Copyright: ©

Саламаттык сактоо министри: Эмдөө кызамыктан коргонуунун эффективдүү жолу

12.03.2025 / Просмотров: 10184

Бүгүн, 2025-жылдын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына (РКЖОО) барып, кызамык жана башка жугуштуу оорулар боюнча учурдагы эпидемиологиялык абал менен таанышты.

Бүгүнкү күндө ооруканада кызамык диагнозу менен 133 бейтап жатса, анын үчөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

 

Буга чейин кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 9 адистештирилген бөлүм ачылган. Бирок ооругандардын саны азайгандыгына байланыштуу азыр үч бөлүм курч ичеги инфекциясы, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана вирустук гепатит менен ооругандарды кабыл алып, мурдагы иштөө режимине өткөрүлдү. Учурда кызамык оорусун дарылоо боюнча 6 бөлүм иштеп жатат.

 

Министр дарыгерлер жана бейтаптар менен баарлашып, оорукананын керектүү дары-дармектер менен камсыз болушу жана бейтаптарды дарылоо үчүн шарттар менен таанышты. Ал кызамык оорусуна каршы өз убагында эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эмдөө бул илдеттен жана анын татаалдашынан сактануунун эң эффективдүү жолу экенин баса белгиледи.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык балдар 12 айлык жана 2 жашында КПК вакцинасын (кызамыкка, паротитке жана кызылчага каршы) алышы керек. Бирок, ДСУнун сунуштарына ылайык, эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөө 6 айлык ымыркайларга да жүргүзүлүшү мүмкүн.

2023-жылы Иммунизациялоо боюнча илимий-техникалык эксперттик топ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине кызамыкка каршы эмдөөнү 9 айдан баштап баштоону сунуштаган. Кызамык оорусунун чыгышына жооп иретинде 9 айдан 7 жашка чейинки балдарга эмдөө кампаниясы жүргүзүлүп, 918 000 бала камтылган.

Учурда бардык балдар үчүн эпидемиологиялык көрсөткүчтөрдөн улам эмдөө жашын 6 айга чейин төмөндөтүү маселеси каралууда.

Маалымат үчүн: Кызамык – аба аркылуу жугуучу курч вирустук илдет. Ал абдан жугуштуу, калтыратма, исиркектердин пайда болушу, былжыр челдин сезгениши менен мүнөздөлөт жана олуттуу оорлошууга, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн. Кызамыкты алдын алуунун бирден-бир натыйжалуу ыкмасы бул - эмдөө.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

14.11.2025
Кыргызстан жана Франция медициналык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин делегациясынын Францияга болгон иш сапарынын алкагында Франция Республикасынын Каржы министрлигинин Казына департаментинин жетекчилиги менен жолугушуу өттү.

 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Франциядагы Элчилигинин өкүлдөрү жана Франциянын экономикалык мамилелер жана өнөктөштүктөр боюнча директордун орун басары Фанни Лабарт жана түз экспорттук каржылоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мартен Фоллиассон катышты.

 

Тараптар медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана бул тармакты каржылоо боюнча кызматташтыктын перспективаларын кеңири талкуулашты. Негизги тема — Кыргыз Республикасында жаңы медициналык шаарча куруу боюнча стратегиялык долбоор болду. Министр бул долбоорду диагностикадан жана дарылоодон тартып техникалык тейлөөгө, операциялык колдоого жана кадрларды даярдоого чейин толук циклдеги кызматтарды көрсөтө турган заманбап интеграцияланган комплекс катары тааныштырды.

 

Өзгөчө көңүл Франциянын медициналык объектилерди долбоорлоо, башкаруу жана пайдалануу боюнча тажрыйбасын колдонууга, ошондой эле техникалык кызматташтыктын мүмкүн болгон форматтарына бурулду. Тараптар ар кандай каржылоо механизмдерин карап, сунуштарды эксперттик деңгээлде мындан ары да деталдаштырууну макулдашты.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо системасын модернизациялоо приоритеттерине жооп берген оптималдуу өз ара аракеттенүү форматтарын иштеп чыгуу үчүн диалогду жана маалымат алмашууну улантууга кызыкдар экенин тастыкташты.

14.11.2025
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин Францияга болгон иш сапары медицина тармагындагы эл аралык кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган делегация Францияда улуттук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын тааныштырды. Иш-чарада Франция жана Кыргызстан ооруканаларынын ортосундагы кызматташтык күндөрүнүн алкагында өткөн форум негизги аянтча болуп, эки өлкөнүн алдыңкы медициналык, илимий жана технологиялык чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бириктирди.

