Copyright: ©
Эмдөө — ар бир жарандын жоопкерчилиги: кызамыктын жайылышын бирге токтотолу!
10.04.2025 / Просмотров: 6580
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 10.04.2025-ж. карата кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда деп маалымдайт — өлкө боюнча 5168 учур катталды.
Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамынын 84-беренесинин 1-пунктунун 2-подпунктуна ылайык, инфекциялык оорулардын массалык жайылышы же эпидемия коркунучу жаралган учурда эмдөө албаган жарандарды билим берүү уюмдарына кабыл алуу убактылуу чектелиши мүмкүн. Бул, биринчи кезекте, мектепке чейинки курактагы балдарга тиешелүү.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык, ар бир бала ден соолугун коргоого жана чыңдоого, ошондой эле мыйзамдарда каралгандай акысыз эмдөө кызмат көрсөтүүлөрүн алууга ажыратылгыс укугуна ээ.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 1777 эмдөө кабинети БМСЖ деңгээлинде (ҮМБ, ҮДТ, ФАП) жана төрөтканаларда иштөөдө. Ата-энелер же аларды алмаштырган адамдар баланын ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү.
Мындан тышкары, акыркы 5 жыл ичинде БМСЖ деңгээлинде 85 көчмө мобилдик бригада активдүү иштеп келет. Алар республиканын бардык аймактарында, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда, Бишкек шаарындагы жаңы конуштардагы мигранттар арасында да эмдөө жүргүзүп жатышат.
Эскерте кетсек, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине кабыл алыныш үчүн балдар медициналык кароодон өтөт, анын алкагында №63 формадагы эмдөө картасы толтурулат. Анда баланын Эмдөө календарына ылайык алган вакциналары көрсөтүлөт, бирок билим алууга уруксат/чектөө тууралуу маалымат камтылбайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да оорунун мындан ары жайылышын алдын алуу максатында кызамыктын очокторун жоюу иштерине көмөк көрсөтүүдө.
Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, жарандар милдеттүү же сунушталган эмдөөгө байланыштуу медициналык кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын аткарууга милдеттүү.
Жыл сайын эмдөөдөн баш тарткан учурлар 20 миңге чейин жетет. Баш тартуунун негизги себептери: диний ишенимдер — 43%, вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугуна болгон шек — 45%. Бул вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардын жайылышына алып келет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык иммунопрофилактика борборунда кызамык жана кызылчага каршы эмдөө боюнча маалымат берүүчү колл-борбор иштейт. Эмдөө боюнча суроолоруңуз болсо, акысыз кеңеш алсаңыз болот.
Колл-борбор күн сайын саат 08:00дөн 22:00гө чейин иштейт:
📞 +996 (999) 632 226
📞 +996 (703) 232 564
📞 +996 (708) 521 710
📞 +996 (703) 126 442
📞 +996 (999) 323 011
📞 +996 (312) 323 011
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
24.05.2025
Саламаттык сактоо министри Оштогу медициналык объектилердин модернизациясы менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Ош шаарындагы областтар аралык бириккен клиникалык ооруканага барып, анын ишмердүүлүгү жана инфраструктурасы менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр 1980-жылдардан бери капиталдык оңдоп-түзөө көрбөгөн ооруканада жүрүп жаткан ремонт иштери менен таанышып, алардын сапатын жогору баалады. Ал белгилегендей, инфраструктураны жаңыртуу – медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуудагы маанилүү кадам.
Оорукананын жамааты менен болгон жолугушууда министр медициналык кызматкерлердин билимин үзгүлтүксүз жогорулатып туруу жана эл аралык тажрыйба алмашуу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал шаардык жана облустук деңгээлдеги медициналык мекемелерге колдоону күчөтүү керектигине көңүл бурду.
«Урбанизациянын өсүшү жана ички миграция, башкача айтканда, жарандардын аймактардан ири шаарларга көчүүсү, шаардык жана облустук оорукаларга түшкөн жүктү бир кыйла көбөйттү. Ошондуктан каржылоону көбөйтүү, керебеттердин санын жана кызматкерлердин штатын кеңейтүү зарыл», — деди Эркин Чечейбаев.
Министр ошондой эле чет өлкөгө стажировкага талапкерлерди тандоо жана медициналык мекемелерде бөлүм башчы жана орун басар кызматтарына дайындоо үчүн ачык-айкын критерийлерди киргизүү керектигин белгиледи.
Сапардын алкагында Эркин Чечейбаев оорукананын жамааты менен Ош шаарында заманбап медициналык шаарчаны куруу пландары боюнча пикир алмашты. Бул демилге региондогу саламаттык сактоо инфраструктурасын олуттуу жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары, министр Ош облустук кан борборуна барып, анын жабдуулары жана иш шарттары менен таанышты. Жыйынтыгында ал кан борбору үчүн Ош областтар аралык клиникалык оорукананын аймагынан жаңы имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүү маселесин карап чыгууну тапшырды.
Ошондой эле министр Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун түштүк филиалы үчүн бөлүнгөн Ош областтар аралык клиникалык ооруканасынын жатаканаларында жүрүп жаткан оңдоо иштерин көрүп чыкты.
24.05.2025
Саламаттык сактоо министри саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылык билдирди
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана кыймыл-аракетинде кыйынчылыктар бар балдар үчүн реабилитациялык борборго барып, ал жерде жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышып чыкты.
