Copyright: ©

Париж шаарында саламаттык сактоо тармагындагы инвестиция жана кызматташтык боюнча биринчи кыргыз-француз форуму өттү

13.11.2025 / Просмотров: 8203

Францияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо жаатындагы инвестиция жана кызматташтык боюнча өткөн биринчи кыргыз-француз форумуна катышты. Бул форум Франция жана Кыргызстандын ооруканаларынын кызматташтык күндөрүнүн алкагындагы негизги иш-чара болуп, Франциянын алдыңкы компанияларынын, илимий-изилдөө институттарынын, медициналык жана технологиялык ишканаларынын, инвесторлорунун жана эл аралык уюмдарынын өкүлдөрүн бириктирди.

Форумду French Healthcare ассоциациясынын башкы делегаты Эмиль Жоке ачып, Франциянын медицина, санарип технологиялар жана фармацевтика тармагында Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыгуусу жогорулап жатканын белгиледи.

Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри француз тарапка жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, тышкы өнөктөштүктү өнүктүрүү улуттук саламаттык сактоо тутумун модернизациялоонун маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал бүгүн өлкөдө саламаттык сактоо секторун реформалоо боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканын жана өзгөчө көңүл инфраструктурага, санарип технологияларга, оорулардын алдын алууга жана кадрдык өнүгүүгө бурулуп жатканын баса белгиледи. Мамлекеттин негизги саясатынын борборунда жарандардын саламаттыгын — өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы көрсөткүчү катары түшүнүү турат.

Эркин Чечейбаев модернизация программасынын негизги элементтерин сунуштап, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңы медициналык шаарча куруу жөнүндөгү Указынын ишке ашырылышын белгиледи. Бул — өлкөнүн алдыңкы улуттук медициналык мекемелерин бириктире турган заманбап, жогорку технологиялуу медициналык кластерди түзүү долбоору. Долбоордун алкагында болжол менен 100 гектар аянтта 300 миң чарчы метр инфраструктура жана 3 200дөн ашуун орун каралган. Келечектеги комплекске дарылоо, диагностикалык, билим берүү жана илимий багыттар кирет. Ал экологиялык коопсуздук, энергиялык үнөмдүүлүк жана бейтаптар менен медициналык персонал үчүн ыңгайлуулук боюнча жогорку стандарттарга жооп берет.

Министр француз өнөктөштөрүн бул долбоорго катышууга чакырып, кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү инженердик, архитектуралык, технологиялык жана медициналык чечимдерди, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин камтый турганын белгиледи. Бул долбоор эл аралык өнөктөштөр менен технологиялык, инженердик жана инвестициялык өз ара аракеттенүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Өз сөзүндө Эркин Чечейбаев Кыргыз Республикасы саламаттык сактоодо санарип чечимдерди өнүктүрүү, электрондук медициналык системаларды киргизүү, телемедицинаны өнүктүрүү, дары-дармек жана медициналык буюмдарды чыгаруу, ошондой эле заманбап медициналык кластерлерди түзүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Ал өзгөчө жасалма интеллектти медицинада колдонууга көңүл буруп, Франция бул тармакта Европада алдыңкы орунда турарын айтты. Министр белгилегендей, мындан бир нече жыл мурда келечектин технологиясы катары кабыл алынган ыкмалар бүгүн диагностиканын, оорулардын эрте аныкталышынын, алыстан байкоонун жана алыскы аймактарда медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуунун практикалык инструменттерине айланып жатат.

Кыргызстан форумдун катышуучуларына саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын да сунуштап, милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү, калктын жеткиликтүүлүгүн жана финансылык корголушун жогорулатуу, «Дени сак адам — өнүккөн өлкө» улуттук программасын ишке ашыруу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча жаңы стратегияны даярдоо иштерине токтолду. Министр кадрдык потенциалды чыңдоонун, адистердин кесиптик өсүүсү үчүн шарт түзүүнүн жана реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле медициналык маалыматтарды интеграциялоо, электрондук карталарды киргизүү, «санарип ФАПтарды» өнүктүрүү жана жарандар үчүн жаңы кызматтарды ишке ашыруу сыяктуу багыттарды камтыган медициналык мекемелерди башкаруу сапатын жогорулатуу жана саламаттык сактоонун санарип трансформациясын улантууга өзгөчө басым жасалды.

