана КРВИ менен сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу абал менен таанышты. Кабыл алууну күтүп турган адамдардын көптүгүн көргөн министр бейтаптардын тыгыз топтолушу кошумча жугузуу коркунучун жаратарын, ошондой эле ата-энелер менен балдар үчүн, жогорку жүктөмдө иштеп жаткан медициналык кызматкерлер үчүн да ыңгайсыздык түзөрүн белгиледи.
Иш сапарынын алкагында министрдин м.а. профилдик башкармалыктардын адистери, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы адистери, ошондой эле Улуттук эне жана балдарды коргоо борбору менен Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчилери катышкан жыйынды өткөрдү. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык абал, оорулуулардын өсүү динамикасы жана ыкчам чаралар талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында министрдин м.а. Каныбек Досмамбетов стационарлардын жүгүн азайтууга, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана бейтаптар менен медицина кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди. Саламаттык сактоо министрлигинин алдында сутка бою иштей турган Ситуациялык борбор түзүүнү тапшырды. Борбор эпидемиологиялык кырдаалды, калктын кайрылууларын жана ооруканалардын жүктөлүшүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, өз убагында чечим кабыл алууну камсыздай турганы белгиленди.
Министр Улуттук эне жана балдарды коргоо борборунун жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын базасында бөлүмдөрдү убактылуу кайра багыттоо аркылуу кошумча 200 керебет жайгаштырууну тапшырды. Бул чара Бишкек шаардык клиникалык тез жардам балдар ооруканасынын ашыкча жүктөлүшүн алдын алууга жана жардамга муктаж балдарга өз учурунда кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жумушун жеңилдетүү максатында Бишкек шаарындагы баштапкы звенодон 10 педиатрды убактылуу стационарга жөнөтүү тапшырылды. Бул кабыл алуу бөлүмүнүн ишин күчөтүүгө жана бейтаптардын агымын туура уюштурууга жардам берет. Ошондой эле Балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын аймагында эки көчмө клиника жайгаштыруу тапшырылды. Бул жеңил формадагы КРВИ менен кайрылган балдарды ыкчам кабыл алууга, негизги корпустагы кезекти азайтууга жана кайрылгандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
«Бүгүн биздин негизги милдет - сезондук оорулардын өсүү шартында балдарга өз учурунда жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү. Биз алдын ала чара көрүп, дарыгерлердин жүгүн азайтууга жана калк үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Ситуациялык борбордун түзүлүшү, телемедицинанын күчөтүлүшү, кошумча керебеттердин жайгаштырылышы жана адистерди тартуу — бул кырдаалды турукташтырууга жана ишибиздин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген кадамдар», — деп баса белгиледи КР Саламаттык сактоо министринин м.а. Каныбек Досмамбетов.
Белгилеп кетсек, 49-жумада (1–5 декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 42 561 учуру катталды. 48-жумага салыштырмалуу оорулуулардын өсүшү 15,3% түздү (48-жумада 37 066 учур). Бардык катталган бейтаптардын 72,1% -14 жашка чейинки балдар (15 029 учур).
04.12.2025
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк Банктын саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маселелери боюнча миссиясы менен жолугушту
Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 3-декабры. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү – Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл жана Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча улук адис, Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Мохини Как менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча программаны ишке ашыруунун орто аралык жыйынтыктарын, ошондой эле анын камтуу чөйрөсүн кеңейтүү, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Кадрдык потенциалды өнүктүрүү, жеке секторду тартуу, балдардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды күчөтүү, анын ичинде курамында кант бар суусундуктардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Эдил Байсалов саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп саналарын баса белгиледи.
«Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын бекитти, анда адамдык капиталды өнүктүрүүгө өзгөчө орун берилген. Жакынкы жылдары саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдардын үч эседен ашык көбөйүшүн күтүп жатабыз. Кийинки жылы эле медицина кызматкерлеринин эмгек акысы кыйла жогорулайт, ал эми Бишкек шаарында да, аймактарда да заманбап медициналык инфраструктураны курууга болуп көрбөгөндөй мамлекеттик инвестициялар багытталат. Президент саламаттыкты сактоо тармагына мамлекеттик мамилени түп-тамырынан бери жаңылоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу милдетин коюп, жаңы саламаттыкты сактоо министрин дайындады Биз Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык өнөктөштөр менен биргелешип иштөөнү мындан ары да бекемдөө жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн ийгиликтүү кызматташууну улантууга үмүттөнөбүз", - деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө, кадрдык потенциалды бекемдөөгө жана жалпы саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган реформаларга эксперттик жана финансылык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырасташты.
02.12.2025
Сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана учурдагы эпидемиологиялык абал жөнүндө маалымат
2025-жылдын 2-декабрында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин базасында республикадагы сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо боюнча ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгында билим берүү уюмдарында алдын алуу иш-чараларын жана мониторингди мындан ары күчөтүү, ошондой эле калкка алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берүүнү активдештирүү чечими кабыл алынды. Ыкчам штаб Райондор аралык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна алдын алуу иштерин бала бакчалар жана мектептер арасында гана эмес, соода борборлорунда, айрыкча балдар ойноочу жайлары бар жерлерде күчөтүүнү сунуштады. Оорунун интенсивдүү өсүшү сакталган учурда балдар көп чогулган жерлерде убактылуу чектөө жана карантиндик чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, эпидемиологиялык абал күн сайын көзөмөлдө турат. 48-жумада (2025-жылдын 24–30-ноябры) республика боюнча 37 068 сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар катталган, бул мурунку жуманын көрсөткүчтөрүнөн 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт, ооругандардын жалпы санынан 5%ы ооруканага жаткырылган. Оорунун эң көп катталышы Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен жана Чүй облустарында байкалууда. Оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 25ке жакын мектепке чейинки уюм убактылуу жабылды, Чүй облусунда 40ка жакын, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн окууга өттү. Ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалды, райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Билим берүү министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү, ошондой эле ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди.
Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал туруктуу болгон облустарда оорунун жайылышына жол бербөө үчүн профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды. Бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында карантиндик чаралар күчөтүлдү: милдеттүү түрдө бет кап кийүү режими киргизилди, стационарларга бейтаптардын туугандарынын жана жакындарынын баруусу чектелди, сасык тумоонун алдын алуу боюнча маалыматтык материалдар жайгаштырылды, имараттарды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жана бактерициддик тазалоо жүргүзүлүүдө. Республиканын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун андан ары жайылышына жол бербөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгилейбиз. Кырдаалга мониторинг күнү-түнү жүргүзүлүүдө жана калкка мындан аркы чечимдер жана сунуштар жөнүндө өз убагында маалымат берилет.