Борбордун директору Жылдыз Мамбетова билдиргендей, бул мекеме Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген 7 айдан 18 жашка чейинки балдарга комплекстүү жардам көрсөтөт. Борбордо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн социалдык, медициналык, педагогикалык жана методикалык кызматтар көрсөтүлөт.
1955-жылы курулган борбордун имараты акыркы жолу 1976-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Учурда Ош шаардык мэриясы имараттын фасадын жаңылоого, чатырынын оңдоп-түзөөсүнө жана балдар аянтчасын курууга 5 миллион сом бөлүп берген. Бул борбордун шарттарын жакшыртууга чоң салым болду.
Эркин Чечейбаев шаар бийлигинин бул демилгесин жогору баалап, саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, министр борборду эмерек, атайын медициналык жана реабилитациялык жабдуулар менен камсыз кылуу жана жылытуу системасын жаңыртуу үчүн кошумча каржы каражаттарын табууну тапшырды.
24.05.2025
На Иссык-Куле проходит Международный конгресс, посвящённый здоровью матери и ребёнка
Ысык-Көлдө эне жана баланын саламаттыгына арналган Эл аралык конгресс өтүп жатат
2025-жылдын 23–24-май күндөрү Ысык-Көл облусунда «Акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясындагы инновациялар» аттуу Эл аралык конгресс өтүүдө.
Конгресске акушердик, педиатрия жана балдар хирургиясы боюнча алдыңкы адистер жана илимпоздор катышууда.
Конгресс Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен Улуттук эне жана баланы коргоо борбору, ЮНИСЕФ, Кыргыз Республикасынын Педиатрлар союзу (коомдук бирикме), Кыргызстандын Балдар хирургдарынын ассоциациясы (коомдук бирикме), Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Педиатрлар ассоциациясы (UNPSTR), К.Фараджова атындагы Азербайжан Республикасынын Педиатрия илим-изилдөө институту, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте уюштурулган.
Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Винера Раимбачаева, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери жана адистери, ошондой эле Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген медицина илимпоздору катышууда.
Конгресстин максаты – эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди биргеликте чечүү, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, заманбап ыкмалар менен технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.
Конгресс учурунда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору, профессор Шайырбек Сулайманов өз сөзүндө белгилеп өттү:
«Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда эне жана ымыркай өлүмүнүн көрсөткүчтөрү туруктуу түрдө азайып келет. Бул медицина кызматкерлеринин үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы. Бирок, перинаталдык көйгөйлөр дагы эле олуттуу бойдон калууда. Ымыркайлардын жарымынан көбүнүн өлүмү алдын алууга мүмкүн болгон себептерден улам келип чыгат. Бул маселени чечүү үчүн бардык тиешелүү тараптардын системдүү жана биргелешкен аракети талап кылынат. Министрлик акушердик-гинекологиялык жардамды өнүктүрүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө Улуттук борбордо заманбап перинаталдык борбор ачылды, Талас жана Ош шаарларында дагы ушундай борборлорду куруу пландалууда. Бул иштер аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле айыл жерлердеги баштапкы медициналык-санитардык жардамды бекемдөөгө багытталган».
Сулайманов белгилегендей, акыркы жылдардагы маанилүү жетишкендиктердин бири – «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» мамлекеттик программасынын алкагында неонаталдык скринингдин киргизилиши болду. Бүгүнкү күндө ар бир жаңы төрөлгөн ымыркай фенилкетонурия, тукум куучул гипотиреоз жана адреногениталдык синдром сыяктуу ооруларга скрининг текшерүүдөн өтөт.
2024-жылы скрининг менен камтуунун деңгээли 92% түзүп, учурда бул көрсөткүчтү 100% жеткирүү боюнча ишенимдүү кадамдар жасалууда.
Мындан тышкары, Кыргызстанда трансплантология багытында да олуттуу жетишкендиктер байкалууда. 2024-жылы бөйрөк көчүрүү операцияларынын саны үч эсеге өстү. Бул мамлекеттин каржылоосу жана жаңы стратегиянын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен мүмкүн болду. Бүгүнкү күндө 700дөн ашуун бейтаптар саламаттык сактоонун толук көлөмдөгү жардамын алышууда.
Улуттук эне жана баланы коргоо борбору өлкөдөгү алдыңкы илимий, клиникалык жана билим берүү мекемеси катары саналат. Бул жерде педиатрия, кардиология, нефрология, эндокринология, гастроэнтерология жана медициналык генетика багыттары жигердүү өнүгүп жатат. Илим менен практиканын айкалышы дал ушул борбордо эффективдүү чечимдерди жаратууга шарт түзөт.
Конгресстин алкагында акушердик, гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы боюнча секциялык жыйындар өтүп, адистер заманбап ыкмалар, тукум куума ооруларды генетикалык диагностикалоо, эмдөө саясаты жана жаңы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен таанышты. Ошондой эле эмгеги сиңген дарыгерлерге «Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери» наамы ыйгарылып, жаш илимпоздорго атайын конкурстун негизинде дипломдор тапшырылды.
Бул конгресс эне жана бала ден соолугун сактоо жаатында улуттук жана эл аралык кызматташтыкты бекемдеген маанилүү аянтча болуп, катышуучуларга илимий жана практикалык тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк жаратты.