Copyright: ©

Онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга жардам көрсөткөн кайрымдуулук фонду сейрек оорулар менен ооруганбалдарга жардам берүү үчүн профилин өзгөртөт

19.03.2025 / Просмотров: 8546

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин тапшырмасына ылайык, мурда онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга колдоо көрсөтүп келген кайрымдуулук фонду эми орфандык (сейрек кездешүүчү) ооруларга чалдыккан бардык балдарды колдоо үчүн кайра профилдештирилет.

Бул демилгенин негизги максаты – фонддун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана кымбат баалуу дарылоого муктаж көбүрөөк баланы камтуу. Эми жарандар жана уюмдар жардам көрсөтүүнү кааласа, ар кандай сейрек оорулар, анын ичинде жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) жана башка илдеттер менен жабыркаган балдар үчүн каражат которо алышат.

Фонд ачык-айкындык жана отчеттуулук принциптеринин негизинде иштейт. Түшкөн бардык каражаттар жана алардын сарпталышы көзөмөлдөнүп, бейтаптарга, алардын үй-бүлөлөрүнө, Жогорку Кеңеш депутаттарына жана Саламаттык сактоо министрлигине үзгүлтүксүз отчет берилип турат. Бул каражаттарды максималдуу натыйжалуу жана адилеттүү пайдаланууну камсыздайт.

Саламаттык сактоо министрлиги сейрек кездешүүчү ооруларга чалдыккан бейтаптарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Бирок орфандык ооруларды дарылоо чоң финансылык чыгымдарды талап кылат. Фонддун ишмердүүлүгүн кеңейтүү - кошумча ресурстарды тартып, жардамга муктаж көбүрөөк балага колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Фонддун реквизиттери жана каражат которуу жолдору тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.

Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) менен ооруган балдарды дарылоо

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда СМА диагнозу коюлган 39 бала каттоодо турат. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда:

  • 4 бала чет өлкөдө терапиядан өтүп жатат,
  • 8 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дары-дармектерди алууда.

СМАны толук айыктыруучу дарылоо ыкмасы жок. Бирок заманбап терапия оорунун өнүгүшүн жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет.

Кыргызстанда СМАны дарылоо Жогорку технологиялар фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. «Рисдиплам» препаратынын сатып алуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу борборлоштурулган тартипте жүргүзүлүп, каражаттарды үнөмдөөгө жана кошумча 240 флакон (100 млн сом) сатып алууга мүмкүнчүлүк берди. Бул дары 2025-жылдын аягына чейин 8 баланы дарылоого жетиштүү болот. 2025-жылы дагы 480 флакон (250 млн сомго) сатып алуу пландалууда, бул 16 баланы дарылоо үчүн жетиштүү. Ошондой эле, жакында диагноз коюлган дагы 11 баланын дарылоосун каржылоого министрлик өтүнүч жиберди.

Учурда Кыргызстанда СМАны дарылоо үчүн үч негизги дары каражаты бекитилген:

  • «Спинраза» (Нусинерсен) – интратекалдык жол менен сайылуучу дары, туруктуу негизде сайып туруу талап кылынат.
  • «Эврисди» (Рисдиплам) – ооз аркылуу кабыл алынат, бул балдар үчүн ыңгайлуу.
  • «Золгенсма» (Онасемноген абепарвовек) – гендик терапия, бир жолу сайылуучу дары, бирок баасы өтө кымбат.

Кыргызстан Рисдиплам препаратына артыкчылык берет, анткени анын баасы салыштырмалуу жеткиликтүү (1 флакону 482 миң сом) жана үй шартында колдонууга ыңгайлуу. 2023-жылы СМА диагнозу коюлган бейтаптар үчүн дары-дармек берүү тартиби бекитилип, дары-дармектерди бөлүштүрүү боюнча Республикалык комиссия түзүлгөн.

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

24.04.2025
2025-жылдын 24-апрелинде С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда медициналык кадрларды жумушка тартууга багытталган вакансиялар жарманкеси болуп өттү.

2025-жылдын 24-апрелинде С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда медициналык кадрларды жумушка тартууга багытталган вакансиялар жарманкеси болуп өттү.

Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин, клиникалык базалардын координаторлорун жана жаш адистерди – ординаторлорду бир аянтчага чогултту.

Иш-чаранын негизги максаты – жаш медицина кызматкерлерин региондорго тартуу, аларга конкреттүү жумуш мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо жана кадрдык саясатты күчөтүү болду.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Байдавлетов Каарманбек Кочкорбаевич жана институттун ректору, медицина илимдеринин доктору Курманов Рустам Абдыкайыпович куттуктоо сөз сүйлөп, жаш дарыгерлерди элдин ден соолугун сактоо жаатында активдүү болууга, өз кесибин сүйүү менен аркалоого чакырышты.

