Copyright: ©
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат
18.05.2024 / Просмотров: 4160
17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.
18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.
12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.
18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
05.11.2024
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды
Бүгүн, 2024-жылдын 5-ноябрында, Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында болуп, ал жердеги бейтаптарга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүү шарттары менен таанышты. Иш сапарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коштоп жүрүштү.
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган курулушу кыргыз-түрк достугунун жана кызматташтыгынын бекем белгиси болгон медициналык мекеменин расмий ачылышын өткөрдү. Белгилей кетсек, аталган оорукана Кыргызстандын жарандарына мурда жетишилген келишимдердин негизинде 2021-жылдын октябрь айында медициналык кызмат көрсөтө баштаган. Өткөн жылы ооруканада үч бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалып, 2024-жылдын июнь айында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баалоо максатында , анын ысымы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасына ыйгарылган.
05.11.2024
КР Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргызстан менен Түркиянын саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу болуп өттү
Бүгүн, 2024-жылдын 5-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглунун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн медицина тармагындагы кызматташуусунун келечегин жана артыкчылыктуу багыттарын, кадрлар менен камсыз кылуу, Кыргызстандын медициналык адистерин түрк клиникаларында окутуу, ошондой эле фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Алымкадыр Бейшеналиев Түркия өкмөтүнө жана Кемал Мемишоглуга Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан менен Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагындагы мындан аркы кызматташтыгына, атап айтканда Кыргызстандын 150 жаранын түрк клиникаларында дарыланууга квотаны жаңыртуу боюнча бир катар негизги маселелерди айтты. Министр ошондой эле бүгүн кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркия Республикасындагы медицина жана медициналык адистиктер жаатында билим алуусу жөнүндө Макулдашуу жана эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө Протокол эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого түрткү берет.
Жалпысынан жолугушуу конструктивдүү диалог жана өз ара түшүнүшүү менен коштолуп, министрлер саламаттыкты сактоо тармагында мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
30.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту
2024-жылдын 29-октябрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа региондук комитетинин 74-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Бейшеналиев 2024-жылдын июнь айында Президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында Кыргызстанда өткөн Борбордук Азиядагы саламаттык сактоого инвестиция боюнча 1-Эл аралык форумдун ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Ал белгилегендей, бул иш-чара ДСУнун Европалык аймактык бюросу менен биргеликте Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө салым кошкон инновациялык стратегияларды бөлүшүү жана мыкты тажрыйбаларды көрсөтүү үчүн маанилүү платформа болуп саналат. Министр форумду өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ДСУга ыраазычылык билдирип, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, ошондой эле санариптик саламаттык сактоо куралдарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Кыргызстандын калктын саламаттыгын жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган улуттук жана аймактык демилгелерин ишке ашырууда ДСУ мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.