Кыргыз Республикасы медицина тармагында инновацияларды, жаңы технологияларды жана алдыңкы башкаруучулук чечимдерди киргизүү үчүн ачык платформа болууга даяр экенин билдирди. Эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтык — бул өз ара ишенимге, кызыкчылыктын шайкештигине жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүк катары каралат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

10.12.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги «Сезим» кризистик борборунун пресс-турунда гендердик зомбулукка каршы «16 күн активдүү аракеттер» кампаниясынын алкагында катышты

2025-жылдын 9-декабрында Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургуль Аднаева «Сезим» кризистик борбору тарабынан уюштурулган, гендердик зомбулукка каршы эл аралык «16 күн активдүү аракеттер» кампаниясынын алкагындагы иш-чарага катышты.

Иш-чаранын максаты — үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук көйгөйүнө көңүл буруу, аялдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү ыкчам жардам механизмдерин тааныштыруу, мамлекеттик органдарды жана ЖМК өкүлдөрүн борбордун иши менен тааныштыруу болду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага жооп кайтаруу багытында олуттуу прогресс бар экенин белгиледи. Бүгүн аялдар өздөрүн көбүрөөк корголгон сезишет жана жардам алууга эркин кайрыла алышат, ал эми мамлекеттик органдар ар бир кайрылууну кылдат карап чыгышат. Өкмөт аялдарды, балдарды жана калктын аярлуу катмарларын коргоо багытында иш алып барган уюмдарга колдоону туруктуу түрдө жогорулатып келет.

Борбордун негиздөөчүсү, укук коргоочу Бюбүсара Рыскулова кампанияга Кыргызстандын катышуу тарыхы жана «Сезим» кризистик борборунун 1998-жылдан бери иштеп келе жаткан көп жылдык тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

«Нур» Транзиттик социалдык үйүнүн адистери катышуучуларга ыкчам жардамдын түрлөрү тууралуу маалымат беришти: аялдар менен балдарды коопсуз жайгаштыруу, кризистик коштоп жүрүү, баштапкы жооп кайтаруу, коргоо кызматтары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Борбордун психологу жабыркагандар менен иштөө өзгөчөлүктөрү жана зомбулуктун психологиялык кесепеттери тууралуу айтып берип, анонимдештирилген мисалдарды келтирди. «Сезим» кризистик борборунун юристтери Кыргыз Республикасында аялдар менен балдарды үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоого багытталган мыйзамдарга сереп жүргүзүп, укуктук нормалардын практикалык колдонулушуна байланышкан реалдуу кейстерди көрсөтүштү. Ошондой эле катышуучуларга адистердин өз учурундагы жардамы аркылуу кризистен чыга алган аялдардын анонимдештирилген окуялары сунушталды.

Гендердик зомбулукка каршы «16 күн активдүү аракеттер» эл аралык кампаниясы 1991-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп, дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүн камтыйт.

09.12.2025
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборунда оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы бейтапка сейрек кездешүүчү жогорку технологиялуу операция ийгиликтүү жасалды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда (ЖХжОТИИИ) эң татаал жана сейрек жасалуучу операциялардын бири – төмөндө жайгашкан көкүрөк аортасына жана инфрареналдык бөлүгүнө шунт коюу, ошондой эле кыска кан тамырды, жогорку ич көңдөйүнүн жана сол бөйрөк артерияларын протездөө ийгиликтүү аткарылып, оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү сактап калынды.

Өспүрүмдө фибромускулярдык дисплазия диагнозу коюлуп, ич көңдөйүндөгү аорта жана анын эң маанилүү бутактары — кыска кан тамыр, жогорку ич көңдөйүнүн жана бөйрөк артериялары жабыркаган. Бул оору олуттуу артериалдык гипертензияга жана гипертрофиялык кардиомиопатияга алып келген. 2022-жылдан тарта жүргүзүлгөн консервативдик дарылоого карабастан, 2025-жылдын октябрында баланын абалы кескин оорлоп, дары-дармек терапиясы натыйжа бербей калды. Ата-энеси аталган институтка кайрылгандан кийин, бейтап дароо хирургиялык бөлүмгө жаткырылып, кеңири текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында шашылыш операция талап кылынары аныкталды.

