Бишкек шаарынын №2 клиникалык оорукананын экинчи корпусунун фасады жана чатыры оңдолуп жаткандыктан, бейтаптардын коопсуздугу үчүн имаратты жабуу зарылчылыгы келип чыккан
31.03.2022 / Просмотров: 634
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштерин баштады. «Исманкуловдун көз микрохирургиясы» жеке клиникасы жайгашкан оорукананын экинчи корпусунун фасады иретке келтирилүүдө.
Оорукананын фасадынын абалы кейиштүү, чатырынан суу агып, нымдуулуктан кыштары урап, жараксыз абалга келген. Фасадынын урап калуу ыктымалдыгы бар. Андыктан имараттын чатыры да толугу менен алмаштырылат. Буга байланыштуу бейтаптардын коопсуздугу үчүн имаратты толук жабуу зарыл.
«Жеке клиника мамлекеттик оорукананын имаратын 20 жылдан бери ээлеп турат. Бирок, ижарачы имаратты толугу менен талаптагыдай абалда кармаган эмес, бул мамлекеттик менчикке кайдыгер мамиледен кабар берет. Ал эми көз оорулары менен ооруган бейтаптарды эч ким медициналык жардамсыз калтырбай тургандыгына ишендиргим келет, аларды кабыл алуу үчүн Улуттук госпиталда көздүн микрохирургиясы бөлүмдөрү бар, ал жерде жогорку квалификациялуу адистер иштешет, керектүү медициналык жабдуулар бар», — деди Алымкадыр Бейшеналиев. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
01.09.2023
Ош облусундагы Өзгөн ЖДПБда амбулатордук бейтаптарды кабыл алуу үчүн салынган жаңы имараттын ачылышы болду
Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы бейтапканасынын имаратынын ачылыш аземине катышты.
Министр өз сөзүндө эффективдүү башкаруунун жана эки жылдык экономикалык пландаштыруунун аркасында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги бардык санитардык нормаларга жана талаптарга жооп берген заманбап бейтапканалык имарат курууга жетишкендигин белгиледи. Эми медицина кызматкерлери жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүп, Өзгөн районунун калкынын талаптарын толук канааттандыра алышат.
МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун алкагында ноябрь айында имаратка жаңы компьютердик томография (КТ) аппараты, жакынкы күндөрү санариптик рентген аппараты орнотулат. Кошумчалай кетсек, жалпы дарыгерлик практика борбору буга чейин өз каражатына заманбап УЗИ аппараты, эхокардиограф жана эндоскоп сыяктуу акыркы үлгүдөгү медициналык жабдууларды сатып алган.
Бермет Мамасадыкова, Өзгөн ЖДПБнын директору: «Өзгөн районунун 130 миңге жакын тургуну биздин бейтаптарыбыз. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп, Өзгөн районунун тургундарынын ден соолугун чыңдоого көмөктөшөбүз. Биздин ЖДПБга кайрылган бейтаптарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз».
01.09.2023
Ош облусунун Өзгөн районунун Токтогул айылында 225 орундуу жаңы мектеп эшигин ачты
Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында 225 орундуу Шопоков атындагы жаңы мектеп эшигин ачты.
Мектептин ачылышына КРнын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова катышты. Министр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан аталган мектептин мугалимдерин, окуучуларын жана ата-энелерин Билим күнү менен куттуктады.
Министр куттуктоо сөзүндө өлкө башчысы Садыр Нургожоевич Жапаровдун аракетинин аркасында кенен, жарык класстары, китепканасы, спорт залы жана ашканасы бар жаңы мектеп балдарга эшигин ачканын белгиледи. «1-сентябрь – балдар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө майрам. Жаңы мектептин ачылышы Зергер айылынын бардык тургундары үчүн жаңы окуу жылынын башталышына эң жакшы белек болду. Түзүлгөн шарттар жана мектептин мугалимдеринин кесипкөйлүгү балдарыбыздын окууда жакшы ийгиликтерге жетишүүсүнө жардам берет деп ишенем», - деп кошумчалады министр.
Министр Гүлнара Баатырова балдардын жана жаштардын арасында пайдалуу адаттарды калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан сергек жашоо образын жайылтуу үчүн пайдалуу адаттарды калыптандырууга, ден соолук жана жалпы жашоо сапатын жакшыртуугакөмөктөшүүчү видео роликтерди көрсөтүп туруу үчүн сыналгы белек кылды.
Үстүбүздөгү жылдын башында мамлекет башчысы өлкө боюнча 100 жаңы мектеп куруу тапшырмасын берген. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 43 жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты.
01.09.2023
КР Саламаттыкты сактоо министри менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Кытай грантынын эсебинен курулган Ош шаардык клиникалык ооруканасынын иши менен таанышты
2023-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь айым Ош шаардык клиникалык ооруканасы жайгашкан “Ак-Тилек” кичи районуна барышты. Оорукана Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатына курулуп, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.
«Оорукананын төрт жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде ал жергиликтүү тургундар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн алмаштырылгыс борборлорунун бирине айланды, бул эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилейт», - деди Гүлнара Баатырова ооруканага болгон иш сапарынын жүрүшүндө.
Саламаттыкты сактоо министринин жана Кытай Элчисинин иш сапары бул саламаттыкты сактоо мекемесинин маанилүүлүгүн арттырып, анын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын бир топ жакшыртып, Ош шаары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыздоодогу ордун баса белгиледи.
Маалымат үчүн:
Ош шаардык клиникалык ооруканасы үч корпустан – амбулатордук-диагностикалык, стационардык жана административдик корпустан турат. Амбулатордук-диагностикалык корпуста дарыгерлер бейтаптарга кенеш берип, диагноз коюп, тез жардам көрсөтөт. Анда жандандыруу бөлүмү жана операциялык бөлмө каралган. Стационардык имарат 250 орунга ылайыкталган. Административдик корпуста иш бөлмөлөрү, бухгалтерия, телемедициналык кабинет жана 200 орундуу конференц-зал бар.
Ооруканада хирургия, травматология, нейрохирургия, урология бөлүмдөрү бар. Гастроскопия, лапароскопия, колоноскопия, эхокардиография жана башка диагностикалык жана дарылоо процедуралары үчүн жабдуулар орнотулган. Мекемеде 300дөн ашык медицина кызматкерлери иштейт.
2022-жылы ооруканада 8800 адам дарыланып, 17 000 амбулатордук кайрылуулар катталган. 2022-жылы ооруканада 4060 операция жасалган.