Copyright: ©
ПАРФЮМЕРИЯ-КОСМЕТИКАЛЫК ПРОДУКЦИЯЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТТЕРГЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮНҮ КООМДУК ТАЛКУУЛОО
27.02.2025 / Просмотров: 13691
Саламаттыкты сактоо министрлиги бизнес өкүлдөрүнө жана бардык кызыкдар тараптарга ЕЭКнын “Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2020-жылдын 22-декабрындагы №177 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечиминин долбоорун коомдук талкуулоонун жүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.
Долбоор Бажы бирлигинин «Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» (ТР CU 009/2011) техникалык регламентинин стандарттарынын тизмесине түзөтүүлөрдү киргизүүнү карайт. Коомдук талкуу белгиленген тартипте жүргүзүлөт жана бизнес өкүлдөрүнүн, тармактык эксперттердин жана башка кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алууга багытталган.
Карап чыгуу үчүн документтер Евразия экономикалык биримдигинин расмий сайтында жайгашкан: https://regulation.eaeunion.org/pd/2959/.
Талкуулоо мөөнөтү:
- Башталышы: 2025-жылдын 11-февралы
- Аякталышы: 2025-жылдын 13-марты
Кантип катышса болот?
Сунуштар жана пикирлер 2025-жылдын 13-мартына чейин төмөнкү даректерге жөнөтүлүшү керек:
Кагаз түрүндө: 115114, Москва ш., Летниковская к., 2-имарат, 2-корпус
Электрондук почта аркылуу: dept_techregulation@eecommission.org
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги конструктивдүү сунуштарды киргизүү жана өзгөртүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бизнес өкүлдөрүн жана кызыкдар тараптарды талкууга активдүү катышууга чакырат.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
24.04.2025
Алай районунда дарыгерлер үчүн заманбап жатакана пайдаланууга берилди
23-апрелде капиталдык оңдоодон кийин Ош облусунун Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) 20 батирлүү жатаканасы расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, райондун акими Чыңгыз Бапаев жана медицина кызматкерлери катышты.
Элчибек Жантаев жатакананын ички шарттары менен таанышып, медицина кызматкерлерин жаңы турак-жайы менен куттуктады. Ал белгилегендей, бул демилге жаш дарыгерлерди облуска тартуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.
1977-жылы курулган имарат буга чейин оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү болуп иштеп келген. 2021-жылы “Алай GMP” ишканасынын жетекчилиги тарабынан Ош облусун өнүктүрүү фондуна имаратты заманбап жатакана кылып реконструкциялоо долбоору сунушталып, ал колдоо тапкан.
Оңдоо иштерине облустук өнүктүрүү фондунан 6 миллион 660 миң сом, Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бюджетинен жалпысынан 7 миллион сомдон ашык кошумча каражат бөлүнгөн.
Жатакана төмөнкүлөрдөн турат:
- 12 бир бөлмөлүү батирлер,
- 4 эки бөлмөлүү батир,
- 3 үч бөлмөлүү батир,
- 1 балдар оюн бөлмөсү,
- 4 санитардык түйүндөр,
- 2 ашкана.
Квартиралар дарыгерлердин муктаждыгына жараша бөлүштүрүлөт. Учурда жатаканага 14 дарыгер жана 6 орто билимдүү медициналык кызматкер үй-бүлөлөрү менен жалпысынан 53 адам жайгаштырылган. Бул долбоор Алай районунун саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө жана жаш адистерди колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
24.04.2025
2025-жылдын 24-апрелинде С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда медициналык кадрларды жумушка тартууга багытталган вакансиялар жарманкеси болуп өттү.
2025-жылдын 24-апрелинде С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда медициналык кадрларды жумушка тартууга багытталган вакансиялар жарманкеси болуп өттү.
Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин, клиникалык базалардын координаторлорун жана жаш адистерди – ординаторлорду бир аянтчага чогултту.
Иш-чаранын негизги максаты – жаш медицина кызматкерлерин региондорго тартуу, аларга конкреттүү жумуш мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо жана кадрдык саясатты күчөтүү болду.
Иш-чаранын ачылыш аземинде Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Байдавлетов Каарманбек Кочкорбаевич жана институттун ректору, медицина илимдеринин доктору Курманов Рустам Абдыкайыпович куттуктоо сөз сүйлөп, жаш дарыгерлерди элдин ден соолугун сактоо жаатында активдүү болууга, өз кесибин сүйүү менен аркалоого чакырышты.
Мындан сырткары, иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Асанкулова Махаббат Тунгучбековна жана Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Долонбаева Зуура Абдибаитовна катышып, жаш адистер менен түз байланыш түзүп, мамлекеттик колдоолор, программалар жана кызматка орношуунун жол-жобосу тууралуу кеңири маалымат беришти.
Аймактардан келген саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери өз клиникалык базаларын жана алардагы бош кызмат орундарын сунуштап, заманбап шарттар, турак жай менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү жана айлык маянаны жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти. Алар даярдаган презентациялар аркылуу мекемелердин материалдык-техникалык базасы, жамааттын иштөө маданияты жана жаш адистер үчүн каралган колдоолор тууралуу кеңири баяндап беришти.
Жарманкенин жүрүшүндө ординаторлор жетекчилер менен жандуу пикир алышып, кызыктырган суроолоруна жооп алып, аймактардагы жумуш орундарын терең талдап, өздөрү үчүн ылайыктуу варианттарды караштырышты. Айрым ординаторлор жеринде эле ниет каттарын тапшырып, аймактык жетекчилер менен кызматташтыкты баштоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Бул жарманке өлкөнүн медициналык кадрдык потенциалын аймактарга багыттоо менен бирге, жаш адистердин эмгекке орношуусуна түрткү берип, аймактар менен борбордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана саламаттык сактоо системасын тең салмактуу өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
24.04.2025
Эркин Чечейбаев: Тоолуу аймактарда саламаттыкты сактоонун эффективдүү системасы болмоюнча туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес
Эркин Чечейбаев: Тоолуу аймактарда саламаттыкты сактоонун эффективдүү системасы болмоюнча туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес 24-апрелде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай» Эл аралык конференциясы өттү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев катышуучулар менен саламдашып жатып, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: "Конференция Бишкек+25 саммитин өткөрүүгө негиз даярдайт.
Президент Жапаровдун БУУ тарабынан колдоого алынган Тоолорду өнүктүрүүнүн беш жылы (2023-2027) боюнча демилгеси тоолуу аймактардын глобалдык маанисин баса белгилейт. Бүгүнкү “Тоолуу аймактарда медициналык жардам көрсөтүү: чакырыктар жана келечек” сессиясы актуалдуу маселеге арналды. Тоолуу аймактарда жолдор татаал, климаты катаал, медициналык кызматтын жана адистердин жетишсиздиги. Экологиялык өзгөрүүлөр менен курчуган бул көйгөйлөр чечүү жолдорун талап кылат. Кыргызстан тоолуу өлкө катары бул чакырыктарды терең түшүнөт. Туруктуу жана эффективдүү саламаттык сактоо системасы болмоюнча бул тоолордо өнүгүү болбойт деп ишенич менен айта алам.
Эл аралык эксперттердин катышуусу биздин чечимдерибизди байытат, ал эми диалог тоолуу аймактарда саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарга негиз түзөт. Конференциянын жыйынтыгы эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы перспективаларын ачат деп ишенем”.