2025-жылдын 29-октябрында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун хирургдар командасы ич көңдөйүндөгү аорта жана анын бутактарын протездөө боюнча татаал жогорку технологиялуу операция жасады. Техникалык жактан абдан татаал жана узакка созулган бул операция ийгиликтүү өттү. Бейтап эки күн жандандыруу бөлүмүндө болуп, андан кийин жалпы бөлмөгө которулду. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда жана жакын арада үйүнө чыгарууга даярдалууда.

Адистер белгилегендей, мындай операциялар Кыргыз Республикасында жалгыз Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда гана жасалат. Институт өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр хирургиясынын алдыңкы мекемеси болуп саналат жана заманбап жабдуулар, анын ичинде ЭКМО жана аорталдык контрпульсация аппараттары менен камсыздалган. Бул чоңдорго, балдарга жана ымыркайларга татаал операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары балдар кардиохирургу жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун дарылоо иштери боюнча башкы дарыгери Бекболот уулу Нурболот жасалган операциянын маанилүүлүгүн жана институттун жүрөк-кан тамыр хирургиясындагы ордун баса белгиледи:
«Операция техникалык жактан өтө татаал болду. Анын ийгиликтүү аткарылышы командалык иштин жана институттун материалдык-техникалык базасынын жогорку деңгээлинин аркасында мүмкүн болду. Мындай операциялар республикада жалгыз гана биздин институтта жасаларын баса белгилейбиз. Биздин жамаат балдарга өзгөчө көңүл бурат: 6 жашка чейинки балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга операциялар акысыз жасалат. Бейтаптын абалы турукташканына кубанычтабыз жана ага толук сакайып кетүүнү каалайбыз», — деди Бекболот уулу Нурболот.

09.12.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишин одоно мыйзам бузуу фактылары боюнча токтотту

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги республика боюнча жеке менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдарга масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүздү. Бул көзөмөл иш-чаралары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын күчөтүү жана лицензиялоо-уруксат берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын бекемдөө максатында уюштурулду. Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» жана «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдары негиз болду.

Жалпысынан 541ден ашык жеке медициналык уюм текшерүүгө алынган. Алардын ичинен 246сы же 45,5%ы жарактуу лицензиясы жок иш жүргүзүп келгени аныкталды. Лицензиясы бар 295 субъекттин ичинен 110унда лицензиялык талаптарды бузуу фактылары табылды. Аларга төмөнкүлөр кирет: лицензияда каралбаган багыттар боюнча медициналык кызмат көрсөтүү, кызматкерлерде тиешелүү сертификаттардын, аттестациянын жана профилдик билимин жоктугу, медициналык билими жок адамдарды жумушка тартуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана инфекциялык көзөмөлдүн сакталбашы, шаймандарды туура эмес стерилизациялоо, каттоого алынбаган дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды, анын ичинде өзгөчө көзөмөлгө алынуучу каражаттарды туура эмес сактоо жана колдонуу.

Аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча административдик чаралар көрүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 20 млн 740 миң сомдон ашты. 263 медициналык уюмдун иши токтотулду, ал эми 246 мыйзамсыз медициналык иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын лицензиясы жок медициналык мекемелерге кайрылуусу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурарын баса белгилейт. Анткени профилдик билими жана тиешелүү уруксаты жок адамдар көрсөткөн кызматтар оор кесепеттерге, анын ичинде инфекцияларга, медициналык манипуляцияларды туура эмес жасоого жана бейтаптардын ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.

КР Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды жана өлкө конокторун медициналык жардамды расмий уруксаты бар лицензияланган медициналык уюмдардан гана алууга чакырат. Лицензиясынын бар-жогун, ошондой эле лицензияланган субъекттердин тизмеси жана көрсөтүлгөн кызматтар менен министрликтин расмий сайтындагы «Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо» бөлүмүнөн — med.kg/lisenzirovanie — таанышууга болот.