Мындан сырткары, иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Асанкулова Махаббат Тунгучбековна жана Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Долонбаева Зуура Абдибаитовна катышып, жаш адистер менен түз байланыш түзүп, мамлекеттик колдоолор, программалар жана кызматка орношуунун жол-жобосу тууралуу кеңири маалымат беришти.

Аймактардан келген саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери өз клиникалык базаларын жана алардагы бош кызмат орундарын сунуштап, заманбап шарттар, турак жай менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү жана айлык маянаны жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти. Алар даярдаган презентациялар аркылуу мекемелердин материалдык-техникалык базасы, жамааттын иштөө маданияты жана жаш адистер үчүн каралган колдоолор тууралуу кеңири баяндап беришти.

Жарманкенин жүрүшүндө ординаторлор жетекчилер менен жандуу пикир алышып, кызыктырган суроолоруна жооп алып, аймактардагы жумуш орундарын терең талдап, өздөрү үчүн ылайыктуу варианттарды караштырышты. Айрым ординаторлор жеринде эле ниет каттарын тапшырып, аймактык жетекчилер менен кызматташтыкты баштоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Бул жарманке өлкөнүн медициналык кадрдык потенциалын аймактарга багыттоо менен бирге, жаш адистердин эмгекке орношуусуна түрткү берип, аймактар менен борбордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана саламаттык сактоо системасын тең салмактуу өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

24.04.2025
Алай районунда дарыгерлер үчүн заманбап жатакана пайдаланууга берилди

23-апрелде капиталдык оңдоодон кийин Ош облусунун Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) 20 батирлүү жатаканасы расмий түрдө пайдаланууга берилди. 

Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, райондун акими Чыңгыз Бапаев жана медицина кызматкерлери катышты. 

Элчибек Жантаев жатакананын ички шарттары менен таанышып, медицина кызматкерлерин жаңы турак-жайы менен куттуктады. Ал белгилегендей, бул демилге жаш дарыгерлерди облуска тартуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. 

1977-жылы курулган имарат буга чейин оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү болуп иштеп келген. 2021-жылы “Алай GMP” ишканасынын жетекчилиги тарабынан Ош облусун өнүктүрүү фондуна имаратты заманбап жатакана кылып реконструкциялоо долбоору сунушталып, ал колдоо тапкан. 

Оңдоо иштерине облустук өнүктүрүү фондунан 6 миллион 660 миң сом, Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бюджетинен жалпысынан 7 миллион сомдон ашык кошумча каражат бөлүнгөн. 

Жатакана төмөнкүлөрдөн турат: 

- 12 бир бөлмөлүү батирлер, 

- 4 эки бөлмөлүү батир, 

- 3 үч бөлмөлүү батир, 

- 1 балдар оюн бөлмөсү,

 - 4 санитардык түйүндөр, 

- 2 ашкана. 

Квартиралар дарыгерлердин муктаждыгына жараша бөлүштүрүлөт. Учурда жатаканага 14 дарыгер жана 6 орто билимдүү медициналык кызматкер үй-бүлөлөрү менен жалпысынан 53 адам жайгаштырылган. Бул долбоор Алай районунун саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө жана жаш адистерди колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

24.04.2025
Эркин Чечейбаев: Тоолуу аймактарда саламаттыкты сактоонун эффективдүү системасы болмоюнча туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес

Эркин Чечейбаев: Тоолуу аймактарда саламаттыкты сактоонун эффективдүү системасы болмоюнча туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес 24-апрелде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай» Эл аралык конференциясы өттү. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев катышуучулар менен саламдашып жатып, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: "Конференция Бишкек+25 саммитин өткөрүүгө негиз даярдайт.

Президент Жапаровдун БУУ тарабынан колдоого алынган Тоолорду өнүктүрүүнүн беш жылы (2023-2027) боюнча демилгеси тоолуу аймактардын глобалдык маанисин баса белгилейт. Бүгүнкү “Тоолуу аймактарда медициналык жардам көрсөтүү: чакырыктар жана келечек” сессиясы актуалдуу маселеге арналды. Тоолуу аймактарда жолдор татаал, климаты катаал, медициналык кызматтын жана адистердин жетишсиздиги. Экологиялык өзгөрүүлөр менен курчуган бул көйгөйлөр чечүү жолдорун талап кылат. Кыргызстан тоолуу өлкө катары бул чакырыктарды терең түшүнөт. Туруктуу жана эффективдүү саламаттык сактоо системасы болмоюнча бул тоолордо өнүгүү болбойт деп ишенич менен айта алам. 

Эл аралык эксперттердин катышуусу биздин чечимдерибизди байытат, ал эми диалог тоолуу аймактарда саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарга негиз түзөт. Конференциянын жыйынтыгы эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы перспективаларын ачат деп ишенем”.