Өз сөзүндө Эркин Чечейбаев эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Министр өзгөчө көңүлдү Бишкекте курула турган медициналык шаарчага бурду — бул өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоор болуп, ал алдыңкы медициналык, билим берүү жана илимий борборго айланат.

Министр белгилегендей, келечектеги медициналык шаарча эл аралык стандарттарга жооп берип, диагностика, дарылоо, реабилитация, кадр даярдоо жана санариптик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн камтыган толук циклдеги медициналык кызмат көрсөтөт. Долбоор улуттук саламаттык сактоо системасынын ядросу болуп, инновацияларды жана жогорку технологиялык чечимдерди киргизүү үчүн негиз түзөт.

Иш сапардын алкагында делегация Франциянын бир катар алдыңкы клиникаларына барып, тиешелүү багыттар боюнча адистер менен мазмундуу консультацияларды өткөрдү.

Адольф де Ротшильд Фондунун ооруканасында тараптар ыкчам неврологияны өнүктүрүү, инсульттан кийин реабилитациялоо жана кыргыз-француз дарыгерлеринин кесиптик алмашуусун күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Джорж Помпиду атындагы Европа ооруканасында делегация ыкчам кардиологиялык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушу менен таанышып, татаал клиникалык учурларды талкуулоо жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу үчүн туруктуу видеоконференцияларды өткөрүп туруу макулдашты.

Мындан сырткары, министр Ооруканалар аралык кызматташтыктын 6-Эл аралык күндөрүндө сөз сүйлөп, эл аралык өнөктөштүктүн практикалык жыйынтыктарын белгиледи — телемедицина, санариптик сервистер жана жогорку технологиялык операциялардын чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен жүргүзүлүшү өңдүү жетишкендиктерди баса белгиледи.

Ин сапардын маанилүү бөлүктөрүнүн бири Expertise France агенттиги менен болгон жолугушуу болуп, анда жасалма интеллект, саламаттык сактоону санариптештирүү жана медициналык кадрларды окутуу жаатында кызматташтыктын перспективалары каралды.

Франциянын Каржы министрлигинин Казына департаментинде өткөн сүйлөшүүлөр да өзгөчө мааниге ээ болду. Тараптар медициналык инфраструктура долбоорлорун каржылоонун мүмкүн болгон механизмдерин талкуулап, оптималдуу кызматташуу моделдерин аныктоо үчүн эксперттик консультацияларды улантууну макулдашты.

Иш сапар Фош ооруканасына болгон зыярат менен жыйынтыкталды. Бул жерде кыргыз адистеринин квалификациясын жогорулатуу, кесиптик алмашуу жана клиникалык кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин Францияга болгон иш сапары Кыргызстан үчүн эл аралык байланыштарды чыңдоодо олуттуу кадам болуп, инвестиция тартууда, заманбап технологияларды киргизүүдө жана саламаттык сактоо тармагын модернизациялоого багытталган стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

14.11.2025
Улуттук энени жана баланы коргоо борборунда Диабетке каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленди

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда диабетке каршы күрөшүүнүн Дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул күн жыл сайын өз убагында диагноз коюунун, алдын алуунун жана сапаттуу дарылоонун маанилүүлүгүн, айрыкча балдар арасындагы диабет көйгөйүн эске салат.

Бүгүн Кыргызстанда диабет менен ооруган балдардын саны өсүүдө — 2024-жылы эле 1200дөн ашык бала, анын ичинде беш жашка чейинкилер да дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Бул медициналык жардамды тынымсыз жакшыртуунун жана заманбап технологияларды киргизүүнүн зарылдыгын көрсөтөт.

Борбор балдар эндокринология кызматын өнүктүрүүнүн алкагында диабетти көзөмөлдөөнүн заманбап ыкмаларын активдүү киргизүүдө. «Базель» компаниясынын гуманитардык жардамынын аркасында эндокринология бөлүмү кандагы канттын деңгээлин так жана үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, оорунун күчөшүн алдын алууга мүмкүндүк берген жаңы системалар менен камсыз болду.

Жакынкы келечекте Борбор инсулин помпалык терапиясын кеңири колдонууну пландап жатат — бул ыкма балдардын дарылануусун кыйла ыңгайлуу, коопсуз жана натыйжалуу кылат.

Борбордун негизги максаты — диабет менен ооруган балдарга өз убагында, сапаттуу жана заманбап медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле ата-энелердин жана коомдун бул ооруну эрте аныктоо жана туура дарылоо боюнча маалымдуулугун жогорулатуу.