02.12.2025
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучуну тааныштырды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетовду тааныштырды.
Ведомствонун кызматкерлерине кайрылып, Эдил Байсалов Каныбек Досмамбетовдун башкаруучулук сапаттарын белгилеп, анын дайындалышы Президент Садыр Жапаровдун жогорку талаптарына жана өлкөнүн өнүгүшүнүн жаңы этабында Кыргызстан элинин өсүп жаткан үмүтүнө ылайык саламаттыкты сактоо системасын түп-тамырынан бери жаңылоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде Каныбек Досмамбетов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарын баса белгиледи.
01.12.2025
Жаштар көңүл чордонунда: адистер кыргызстандыктарды ВИЧке тестирлөөдөн активдүү өтүүгө чакырды
2025-жылдын 1-декабрында Бишкекте быйылкы жылы «Өзүңө жана ар бир адамга кам көрүү менен ВИЧти жеңели» деген чакырык алдында өтүп жаткан Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган пресс-кафе болуп өттү. Республикалык гемоконтакттык вирустук гепатиттерге жана ВИЧке көзөмөл борбору Саламаттык сактоо министрлиги, ЮНФПА, ЮНЕЙДС жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте эпидемиологиялык абалдын негизги багыттарын, 2025-жылдагы чакырыктарды жана алдын алуунун жана эрте диагностиканын жаңы ыкмаларын сунушташты.
2025-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасында ВИЧ инфекциясынын 15 183 учуру катталган. Анын 14 285и — кыргызстандыктар (чет өлкөдө жүргөн мекендештерибизди кошкондо), 898и — чет өлкөлүк жарандар. Кыргызстандагы бардык ВИЧ менен жашаган адамдар, жарандыгына жана жашаган жери кандай болушуна карабастан, акысыз дарылоо менен камсыздалат. Катталган бардык адамдардын 60%дан ашыгы — 20–39 жаштагы жаш эркектер жана аялдар. Негизги жугуу жолу жыныстык катнаш бойдон калууда, бул сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык, жоопкерчилик жана маалыматтуулук боюнча ачык сүйлөшүүнүн зарылдыгын көрсөтөт. Башкы көйгөйлөрдүн бири — кеч аныкталуу, бул дарылоону өз убактысында баштоого тоскоол болуп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошого карабастан, бүгүн ВИЧке тестирлөө ар бир адам үчүн жеткиликтүү — мамлекеттик медициналык уюмдарда да, көчмө акцияларда да.
Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Анара Мамбетисаева өз сөзүндө буларды белгиледи:
«Биз өзгөчө көңүлдү жаштарга бурабыз — өлкөбүздүн келечегин аныктаган адамдарга. Ар бир адам ВИЧке тест тапшырууну, алдын алуунун заманбап ыкмаларын жана керектүү дарылоону кайдан алса болорун билиши абдан маанилүү. Заманбап терапия ВИЧ менен жашаган адамдарга толук кандуу жашоого, үй-бүлө курууга жана ден соолугу чың балдарды төрөөгө мүмкүнчүлүк берет», — деди ал.
РГВГжВИЧке көзөмөл борборунун директору Умуткан Чокморова тестирлөөнүн камтуусун кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи:
«Өзүңдүн ВИЧ-статусуңду билүү — алдын алуу жана дарылоо үчүн биринчи кадам. Биз баарын тестирлөөдөн өтүүгө жана саламаттыгын коргоо үчүн жеткиликтүү ресурстарды пайдаланууга чакырабыз. Эгер дарылоо эффективдүү болуп, вирус жүгү кандын анализинде аныкталбай турган деңгээлге түшсө, ВИЧ жыныстык жол менен жукпайт — муну ар бир адам билиши керек», — деп баса белгиледи ал.
Кыргызстандагы ДССУнун өкүлчүлүгүнүн башчысы Ливиу Ведраско Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун акыркы маалыматтарын сунуштады:
«2024-жылы региондордо ВИЧтин 105 922 жаңы учуру катталды. Аз гана төмөндөө болгону менен, кеч диагноз коюу деңгээлинин жогору бойдон калышы тынчсыздандырууда. Бул адамдар антиретровирустук терапияны өз убагында ала албай жатканын билдирет. Стигма жана дискриминация дагы эле олуттуу тоскоолдуктар бойдон калууда. Тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде өз алдынча тестирлөөнү кеңейтүү — 2030-жылга чейин СПИДди коомдук саламаттыкка коркунуч катары жоюуда негизги кадам», — деди ал.
Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстан улуттук чараларды күчөтүп, эл аралык уюмдардын сунуштарын ишке ашырып, алдын алуу программаларын өнүктүрүүнү улантып жатканын белгилешти.
Пресс-кафенин уюштуруучулары массалык маалымат каражаттарын ВИЧке каршы күрөш темаларын активдүү чагылдырууга чакырып, алдын алуунун, эрте диагностиканын жана ВИЧ менен жашаган адамдарга урмат менен мамиле кылуунун маанилүүлүгүн коомго түшүндүрүүгө көмөктөшүүгө үндөштү. Негизги принциптер баса белгиленди: тестирлөөгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, дарылоонун үзгүлтүксүз болушун камсыздоо, стигма жана дискриминацияга каршы күрөш, ошондой эле мамлекеттин, өнөктөштөрдүн жана коомдун биргелешкен жоопкерчилиги.
01.12.2025
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын актыларынын сакталышы тууралуу маалыматтык жыйын болуп өттү
2025-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М. К. Мураталиев жана атайын жумушчу топ иш пландарын аткаруу алкагында министрликтин жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле ведомстволук мекемелердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын актыларынын сакталышына мониторинг жүргүзүү жана контролду жүзөгө ашыруу, саламаттык сактоо тармагында, медициналык билим берүүдө мамлекеттик тилди колдонуу, ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринин сырткы көрнөктөрүн жана министрликке тиешелүү айрым департаменттеринин интернет сайттарындагы калктын саламаттыгы тууралуу жарыяланып жаткан мааылматтардын кыргыз тилинде чыгаруу маселелери талкууланды.
Төрага Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана туура колдонуу ар бир мамлекеттик кызматкердин, жетекчинин жеке жоопкерчилиги экенин белгилеп, тилди туура колдонуу мамлекеттик органдардын иш сапатынын маанилүү көрсөткүчү экенин баса белгиледи.
