Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынан тарта өспүрүм кыздарды адам папилломавирусуна каршы эмдөө баштоо пландалууда

20.07.2022 / Просмотров: 2163

Бүгүн, 2022-жылдын 20-июлунда, “Сенин келечегиң үчүн вакцина. Жатын моюнчасынын рагын токтотолу” ураанын астында Кыргыз Республикасында адамдын папилломавирусуна (HPV) каршы вакцинаны киргизүү боюнча илимий-практикалык конференция өттү. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык аймактык бюросу тарабынан уюштурулган иш-чарада вакцина менен алдын ала турган инфекцияларга, анын ичинде адам папиллома вирусуна байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Иш-чара ошондой эле иммунизациялоо, рак оорусуна каршы күрөшүү, репродуктивдүү жана өспүрүмдөрдүн ден соолугу боюнча улуттук программалардын ортосундагы байланышты күчөтүү үчүн аянтча катары кызмат кылды.

Конференциянын катышуучулары эпидемиология, гинекология, онкология тармагындагы эксперттер, ошондой эле алдыңкы улуттук илимий борборлордун, илимий чөйрөлөрдүн, медициналык университеттердин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, Улуттук онкологдор ассоциациясынын, Улуттук акушерлердин ассоциациясынын мүчөлөрү жана гинекологдор болду.

Өз сөзүндө саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2020-2024-жылдарга иммунопрофилактика программасын ишке ашыруу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрүнүн календарына ылайык жаңы вакциналарды киргизүү маанилүү стратегиялык багыт болуп саналат. "Пландуу эмдөө - бул дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун үнөмдүү стратегиясы, ал ден-соолукту чыңдоо боюнча башка чараларга салыштырмалуу балдардын оорусун, өлүмүн жана майыптыгын кескин кыскарта алат",-  деди ал.

Жатын моюнчасынын рагы аялдардын ден соолугуна коркунуч туудурган эң чоң коркунучтардын бири болуп саналат жана дүйнө жүзү боюнча аялдардын арасында кеңири таралган рак ооруларынын төртүнчүсү жана коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Маселен, 2020-жылы бул оорунун 604 миңге жакын жаңы учуру катталса, ошол эле жылы жатын моюнчасынын рагынан 342 миң аял каза болгон.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 500гө жакын аял жатын моюнчасынын рагы (ЖМР) менен ооруйт. ЖМР өлкөдөгү аялдардын рак оорусунун 2 негизги себеби болуп саналат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң кеңири таралган түрү болуп саналат. ЖМР жыл сайын 300дөн ашык өлүмгө себеп болот жана аялдардын рак оорусунан өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат. Кыргызстанда 2020-жылы жатын моюнчасынын рагы менен ооругандардын деңгээли 100 миң аялга 15 учурду түздү, бул Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана ДССУнун Европа регионундагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

Кыргыз Республикасынын Иммунизациялоо боюнча Илимий-техникалык Эксперттик тобу Кыргызстанда жатын моюнчасынын рак оорусунун жогорку көрсөткүчүн, жогорку онкогендик ВПЧ түрлөрүнүн алдын алуу үчүн жогорку эффективдүү жана коопсуз вакциналардын жана өспүрүм кыздарды өмүр бою бул оор оорудан коргоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эмдөөнүн жогорку камтуусун камсыз кыла турган мектептердеги эмдөө системасын эске алуу менен 11 жаштагы өспүрүм кыздарды профилактикалык эмдөө календарына ВПЧ вакцинасын киргизүү боюнча далилдүү сунуштарды берди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 276 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык, адам папилломавирусуна каршы эмдөө башталат, жана вакцинанын биринчи дозасы 11 жаштагы кыздарга берилет. Негизги максаттуу топтон тышкары, Иммунизациялоо боюнча Илимий-техникалык Эксперттик тобу вакцинаны киргизүүнүн биринчи жылында 12-14 жаштагы кыздарга эмдөөнү сунуштады. Өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагына кабылган 600дөн ашуун учурдун жана 300гө жакын өлүмдүн алдын алат.

«Кыргызстандагы бардык балдар КР профилактикалык эмдөө календарына ылайык эмдөөдөн өтсө, 13 оор оорудан сактанууга болот. Эмдөө акысыз жана өлкөнүн бардык аймактарында жеткиликтүү. Адамдын папилломавирусуна каршы эмдөөдө оорунун алдын алуу эле эмес, өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рак оорусунан коргоо жана алардын сергек жана жемиштүү жашоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жөнүндө сөз болуп жатат», - дейт Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Г.С.Ишенапысова.

«2006-жылдан бери, биринчи ВПЧ вакцинасы чыккандан бери, дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашык адам эмделди, алар үчүн вакцинанын 270 миллиондон ашык дозасы колдонулган. ВПЧ вакцинасын мурда киргизген көптөгөн өлкөлөрдө ВПЧ инфекцияларынын жана ооруларынын саны тез жана олуттуу (90%га чейин) азайып, эмдөөнүн оң таасирин көрсөтө алышкан. ВПЧ вакцинасы менен эмдөө жаш муундун ден соолугуна, аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна жана бүтүндөй Кыргызстанга чоң салым кошот деп ишенем», - деди Бекенова Жанара, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу.

Кошумча маалымат:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 11-14 жаштагы 300 миңге жакын кызды адам папилломавирусуна (ВПЧ) каршы бекер эмдөөдөн өткөрүүнү пландаштырууда, бул аларды өмүр бою жатын моюнчасынын рагына каршы коргойт жана жатын моюнчасынын рагына чалдыгуу жана ага байланыштуу өлүмдөрдүн алдын алат. Бул демилге ресурстарды мобилизациялоону жана медициналык адистердин гана эмес, мугалимдердин жана, албетте, ата-энелердин да катышуусун талап кылат.

ВПЧ вакцинасын сатып алуу жана киргизүүдө каржылык колдоо Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянс тарабынан көрсөтүлөт. Иммунизациялоо графиги боюнча кыздар үчүн ВПЧ вакцинасын сатып алуу ГАВИ/ПКР биргелешип каржылоо механизминин алкагында жүргүзүлөт. ВПЧ вакцинасын киргизүүнү биринчи жылында 12-14 жаштагы кыздар үчүн вакцинаны сатып алуу ГАВИнин гуманитардык жардамы болуп саналат.

2022-жылдын март айына карата дүйнө жүзү боюнча 112 өлкө ВПЧ вакциналарын улуттук эмдөө программаларына кошкон, анын ичинде Европа, АКШ, Улуу Британия, Канада, Австралия жана Латын Америкасынын көпчүлүк өлкөлөрү. Жатын моюнчасынын рак алдындагы жараларын азайтууда эмдөөнүн жогорку эффективдүүлүгү бул вакцина көп жылдардан бери колдонулуп келе жаткан өлкөлөрдө (АКШ, Австралия, Канада, Ирландия, Швеция, Финляндия, Жаңы Зеландия, Шотландия) көрсөтүлгөн.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат

Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.