Copyright: ©
«Саламат жүрөк» жүрөк-кан тамыр ооруларына каршы күрөшүү боюнча Улуттук программа тааныштырылды
28.11.2025 / Просмотров: 12828
Бүгүн, 2025-жылдын 28-ноябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата «Саламат жүрөк» Улуттук программасынын расмий презентациясына арналган тегерек стол болуп өттү. Программа жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТО) боюнча алдын алуу, эрте диагностика жана көзөмөл жүргүзүүнү камтыган Улуттук профилактикалык системаны түзүүгө багытталган — Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө түп-тамырынан жаңы көз караш сунуштаган кардиологиялык кызматтын жаңы модели. Программанын негизинде интеграцияланган ыкма, санариптик трансформация, адилеттүү жеткиликтүүлүк, бейтапка багытталган мамиле, илимий жана кадрдык трансформация, экономикалык туруктуулук, саламаттыкты сактоого салымдардын кайтарымдуулугуна негизделген модель, ошондой эле инновациялар жана өнөктөштүктөр турат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, адистер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Программанын негизги багыттары көрсөтүлдү. Алардын катарына «Ден соолугнду текшер!» санариптик модулун жана мамлекеттик «Түндүк» порталы аркылуу сегиз саламаттык параметри боюнча маалыматтарга негизделген check-up мобилдик тиркемесин колдонуу менен интеграцияланган профилактика жана тобокелдиктерди стратификациялоо; CardioNet системасын пайдалануу жана үлгүлүү райондук оорукана түзүү менен баштапкы звенодо ЖКТОну эрте аныктоо жана көзөмөлдөө; регионалдык жүрөк-кан тамыр борборлорунда (КАТЛАБ) коронарография, стент коюу жана миокарддын курч инфаркты жана башка оор жүрөк-кан тамыр оорулары менен келген бейтаптарга толук циклдеги ыкчам жардам көрсөтүү аркылуу жогорку технологиялык медициналык жардамга жеткиликтүүлүк; ошондой эле академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында Улуттук кардиологиялык эксперттик борбор түзүү менен эл аралык медициналык стандарттарды киргизүү кирет.
Программа өлкөдөгү күтүлгөн өмүр узактыгын 75 жашка жеткирүүнү, жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон өлүм көрсөткүчүн 2030-жылга карата 25%га кыскартууну, артериялык гипертонияны көзөмөлдөөнүн деңгээлин 20%га жогорулатууну, алдын алса болчу оорулардан улам майып болууну азайтууну, ошондой эле бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо тутумунда комплекстүү жана сапаттуу медициналык кызматтарды камсыздоону, калктын маалымдуулугун жогорулатууну жана коопсуз жана эффективдүү өмүргө зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү жогорулатууну камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өз сөзүндө Программанын практикалык ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи:
«“Саламат жүрөк” Улуттук программасы кагаз жүзүндө гана калган документ болбой, жарандардын жыргалчылыгы үчүн иштеген инструмент болушу керек. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген бааларга ылайык, Программанын ишке ашырылышы жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жана дарылоо тутумун кыйла бекемдөөгө жана көптөгөн өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүндүк берет. Сөз жыл сайын миңге чейин, 2030-жылга чейин беш миңге чейинки мезгилсиз өлүмдөрдүн алдын алуу тууралуу болуп жатат».
КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев белгилегендей, жүрөк-кан тамыр оорулары өлкөдө өлүмдүн негизги себеби бойдон калууда — бардык учурлардын жарымынан көбүн түзөт жана системалуу, комплекстүү жана узак мөөнөттүү мамилени талап кылат. Ал «Саламат жүрөк» программасы кардиологиялык кызматтарды жана бүтүндөй саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө интеграцияга, санариптештирүүгө, илимий потенциалды жогорулатууга жана калктын медициналык жардамга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүнө негизделген жаңы мамилени билдирерин баса белгиледи. Министрдин айтымында, 2030-жылга чейин ар бир жаран, жашаган жерине жана киреше деңгээлине карабастан, өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
Министр өнөктөштөргө, адистерге жана кесиптештерине ыраазычылык билдирип, программаны ишке ашырууну колдоого жана биргелешкен ишти улантууга чакырды. Ал бүгүнкү жолугушуу Программанын максаттарына жетүү жолундагы маанилүү этап экенин белгиледи.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.