Улуттук комиссиянын санариптик бөлүмүнүн адиси мамлекеттик кызматкерлердин иш-кагаздарын туура аткаруу жана расмий документтерди мамлекеттик тилге которуу иштерин жеңилдетүү максатында иштелип чыккан https://aitil.kg/ платформасын колдонуу боюнча презентация жасады.
Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мындан ары министрлик жогоруда каралган маселелердин аткарылышын мамлекеттик органдардын ишине сын катары баалабашы үчүн жоопкерчиликти күчөтүп, мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына толук ылайык келтирүү чараларын көрөрүнө ишенимин билдирди.
01.12.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги Баткен областында неонаталдык жардамды күчөтүү максатында беш жасалма дем алдыруу аппаратын алды
2025-жылдын 1-декабрында КР Саламаттык сактоо министрлигинде БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан «Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында сатып алынган SV300 (Mindray, Neo функциясы менен) үлгүсүндөгү беш жасалма дем алдыруу аппаратынын (ИВЛ) расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Жабдуунун жалпы наркы 65 миң АКШ долларынан ашты. Жабдуу Баткен шаарынын жана Баткен областынын неонатология бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга, анын ичинде оор абалдагы жана дем алуу жетишсиздиги бар балдарга өмүр үчүн маанилүү жардам көрсөтүүгө арналган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Өнүктүрүү программасына көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, берилген жабдуу өлкөнүн неонаталдык жардамды күчөтүү жана ымыркайлардын өлүм көрсөткүчүн азайтуу боюнча приоритеттерине толук шайкеш келерин белгиледи.
«Баткен областы үчүн бул өпкөнү жасалма желтедүү аппараттары биздин кичинекей бейтаптар үчүн абдан маанилүү. Биз үчүн алыскы аймактарда жашаган балдар да сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардам ала алышы өтө маанилүү. БУУнун Өнүктүрүү программасынын техникалык потенциалды чыңдоого, кадрларды өнүктүрүүгө жана заманбап чечимдерди киргизүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз», — деди министр.
БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва белгилегендей, тапшырылып жаткан ӨЖЖ аппараттары Баткен областындагы неонаталдык бөлүмдөрдүн даярдыгын күчөтүп, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын сапаттуу жана өз убагында медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.
«Саламаттык сактоо министрлиги менен көп жылдык стратегиялык өнөктөштүгүбүз системалуу мамиле жана эл аралык кызматташтык чындап эле өмүрлөрдү сактап каларын далилдеди. Биз өлкөдө медициналык кызматтарды модернизациялоону, кадрдык потенциалды бекемдөөнү жана инновацияларды киргизүүнү колдоону улантабыз», — деп баса белгиледи ал.
Жабдууну берүү менен бирге, БУУӨП Баткен областындагы медициналык кызматкерлерди ӨЖЖ аппараттары менен иштөө боюнча окутууну камсыздайт. Бул жабдууну биринчи күндөрдөн тартып эле натыйжалуу жана коопсуз пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
28.11.2025
«Саламат жүрөк» жүрөк-кан тамыр ооруларына каршы күрөшүү боюнча Улуттук программа тааныштырылды
Бүгүн, 2025-жылдын 28-ноябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата «Саламат жүрөк» Улуттук программасынын расмий презентациясына арналган тегерек стол болуп өттү. Программа жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТО) боюнча алдын алуу, эрте диагностика жана көзөмөл жүргүзүүнү камтыган Улуттук профилактикалык системаны түзүүгө багытталган — Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө түп-тамырынан жаңы көз караш сунуштаган кардиологиялык кызматтын жаңы модели. Программанын негизинде интеграцияланган ыкма, санариптик трансформация, адилеттүү жеткиликтүүлүк, бейтапка багытталган мамиле, илимий жана кадрдык трансформация, экономикалык туруктуулук, саламаттыкты сактоого салымдардын кайтарымдуулугуна негизделген модель, ошондой эле инновациялар жана өнөктөштүктөр турат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, адистер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Программанын негизги багыттары көрсөтүлдү. Алардын катарына «Ден соолугнду текшер!» санариптик модулун жана мамлекеттик «Түндүк» порталы аркылуу сегиз саламаттык параметри боюнча маалыматтарга негизделген check-up мобилдик тиркемесин колдонуу менен интеграцияланган профилактика жана тобокелдиктерди стратификациялоо; CardioNet системасын пайдалануу жана үлгүлүү райондук оорукана түзүү менен баштапкы звенодо ЖКТОну эрте аныктоо жана көзөмөлдөө; регионалдык жүрөк-кан тамыр борборлорунда (КАТЛАБ) коронарография, стент коюу жана миокарддын курч инфаркты жана башка оор жүрөк-кан тамыр оорулары менен келген бейтаптарга толук циклдеги ыкчам жардам көрсөтүү аркылуу жогорку технологиялык медициналык жардамга жеткиликтүүлүк; ошондой эле академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында Улуттук кардиологиялык эксперттик борбор түзүү менен эл аралык медициналык стандарттарды киргизүү кирет.
Программа өлкөдөгү күтүлгөн өмүр узактыгын 75 жашка жеткирүүнү, жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон өлүм көрсөткүчүн 2030-жылга карата 25%га кыскартууну, артериялык гипертонияны көзөмөлдөөнүн деңгээлин 20%га жогорулатууну, алдын алса болчу оорулардан улам майып болууну азайтууну, ошондой эле бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо тутумунда комплекстүү жана сапаттуу медициналык кызматтарды камсыздоону, калктын маалымдуулугун жогорулатууну жана коопсуз жана эффективдүү өмүргө зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү жогорулатууну камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өз сөзүндө Программанын практикалык ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи:
«“Саламат жүрөк” Улуттук программасы кагаз жүзүндө гана калган документ болбой, жарандардын жыргалчылыгы үчүн иштеген инструмент болушу керек. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген бааларга ылайык, Программанын ишке ашырылышы жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жана дарылоо тутумун кыйла бекемдөөгө жана көптөгөн өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүндүк берет. Сөз жыл сайын миңге чейин, 2030-жылга чейин беш миңге чейинки мезгилсиз өлүмдөрдүн алдын алуу тууралуу болуп жатат».
КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев белгилегендей, жүрөк-кан тамыр оорулары өлкөдө өлүмдүн негизги себеби бойдон калууда — бардык учурлардын жарымынан көбүн түзөт жана системалуу, комплекстүү жана узак мөөнөттүү мамилени талап кылат. Ал «Саламат жүрөк» программасы кардиологиялык кызматтарды жана бүтүндөй саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө интеграцияга, санариптештирүүгө, илимий потенциалды жогорулатууга жана калктын медициналык жардамга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүнө негизделген жаңы мамилени билдирерин баса белгиледи. Министрдин айтымында, 2030-жылга чейин ар бир жаран, жашаган жерине жана киреше деңгээлине карабастан, өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
Министр өнөктөштөргө, адистерге жана кесиптештерине ыраазычылык билдирип, программаны ишке ашырууну колдоого жана биргелешкен ишти улантууга чакырды. Ал бүгүнкү жолугушуу Программанын максаттарына жетүү жолундагы маанилүү этап экенин белгиледи.
28.11.2025
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоого байланыштуу учурдагы абал боюнча маалымдайт
Саламаттык сактоо министрлиги сезондук оорулар көбөйгөн шартта эпидемиологиялык кырдаалды күн сайын мониторингдеп жатат. Акыркы ыкчам маалыматтарга ылайык, айрым медициналык уюмдарда өткөн күндөргө салыштырмалуу кайрылуулар жана ооруканага жаткыруулар азайганы байкалууда. Бул жүктү өз убагында кайра бөлүштүрүүгө жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берүүдө.
Ошол эле учурда министрлик белгилегендей, күн сайын кайрылуулардын өзгөрүп турушу сезондук мезгил үчүн кадимки көрүнүш, ал эми негизги тыянактар жумалык көрсөткүчтөрдүн анализинен кийин жасалат.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы
РКЖООдо жуманын башындагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кайрылуулар жана ооруканага жаткыруулар азайды. Ошону менен бирге койко-орундардын жүктөлүшү жогору бойдон калууда: 500 орун иштеп жатса, факты боюнча 565–573 бейтап жатат.
Оор учурлардын саны азайды — реанимацияда 6 бейтап бар (буга чейин 10 болчу). КРВИ жана пневмониясы бар бейтаптардын агымы күчөтүлгөн режимде кабыл алынып жатат.
Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы
ШБКТЖО сезондук респиратордук инфекциясы бар балдарды күнү-түнү кабыл алууда.
Кайра профилдештирилген бөлүмдөрдө 421 койко-орун уюштурулуп, анын 378инде бейтап жатат. Кайрылуулар жана ооруканага жаткырылгандардын саны бир аз кыскарганы байкалат. Эң көп жүктөлгөн бөлүмдөр — жалпы соматика, ЛОР жана хирургия/пульмонология.
Негизги бейтаптардын агымы Бишкек шаарынын жана Чүй областынын БМСЖ уюмдарынан кайрылууда.
Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторингдөөнү улантууда, үй-бүлөлүк дарыгерлердин активдүү тартуу аркылуу амбулатордук кызматты күчөтүүдө, РКЖОО жана ШБКТЖОдо кеңейтилген койко-орун фондун сактоодо, бейтаптарды ыкчам багыттоону жана медициналык уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоодо.
Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал Саламаттык сактоо министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө. Бардык медициналык уюмдар жогорку даярдык режиминде иштеп жатат. Маалыматтар жаңырган сайын үзгүлтүксүз маалымат берилип турат.
28.11.2025
Кыргызстан жана Казакстан социалдык реформалар жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүдө
Алматы, 2025-жылдын 27-ноябры. Кыргыз Республикасынын делегациясы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги алдында Казакстан Республикасынын Алматы шаарына социалдык реформаларды ишке ашыруу боюнча казакстандык тажрыйбаны изилдөө үчүн иш сапары менен барды.
Иш сапардын программасы Казакстандын орто жана жогорку билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият саясаты жана адамдык капиталды өнүктүрүү тармактарындагы заманбап ыкмалары менен таанышууга багытталды.
Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы мектептерди модернизациялоо тажрыйбасы менен таанышып, Инфекциялык оорулар боюнча Улуттук илимий борборду зыярат кылды, комьюнити-борборлордун ишин, чет өлкөлүк университеттердин филиалдарынын моделдерин, ошондой эле социалдык коргоо жана калкты иш менен камсыздоо тутумун санариптештирүү боюнча казакстандык тажрыйбаны изилдеди.
Казакстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушууда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов улуттук реформаларды илгерилетүүдө тажрыйба алмашуунун маанисин баса белгиледи:
«Кыргызстан бүгүн өз өнүгүүсүнүн жаңы этабына өтүп жатат. Алдыдагы беш жыл ичинде социалдык чөйрөнүн жалпы эффективдүүлүгүн олуттуу жогорулатуу милдети турат. Ылдам жылыш үчүн биз иш жүзүндө текшерилген жана жыйынтык берген моделдерди изилдеп жатабыз. Казакстан акыркы жылдары кеңири масштабдуу өзгөртүүлөрдү ишке ашырды, жана биздин иш сапар адаптациялап, колдонууга мүмкүн болгон чечимдерди өз көзүбүз менен көрүүгө шарт түздү. Боордош Казакстандын тажрыйбасы биз үчүн абдан маанилүү. Бардыгын жеринде көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бергениздер үчүн ыраазыбыз».
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар тиешелүү ведомстволор ортосунда кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Алардын ичинде адистер менен алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, заманбап башкаруу жана инфраструктуралык чечимдерди ишке киргизүү багыттары каралууда.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери кирди.
27.11.2025
Кыргызстан акушерлердин лидерлигин чыңдап, эне жана репродуктивдик саламаттык тармагында санариптик инновацияларды киргизүүдө
2025-жылдын 26-ноябрында Бишкекте Кыргызстандын акушерлер альянсы менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбор Азияда эненин жана баланын саламаттыгын жакшыртуу» регионалдык долбоорунун кызматташуусунун жыйынтыктарына арналган тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара GIZ жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз өнөктөштүктө ишке ашырылып, ага министрликтин өкүлдөрү, GIZ адистери, Кыргызстандын акушерлер альянсы, кесиптик медициналык ассоциациялар, аялдардын саламаттыгы боюнча эксперттер, тренерлер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.
Долбоордун максаты — кош бойлуулардын, энелердин жана ымыркайлардын саламаттыгын жакшыртуу үчүн баштапкы медико-санитардык жардам (БМСЖ) деңгээлинде медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле репродуктивдик саламаттык системасында негизги адистер катары акушерлердин лидерлик потенциалын өнүктүрүү. Долбоор ишке ашкан убакыт аралыгында Кыргызстанда олуттуу прогресс болду: акушерлердин кесиптик коомчулугунун ролу бекемделди, лидерлик жана ментордук боюнча туруктуу тармак түзүлдү, бул башкаруу жөндөмдөрүнүн өнүгүшүнө жана аялдарга урмат-сый менен мамиле кылуу принциптерин илгерилетүүгө өбөлгө түздү. БМСЖ адистери үчүн тренингдер өткөрүлүп, алардын жардамы менен медиктер урматтоого негизделген акушердик жардам көрсөтүү жана кызмат сапатын жакшыртуу үчүн заманбап практикалык куралдарга ээ болушту.
Кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири — клиникалык практиканын санариптештирилиши. Кыргызстанда «Коопсуз төрөт» мобилдик тиркемеси ишке киргизилип, медициналык адистерге кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде клиникалык чечим кабыл алууда ыңгайлуу курал сунушталды.
«GIZ менен кызматташуунун жүрүшүндө институтубуздун окутуучулары “Аялдардын лидерлиги”, “Аялдарга урматтоого негизделген кам көрүү” жана “Коопсуз төрөт” мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча программалардан окуудан өттү. Бул бизге окуу программаларын заманбап ыкмалар менен байытып, медициналык кадрларды даярдоо процессин бир топ жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди», — деди Мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окуу жана дарылоо иштери боюнча проректору Венера Адылбаева.
«Бул жылы биз жөн гана окуткан жокпуз — биз коомчулукту түздүк. GIZ менен өнөктөштүктүн аркасында биз акушерлердин лидерлигин бекемдедик, аялдарды урматтоого багытталган мамилелерди илгерилеттик жана практикалык ишибизге инновациялык инструменттерди киргиздик. Чыныгы трансформация командада жаралат, жана бул — чоң жолдун башталышы гана», — деп белгиледи Кыргызстандын акушерлер альянсынын жетекчиси Асел Орозалиева.
26.11.2025
Бишкек шаардык тез жардам ооруканасы заманбап реабилитациялык жабдууларды алды
Бүгүн, 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында KOICA (Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги) жана H Robotics компаниясынын (Корея Республикасы) колдоосу менен гуманитардык линия аркылуу алынган Rebless™ Planar аттуу заманбап реабилитациялык жабдууларды тапшыруу аземи өттү.
Rebless™ Planar — бул жогорку жогорку таяныч-кыймыл аппаратын калыбына келтирүүгө арналган роботтоштурулган система болуп, неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийинки кыймыл функцияларын жана күчтү калыбына келтирүү үчүн колдонулат.
Оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков Корея Республикасынын Өкмөтүнө, KOICA жана H Robotics компаниясына медициналык реабилитацияны өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, жаңы жабдуу бейтаптардын заманбап калыбына келтирүү ыкмаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, медициналык жардамдын сапатын жогорулатат.
Буга чейин, 2024-жылы, H Robotics компаниясы Корея Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар кызматы жана Кореянын сатып алуулар институту тарабынан сатып алынган 20 даана Rebless™ жабдуусун Кыргызстанга тапшырган. Бул түзмөктөр Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна, КММАга, Улуттук госпиталга, Жалал-Абаддагы «Бакыт» областтар аралык реабилитациялык борборуна жана Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасына бөлүштүрүлгөн.
26.11.2025
«Лидерлик — бул көндүм». Аялдар лидерлиги боюнча окуу кантип КММКжКЖИ окутуучусун Кыргызстандагы саламаттык сактоо жетекчилери үчүн жаңы программа түзүүгө шыктандырды
Саламаттык сактоо системасы — бул жөн гана оорукана, дарыгерлер же жабдуулар эмес. Бул чечим кабыл алып, медициналык уюмдардын ишин уюштурган, командаларды түзгөн жана бейтаптарга көрсөтүлө турган жардамдын сапатына түз таасир берген өзгөрүүлөрдү колдогон адамдар.
С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо институтунун (КММКжКЖИ) саламаттык сактоо менеджменти жана экономикасы кафедрасынын улук окутуучусу Абдыжалиева Айгүл Согушбековнанын таржымалы — бир тажрыйбанын медициналык менеджментте жаңы маданияттын калыптанышына кандай түрткү бере аларынын айкын мисалы.
Айгүл Согушбековна он эки жылдан ашуун убакыттан бери саламаттык сактоо тармагы үчүн жетекчилерди жана адистерди даярдоо менен алектенип келет. Ал бүгүнкү күндө жетекчилерге коюлган талаптар өзгөргөнүн жакшы билет: жөн гана мыкты адис болуу жетишсиз. Бүгүн жетекчи адамдар менен иштеше билиши, команданы шыктандыра алышы, милдеттерди туура бөлүштүрүп, өзгөрүүлөрдү башкаруу жөндөмүнө ээ болушу зарыл.
Институтка Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда энелердин жана балдардын ден соолугун жакшыртуу» долбоорунун алкагында аялдар лидерлиги боюнча окуудан өтүү сунушу түшкөндө, Айгүл бул программа жетишпей келген нерсени — практикалык инструменттерди жана заманбап мамилелерди бере аларын дароо түшүндү.
Программа дал ошол күтүүлөргө жооп берди. Айгүлгө өзгөчө таасир калтырган бөлүгү — коммуникация, кызматкерлерди шыктандыруу жана өзгөрүүлөрдү киргизүү боюнча инструменттер болду. Адамдардын ар кандай жүрүм-турум стилдерин түшүнүү методикасы милдеттерди түшүндүрүүнү, бөлүштүрүүнү жана макулдашууга жетүүнү кыйла жеңилдетти. Коучинг ыкмасы жетекчинин ролуна башкача көз менен кароону үйрөттү — буйрук берүү эмес, багыт берүү жана потенциалды ачуу. Өзгөрүүлөрдү уюштуруудагы жөнөкөй кадамдар командадагы каршылыкты кантип азайтууну көрсөткөн. Дал ушул практикалык багыт окууну өзгөчө баалуу кылып, Айгүл алган билимдерин дароо колдонууга киришти.
Бурулуш учур Сокулук ЖДПБсында аял жетекчилер үчүн өткөрүлгөн бир күндүк семинар болду. Катышуучулардын кызыгуусу жана машыгууларга болгон реакциясы мындай билимдерге чоң муктаждык бар экенин дароо айгинеледи. Дал ошол жерде: өлкөгө саламаттык сактоо системасына ылайыкташкан заманбап лидерлик программасы керек деген ой пайда болду. Мындан тышкары, мындай билимдер аялдарга эле эмес, бардык жетекчилерге — эркектерге да бирдей деңгээлде пайдалуу экени аралаш топтордогу окутууда айкын болду. Ошентип, жаңы программа универсалдуу болушу зарыл деген тыянакка келди.
