Массалык маалымат каражаттары үчүн чакыруу

12.04.2022 / Просмотров: 3431

2022-жылдын 13-апрелинде саат 10.00дө «Парк Отель» мейманканасында (Орозбеков көч., 87) кызыкдар аткаруу бийлик органдарынын катышуусунда жугуштуу эмес ооруларды көзөмөлдөө боюнча секторлор аралык кеңешме өткөрүлөт.

 

Жыйындын жүрүшүндө министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга инвестиция тартууну жактаган аргументтерди талкуулашат.

         Жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) глобалдык жүгү жана коркунучу дүйнө жүзү боюнча социалдык жана экономикалык өнүгүүгө терс таасирин тийгизүүдө. 2015-жылы Кыргыз Республикасында негизги 4 ЖЭОнун (жүрөк оорулары, өпкө оорулары, кант диабети жана рак) кесепетинен өлкө жыл сайын ИДПнын 4%га жакынын жоготоору эсептелген. Чоң кишилердин өлүмүнүн 80%ы ушул оорулардан болот.

         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана экономикалык блок ЖЭО көзөмөлдөө процессинде чоң роль ойнойт, анткени соода, салык, билим берүү, айыл чарба, шаар куруу, тамак-аш өнөр жай багытындагы мамлекеттик саясат - жугуштуу оорулардын (жүрөк оорулары, өпкө оорулары, диабет жана рак) өөрчүшүнө олуттуу таасир этет.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тамеки чегүүгө каршы жаңы мыйзамга кол койгон, бул ЖЭОны көзөмөлдөө салым кошот. Учурдагы улуттук саясатты шайкеш келтирүү үчүн Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүнү камсыз кылуу жана ден соолукту чыңдоо жана экономикалык жактан активдүү калктын өлүмүнө алып келген негизги ооруларды контролдоо үчүн жооптуу органдарды түзүү үчүн кошумча күч-аракеттер талап кылынат.        ЖЭО жана аны менен байланышкан тобокелдик факторлору менен күрөшүү жана зыяндуу тамак-ашка салыктарды көбөйтүү өкмөттүн бардык секторлорунун аракеттерин талап кылат.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

12.11.2025
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

2025-жылдын 13–14-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, «Жаннат» мейманканасы (Аалы Токомбаев көч., 21/2)

Бишкек шаарында дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча XIII Улуттук конгресс өтөт.

Иш-чара Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген респиратордук медицина жаатындагы адистерди бириктирет. Конгресске Улуу Британиянын, Даниянын, Швейцариянын, Нидерланддын, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери жана клиницисттери катышат.

Конгресс дем алуу органдарынын ооруларын жана аллергияны аныктоо, дарылоо жана алдын алуудагы заманбап ыкмаларды талкуулоого арналган маанилүү кесиптик аянтча болот. Күн тартибинде — бронхиалдык астманы жана өнөкөт обструктивдүү өпкө ооруларын көзөмөлдөө, антимикробдук резистенттүүлүк, өнөкөт дем алуу оорулары бар бейтаптарды реабилитациялоо, узак мөөнөттүү кычкылтек терапиясы, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана дарылоону баштапкы звенодо интеграциялоо маселелери каралат.

Программада: пленардык докладдар, панелдик талкуулар жана алдыңкы адистердин катышуусундагы окуу семинарлары өткөрүлөт.

Кошумча маалымат үчүн:
📞 +996 708 878 525 — Магдиева Камила

11.11.2025
ММК үчүн чакыруу

2025-жылдын 12–13-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, Hyatt Regency Bishkek мейманканасы (Абдрахманов көч., 191)

Ар жылы 14-ноябрда дүйнө коомчулугу кант диабети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүн белгилеп, бул оорунун алдын алуу, эрте аныктоо жана сапаттуу дарылоонун маанисине көңүл бурат.

Дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнүн алкагында «Кант диабети — заманбап медицинанын чакырыгы» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чарага алдыңкы эндокринологдор, ДССУнун эксперттери, Эл аралык диабет федерациясынын (IDF) өкүлдөрү, илимий коомчулуктун мүчөлөрү жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер катышат.

Программада:
– диабетти дарылоонун заманбап ыкмалары;
– оорунун татаалдашуусунун алдын алуу;
– мониторингдин жана инсулин терапиясынын жаңы технологиялары;
– «Саламаттык үчүн диалог: диабетке каршы биргелешкен аракеттер» аттуу тегерек стол.

25.09.2025
ММК үчүн чакыруу: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышы

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн седация/анестезия астында  стоматологиялык жардам көрсөтүү түзүмүнүн ачылышы

🗓 Датасы жана убакыты: 2025-жылдын 26-сентябры, саат 11:00
📍 Дареги: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ), Бишкек ш., Ахунбаев көч., 190

ЭжБКУБ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүбалдарга  седация же жалпы наркоз менен стоматологиялык, анын ичинде шашылыш хирургиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген түзүмүн ишке киргизүүдө.

Жалпы 20 млн сомго жакын каражатка жабдуулар, шаймандар жана керектелүүчү материалдар (стоматологиялык отургучтар, наркоздук-дем алуу аппараттары, кардиомониторлор, ЭКГ, дефибриллятор, ИМН жана башка) сатып алынып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиологиялык жардам үчүн бөлүм Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында севофлуран препараты менен камсыздалды.

Жаңы түзүм шашылыш агымды жеңилдетип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды электрондук кезек аркылуу кабыл алууну камсыздайт (күнүнө болжол менен 2–3 бала).

Бөлүмдүн дарыгерлери С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алып баруу боюнча максаттуу окутуудан өтүшөт.