Copyright: ©

Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясынын жаңы этабы башталды

14.06.2024 / Просмотров: 5397

Кызамык оорусунун чыгышына жооп иретинде Кыргызстанда кошумча эмдөө кампаниясынын кезектеги этабы башталды. Кампания 10-июндан тарта Талас жана Ысык-Көл облустарында башталган. 13-июнда Баткен жана Нарын облустарында кошумча эмдөө иштери башталды.

 

Акциянын үч күнүндө Ысык-Көл жана Талас облустарында 24 991 бала эмдөөдөн өттү, бул максаттуу топтун 35%ын түзөт.

 

Эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт жана экинчи этап үчүн каражат Кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында түзүлгөн Эпидемияга жооп кайтаруу фонду тарабынан бөлүнгөн.

 

Ай сайын кызамык оорусунун жаңы учурлары азайганына карабастан, вирус дагы эле активдүү. Балдардын жана чоңдордун арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көптүгү оорунун негизги себеби болуп калууда.

 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-июнуна карата өлкөдө кызамык менен ооруган 10 798 учур катталган.

 

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 3 825, Ош шаарында 692, Ош облусунда 1 542, Баткен облусунда 365, Чүй облусунда 2 609, Жалал-Абад облусунда 1 323, Ысык-Көл облусунда 186, Талас облусунда 127 жана Нарын облусунда 129 учур катталды.

Кызамык менен ооругандарды жаш курагына карап бөлүштүргөн талдоо балдар арасында вирус дагы деле тамыр жайып жатканын көрсөтүүдө: 1-4 жаш курактагылар арасында 3 894 учур (36%), 1 жашка толо элек балдардын арасында 3 373 учур (31%), 5тен 9 жашка чейинкилер арасында 1 731 учур (16%) аныкталды.

Эскерте кетсек, пландуу жана кайра эмдөөнүн жүрүшүндө кызамыкка каршы вакцинанын 2 дозасын тең алган балдарды кошпогондо, эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтүүгө тийиш.

 

Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жана көчмө эмдөө бригадаларынын пункттарынан акысыз алса болот.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

10.07.2024
Боору трансплантацияланган бейтаптар канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды

Бүгүн, 2024-жылдын 10-июлунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барып, боору трансплантацияланган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Консилиум жана бардык керектүү текшерүүлөрдөн кийин эки бейтап тең канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.

Бир ай бою хирургдар, трансплантологдор, гастроэнтерологдор жана реаниматологдордон турган адистерибиз боору трансплантацияланган бейтаптардын абалын дыкат көзөмөлдөп турушту. Күнүмдүк эртең мененки жана кечки текшерүүлөр, анын ичинде гемодинамикалык жана биохимиялык көрсөткүчтөр боюнча анализдер, ошондой эле УЗИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөр жакшы жыйынтык көрсөттү. Реципиенттердин боору ийгиликтүү иштеп жатат.

Бейтаптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана бул операцияга катышкан бардык медицина кызматкерлерине өздөрүнүн кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти. 

«Биз Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операциялар биздин жарандар үчүн бекер болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя жана ал Президент Садыр Жапаровдун колдоосунун жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду. Биз ар бир жараныбызга жогорку деңгээлдеги тиешелүү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн өлкөбүздөгү медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта беребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри. Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, министр Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болоорун кошумчалады. Саламаттык сактоо министрлиги кийинки этаптагы операцияларга бейтаптарды даярдоону улантууда. Учурда 15 адам боорду алмаштыруу үчүн кезекте турат; төрт реципиентте ылайыктуу донорлор бар, алар операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Кыргызстанда алгачкы жолу Кыргыз-түрк достугу ооруканасында Түркия жана Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган жогорку квалификациялуу адистеринин катышуусунда акысыз боорду алмаштыруу операциясы жасалган. Операциялар толугу менен Президенттик фонддон каржыланып, бейтаптарга кошумча чыгымдарсыз кымбат баалуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

08.07.2024
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги кореялык H-Robotics компаниясынан реабилитациялык жабдууларды алат

Бүгүн, 8-июлда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев H-Robotics компаниясынын эл аралык бизнести өнүктүрүү боюнча директору Марина Ли айым менен жолугушту. 

 

Жолугушуунун жүрүшүндө кореялык компаниянын өкүлдөрү тарабынан ар кандай реабилитациялык программаларда, анын ичинде инсульттан, мээ жаракатынан жана кыймылдын бузулушун пайда кылган башка оорулардан кийин калыбына келтирүүдө колдонулуучу REBLESS жабдуусу менен тааныштырышты. 

 

Белгилүү болгондой, H-Robotics компаниясынын өкүлдөрү КР Саламаттык сактоо министрлигине ушундай 20 комплект жабдуу берүү ниетин билдиришти. Ушуга байланыштуу жолугушуунун катышуучулары аны Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасында колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 

 

Министр Бейшеналиев H-Robotics компаниясына ыраазычылык билдирип, жабдыктар республиканын саламаттык сактоо уюмдары  тарабынан көрсөтүлүүчү реабилитациялык  кызматтарга баалуу кошумча болорун белгиледи. 

 

«Биз медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана жаңы технологияларды колдонуу саясатыбызда кореялык тараптан мындай практикалык колдоо көрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Биз бул жабдуулар көптөгөн адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана алардын толук кандуу активдүүлүккө кайтып келишине жардам берет деп үмүттөнөбүз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев. 

 

Жолугушуунун соңунда министр Алымкадыр Бейшеналиев кореялык тарап менен кызматташуу айкын багытка ээ болуп, кийин эки өлкөнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты калыптандырууга жана бекемдөөгө негиз болот деген ишенимин билдирди. 

 

Маалымат үчүн: Rebless – бул чыканактын, билектин, тамандын жана тизе муундарынын кыймылдуулугун камсыз кылган роботтоштурулган реабилитациялык аппарат.

 

 

05.07.2024
Саламаттыкты сактоо уюмдарына 10 автоунаа жана 200гө жакын компьютер жана ноутбуктар тапшырылды

Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттынжүрүшүндө областтык жана райондук коомдук саламаттыкты сактоо кызматтарына өлкөнүн алыскы аймактарына вакциналарды ташуу үчүн 10 автоунаа (Toyota HILUX) тапшырылды. Буга чейин Кыргызстанда эмдөө деңгээлин жогорулатуу иш-чараларынын алкагында Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) жана ЮНИСЕФ тарабынан КР Саламаттык сактоо министрлигине16 унаа өткөрүлүп берилген.

 

Ошондой эле, калкты иммунизациялоо процесстерин эсепке алууну автоматташтыруу жана i-Emdoo маалыматтык системасын жайылтуу максатында Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен республиканын саламаттык сактоо уюмдарына 200гө жакын компьютер жана ноутбуктар өткөрүлүп берилди.