Алынган билимдердин негизинде Айгүл Согушбековна 36 сааттык курсту иштеп чыкты. Программага жеке лидерлик, натыйжалуу коммуникация, милдеттерди бөлүштүрүү, пландаштыруу, коучинг жана өзгөрүүлөрдү жайылтуу боюнча темалар кирди. Окуу лекцияларды, кейстерди, интерактивдүү тапшырмаларды жана топтук иштөө форматын айкалыштырып, медициналык уюмдардын реалдуу жетекчилик практикасына мүмкүн болушунча жакындатылган.
Алгачкы угармандар — жетекчилер, башкы дарыгерлер, башкы жана улук медайымдар, ошондой эле институтта окуп жаткан жетекчилердин резерви. Айгүлдүн айтымында, бир-эки жылдын ичинде командалык иштин бекемделиши, уюмдардын ичиндеги өз ара түшүнүшүүнүн жакшыртылышы жана өзгөрүүлөрдүн ишенимдүүрөк ишке ашырылышы байкала баштайт.
Окуу Айгүл Согушбековнанын өзүнө да чоң таасир тийгизди. Ал коммуникацияга башкача карап, коучингди көбүрөөк колдонуп, ар бир адамга ылайык өз ара аракеттенүү ыкмаларын так тандай баштады. Кесиптештери анын сабактары заманбап, түшүнүктүү жана пайдалуураак болгонун белгилешет. Бул жалпы иш атмосферасын да өзгөрттү — ал мурдагыдан да колдоо берген жана натыйжалуу болду.
Замандын талабына жооп берген медициналык лидер кандай болушу керек деген суроого Айгүл Согушбековна жөнөкөй жана ишенимдүү жооп берет:
«Бул — адамдарды түшүнгөн, команданы шыктандыра алган, өнүгүүгө шарт түзгөн жана өзгөрүүлөр үчүн жоопкерчилик ала алган адам».
Жаңы программасына катыша турган келечектеги угармандарга болсо мындай насаат айтат:
«Жаңы нерсеге ачык болуңуздар. Лидерлик — бул көндүм. Аны каалаган этапта өнүктүрсө болот. Эң негизгиси — өзүңүздүн потенциалыңызга ишенүү».
26.11.2025
Кыргызстан биологиялык коопсуздукту күчөтүү үчүн эки жаңы мобилдик лаборатория алды
2025-жылдын 26-ноябрында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардын табигый очокторунда иштөө үчүн арналган мобилдик ПЦР/ИФА лабораториясы жана пневмокаркастык лабораторияны тапшыруу аземи өттү. Жабдуулар Кыргызстан менен Россия Федерациясынын көп жылдан берки кызматташтыгынын алкагында Россия тараптан берилди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана Россия Федерациясынын Роспотребнадзор кызматынын жетекчиси Анна Попова катышты.
Берилген лабораториялар Кыргызстанда бир нече жылдан бери ийгиликтүү иштеп жаткан мурдагы беш мобилдик комплексти толуктайт. Жаңы лабораториялар зарыл жабдуулар менен толук камсыздалып, жетүүгө эң кыйын аймактарда ыкчам диагностика жүргүзүүгө жана эпидкөзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Автошасси негизиндеги талаа мобилдик комплекси жол инфраструктурасы бар шартта алыскы аймактарга жетүүнү камсыздайт, ал эми пневмокаркас лабораториясы бир нече сааттын ичинде жайылып, өзгөчө кооптуу патогендер менен иштөө үчүн керектүү биологиялык коргоонун толук деңгээлин камсыздайт.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө Россия менен кызматташуу стратегиялык мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи:
«Россия — биологиялык коопсуздук маселелеринде биздин негизги өнөктөш. Берилген мобилдик лабораториялардын жана биргелешкен долбоорлордун аркасында биз кара тумоонун табигый очокторун натыйжалуу көзөмөлдөп, санитардык-эпидемиологиялык туруктуулукту камсыздап, кандай гана коркунуч болбосун өлкөбүздүн жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп келебиз», — деди министр.
Анна Попова Кыргызстандагы техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү республикадагы биологиялык коопсуздукту бекемдөөгө салым кошорун белгиледи:
«Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык тобокелдиктер көп, жана ар бир мамлекет коркунучтарды өз алдынча көрө билүүгө тийиш. Бул биологиялык суверенитеттин маанилүү элементи. Бүгүн биз Россияда чыгарылган жогорку технологиялуу мобилдик лабораторияларды тапшыруу аркылуу Кыргызстан менен бирге аны чыңдап жатабыз. Алар өлкөнүн каалаган чекитинде ыкчам иштөөгө, тобокелдиктерди аныктоого жана адамдардын инфекция жуктуруп алуусуна жол бербөөгө мүмкүндүк берет», — деп белгиледи ал.
Анна Попованын айтымында, эпиднадзор жаатындагы биргелешкен иш-аракеттер конкреттүү жыйынтыктарды берүүдө. Акыркы жылдары Кыргызстан менен Россиянын мобилдик лабораториялары кара тумоонун сегиз табигый очогун изилдеп чыгышты. Очоктордун активдешүүсүнө жана коңшу өлкөлөрдө катталган учурларга карабастан, Кыргызстанда эпидемиологиялык жагдайдын татаалдашына жол берилген эмес. Кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири — АИВ инфекциясынын жайылышына каршы туруу бойдон калууда. Россия Федерациясы мурда тапшырган 10 мобилдик клиника 103 миңден ашык адамды текшерүүдөн өткөрдү. Ошондой эле гепатит Внын деңгээлин төмөндөтүү боюнча биргелешкен программа ийгиликтүү жүрүп, Россиядан берилген 700 миңден ашык доза вакцина ооруну үч эсеге кыскартууга жардам берди.
Берилген лабораториялар Россия Федерациясында өндүрүлгөн, керектүү комплекттер менен толук жабдылган жана гарантиялык тейлөө менен камсыздалган. Россия тарап зарыл болгондо техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Тапшыруу аземи эпидемиологиялык коркунучтарга каршы биргелешкен системаны чыңдоонун маанилүү этабы болуп, Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ден соолукту коргоо жана биологиялык коопсуздук жаатындагы үзгүлтүксүз кызматташтыгын улантты.
24.11.2025
Министр жарандардын коопсуздугу жана өз алдынча дарыланууга каршы күрөшүү маселесин көтөрдү
Бир катар басылмаларда саламаттык сактоо министринин айткандары контексттен тышкары интерпретацияланган. Маекте максат катары же инструмент катары дарыканаларды жабуу жөнүндө сөз болгон эмес. Анда изилдөөлөр жана эл аралык практика тастыктаган олуттуу маселе талкууланган: жарандардын дары-дармекке байланыштуу чыгымдарынын жогору болушу, өз алдынча дарылануунун кеңири жайылышы жана антибиотиктерди дарыгердин кеңешисиз эле эркин колдонуу.
Министр дары-дармек жүгүртүүнү жөнгө салуунун заманбап ыкмаларын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Аларга рецептуралык берүү, дары-дармектин сапатын көзөмөлдөө, агрессивдүү жарнаманы чектөө жана негизсиз дары колдонууга жол бербеген шарттарды түзүү кирет. Мындай чаралар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулуп, калктын саламаттыгын коргоого жана саламаттык сактоо үчүн глобалдык коркунучтардын бири катары ДССУ тарабынан таанылган антибиотикке туруктуулуктун өсүшүн алдын алууга багытталган.
Бул тармактагы мүмкүн болгон бардык өзгөртүүлөр этап-этабы менен, кылдат талдоо менен, адистердин, фармацевтикалык коомчулуктун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынат. Сунушталып жаткан чаралар керектүү дары-дармекке жетүүнү чектөөгө эмес, дары-дармек рыногунда тартип орнотууга жана бейтаптардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Саламаттык сактоо министрлиги кесиптик коомчулук, фармацевтикалык сектор жана коомчулук менен ачык диалогду улантып, дары-дармекке жеткиликтүүлүк, жарандардын коопсуздугу жана медикаменттерди рационалдуу колдонуу боюнча эл аралык стандартдардын ортосундагы тең салмакты камсыз кылуу үчүн иш алып барат.
21.11.2025
Кыргызстан ДССУнун регионалдык платформасында: саламаттык сактоодогу этика жана жасалма интеллект
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нургүл Аднаева Мальтада өткөн «Саламаттык сактоо жана кам көрүү үчүн жасалма интеллект: дени сак келечек үчүн практикалык чечимдер» аттуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жогорку деңгээлдеги пленардык жыйынында Кыргызстанды атынан катышты.
Иш-чараны ДССУнун Европа регионалдык бюросу уюштуруп, анда Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулушту. Жыйында саламаттык сактоо тутумуна жасалма интеллектти киргизүүнүн практикалык жолдору, этика маселелери, маалыматтарды башкаруу жана эл аралык кызматташуу талкууланды.
«Саламаттык сактоодо ЖИни жоопкерчиликтүү колдонууга карай жол: этика, башкаруу жана регионалдык кызматташуу» темасына арналган пленардык отурумда Нургүл Аднаева саламаттык сактоо тармагында санариптик чечимдерди киргизүү жана жасалма интеллекти өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын улуттук тажрыйбасын сунуштады. Өз сөзүндө ал ЖИни этикалык жана коопсуз колдонуунун маанилүүлүгүн, жарандардын жеке маалыматтарын коргоону, ошондой эле медициналык кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.
«Саламаттык сактоодо жасалма интеллекти өнүктүрүү этикалык принциптерге негизденип, бейтаптын укуктарын коргоого жана дарыгердин ролун күчөткөнгө багытталышы керек, аны алмаштырууга эмес», — деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нургүл Аднаева.
Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексин ишке ашыруу өзгөчө белгиленип, анда саламаттык сактоо тармагында жасалма интеллекти колдонууга байланыштуу укуктук негиздер алгач ирет мыйзам деңгээлинде түзүлүүдө.
Аткарылып жаткан иш-аракеттер алгоритмдердин ачыктыгын камсыздоого, дискриминацияга жол бербөөгө, жеке медициналык маалыматтарды коргоого жана ЖИ колдонулган чечимдерде жоопкерчилик механизмдерин киргизүүгө багытталган. Кыргызстан этикалык аспекттерди санариптик трансформациянын ажырагыс бөлүгү катары карап, технологияларды саламаттык сактоодо коопсуз, адамга багытталган жана адилеттүү колдонуу принциптерин карманат.
21.11.2025
Саламаттык сактоо министри борбордогу бир катар медициналык уюмдардын ишин текшерди
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоого чалдыккан балдарды көп кабыл алган борбор калаадагы бир катар медициналык уюмдардын иши менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын көрүп чыкты.
Медициналык уюмдардын жетекчилери сезондук кайрылуулар менен госпитализациялардын өсүшү байкалганын билдиришти. Алардын айтымында, көпчүлүк жуктуруулар балдар көп топтолгон жерлерде — анын ичинде Бишкектеги ири соода борборлорунун оюн аянтчаларында катталууда. Ошондой эле кадрлардын, өзгөчө педиатрлардын, инфекционисттердин жана орто медициналык персоналдын жетишсиздиги көйгөй болуп турганы белгиленди.
Министр иш сапарынын жүрүшүндө бир катар тапшырмаларды берди:
- баштапкы медициналык-санитардык тармактан адистерди тартуу аркылуу балдар жана жугуштуу оорулар стационарларынын кадрдык потенциалын күчөтүү ;
- кичинекей бейтаптар жана алардын коштоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- күтүү залдарында ичүүчү суу менен камсыздоо;
- адамдардын топтолушун азайтуу жана кезектерди кыскартуу максатында кошумча кабыл алуу бөлмөлөрүн ачуу.
Эркин Чечейбаев белгилегендей, сасык тумоонун жана КРВИнин сезондук өсүшүнүн чеги салттуу түрдө декабрь айына туура келет. Бул багытта министрлик стационарлардын жүгүн жеңилдетүү жана кошумча чараларды көрүү боюнча даярдыктарды күчөттү.
Сасык тумоонун жана КРВИнин көбөйүшүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга оорунун төмөнкү белгилери пайда болгондо: дене табынын жогорулашы, жөтөл, мурун бүтүү, тамак ооруу же алсыздык — жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна (ҮМБ) кайрылууну сунуштайт.
Стационарларга негизсиз кайрылуу:
- кезек күтүү убактысын көбөйтөт;
- башка вирустар менен контактка кабылуу коркунучун жогорулатат;
- оорунун жүрүшүн оорлотушу мүмкүн, өзгөчө балдар арасында.
Бишкек шаарындагы ҮМБлар төмөнкү график менен иштейт:
- Дүйшөмбү–Жума: 08:00–20:00
- Ишемби: 08:00–18:00
- Жекшемби: 08:00–14:00
Вирустук инфекциялардан сактануу боюнча сунуштар:
- бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип туруңуз;
- колду самындап жакшылап жууңуз;
- эл көп чогулган жерлерден оолак болуңуз, коомдук жайларда беткап колдонуңуз;
- иммунитетти чыңдаңыз: туура тамактануу, жетиштүү суу ичүү, жакшы уйку;
- өз убагында үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.
21.11.2025
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук Эне жана Баланы Коргоо борборуна кызматтык автоунааларды тапшырып, Борбордун аймагындагы реконструкциянын жүрүшү менен таанышты
Бүгүн, 2025-жылдын 21-ноябрында КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна (УЭжБКБ) барып, буга чейин убада кылынган 10 кызматтык автоунааны медициналык кызматкерлерге тапшырды.
Автоунаалардын берилиши — оор абалдагы аялдар менен балдарды кабыл алган борбордун нөөмөттүк бригадаларынын өз убагында чыгышын камсыздап, оперативдүүлүктү жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган маанилүү кадам. Бул транспорт кызматкерлердин тез жетүүсүнө шарт түзүп, борбордун ишинин үзгүлтүксүз жүрүшүнө өбөлгө болот.
Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев аталган борбордун 1995-жылдан бери биринчи жолу толук түрдө жаңыланган аймагын да көрүп чыкты. Аянты 4 400 м² болгон тилке толугу менен кайрадан калыбына келтирилген: аймак тазаланып, тегизделип, жаңы асфальт төшөлгөн, жарыктандыргыч орнотулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, жаңыланган аймак кызматкерлер менен бейтаптар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камтыйт.
Аймакты реконструкциялоо — генерал-полковник К.Ташиевдин демилгеси менен ишке ашкан жалгыз долбоор эмес. Буга чейин анын тапшырмасы менен борбордун аймагын Тыналиев көчөсү менен бириктирген жаңы жол курулуп, медициналык мекеменин жеткиликтүүлүгүн бир кыйла жакшырткан. Ошондой эле борборго республикада аналогу жок заманбап медициналык жабдуулар — эндоскопиялык УЗИ аппараты, бир нече жаңы УЗИ жабдуусу, видеогастроскоп, видеобронхоскоп жана видеоколоноскоп тапшырылган. Бул жабдуулар борбордун жогорку технологиялуу диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.
УКМК төрагасы борбордун кызматкерлерин жаңы кызматтык унааларга ээ болушу менен куттуктады. Дарыгерлерге жана бейтаптарга түзүлгөн шарттар калктын саламаттыгына көрүлгөн камкордук экенин белгиледи. Ошондой эле, ак халатчандардын жоопкерчиликтүү жумушуна ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен аткарылган иш-чаралар Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө, медициналык кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртууга жана аялдар менен балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын көтөрүүгө багытталган.
УЭжБКБ — өлкөдөгү үчүнчү деңгээлдеги алдыңкы медициналык борборлордун бири. Бул жерде жыл сайын 30 миңдей бала стационардык дарылануудан өтүп, 15 миңге чейин ар кандай татаалдыктагы операция жасалат, 150 миңге жакын бала амбулатордук жардам алат, ал эми перинаталдык борбордо жылына 6 миңдей наристе жарыкка келет. Борбор туруктуу түрдө жаңы технологияларды, заманбап диагностика жана дарылоо ыкмаларын киргизип келет.
20.11.2025
Медициналык кызматкерлер балдар жана өспүрүмдөр үчүн БМСЖнын жаңыланган стандарттары боюнча окутулууда
19–22-ноябрь аралыгында Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр үчүн баштапкы медико-санитардык жардам (БМСЖ) боюнча улуттук тренерлерди окутуу жүрүп атат. Тренер катары тандалган 25 КММА, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун, Бишкек медициналык колледжинин үй-бүлөлүк медицина жана педиатрия кафедраларынын окутуучулары балдардын өсүшүн мониторинг кылуу, профилактикалык кызматтар, эң көп кездешкен балдар ооруларын алып баруу жана сапаттуу БМСЖнын башка негизги компоненттери боюнча квалификациясын жогорулатууда.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ЮНИСЕФ жана ДССУнун колдоосу менен уюштурулду.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, жаңыланган стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү өлкөдөгү ар бир балага жана өспүрүмгө көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Улуттук тренерлер бул билимдерди пайдаланып, республиканын бардык аймактарында үй-бүлөлүк дарыгерлерди жана БМСЖ адистерин окутат.
Окутуу Кыргызстан үчүн адаптацияланган ДССУнун БМСЖ кызматтары боюнча Чөнтөк колдонмосунун негизинде жүргүзүлүүдө. Бул колдонмо – балдарга жана өспүрүмдөргө зарыл медициналык кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу баштапкы звенондөгү адистер үчүн практикалык инструмент. Адаптациялоо ЮНИСЕФ жана ДССУнун колдоосу менен, эл аралык мыкты тажрыйбаларга жана улуттук стандарттарга ылайык жүргүзүлгөн.
Колдонмонун мазмуну төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Дени сак балдарды кароо: өсүшүн мониторинг кылуу, тамактануу боюнча кеңеш берүү, өнүгүүнү скрининг кылуу, эмдөөдөн өткөрүү;
• Профилактикалык кызматтар: ден соолук боюнча маалыматтандыруу, тобокел факторлорун эрте аныктоо, ден соолукту чыңдоочу жашоо образын жайылтуу;
• Ооруган балдарды кароо: эң көп кездешкен балдар ооруларын далилдүү медицинага таянуу менен алып баруу, багыттоо протоколдору;
• Өспүрүмдөрдүн ден соолугу: өспүрүмдөргө багытталган кеңеш берүү жана дарылоо ыкмалары.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа:
«Министрликке жаңы стандарттарды адаптациялоодо жана ишке ашырууда жардам берүү менен, биз БМСЖ адистеринин балдарга жана өспүрүмдөргө комплекстүү профилактикалык жана дарылоо кызматтарын көрсөтүүсү үчүн зарыл инструменттер менен камсыз болушуна өбөлгө түзөбүз», — деп билдирди.
Семинар аяктагандан кийин даярдалган тренерлер сунушталган жаңыланган сунуштамаларды өлкөнүн жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын дипломго чейинки жана кийинки билим берүү программаларына интеграциялашат. Бул БМСЖ деңгээлинде жаңы стандарттарды кеңири жана туруктуу киргизүүгө шарт түзөт.
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско мындай деди:
«Бул демилге Саламаттык сактоо министрлигинин, ДССУнун жана ЮНИСЕФтин Кыргызстанда баштапкы медико-санитардык жардамды чыңдоого жана балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугун жакшыртууга болгон жалпы умтулуусун көрсөтөт. Биз жаңы сунуштамаларды системдүү жана комплекстүү киргизүү процессин колдоого даярбыз».