Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган акция өткөрүлөт
31.03.2023 / Просмотров: 44174
2023-жылдын 31- мартында «Бишкек Парк» соода борборунда (Бишкек ш., Киев көч., 148) саат 18.00-19.00 чейин “Ооба! Биз кургак учукту токтото алабыз!» аттуу Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган акция өткөрүлөт.
Акциянын максаты – кургак учук көйгөйүнө, коомдун биргелешкен күч-аракети гана анын жайылышын токтото аларына коомчулуктун көңүлүн буруу, кургак учук менен ооруган адамдардын стигмасын жана дискриминациясын азайтуу.
Кыргызстанда март айында салттуу түрдө өткөрүлүп келген кургак учукка каршы күрөшүү айлыгын эсте каларлык аяктоо максатында уюштурулган бул акциянын катышуучулары:
- кургак учук боюнча бардык суроолорго медициналык адистерден жооп алышат;
- кургак учуктан айыккан адамдардын ооруну кантип жеңгендери тууралуу окуялары менен таанышышат;
- боюн, салмагын жана кан басымын өлчөй алышат;
- биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшөт;
- шайыр флешмобдорго, кызыктуу викториналарга ж.б. катышуу үчүн сыйлыктарды ала алышат.
Акция КР Саламаттыкты сактоо министрлиги, Улуттук фтизиатрия борбору, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» жана «Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо» долбоорлору, Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому, Айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясы, “Билге клаб” волонтердук кыймылы, Бишкек медициналык колледжи тарабынан уюштурулууда. Акция «Бишкек Парк» соода борбору тарабынан колдоого алынууда.
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
12.11.2025
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу
2025-жылдын 13–14-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, «Жаннат» мейманканасы (Аалы Токомбаев көч., 21/2)
Бишкек шаарында дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча XIII Улуттук конгресс өтөт.
Иш-чара Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген респиратордук медицина жаатындагы адистерди бириктирет. Конгресске Улуу Британиянын, Даниянын, Швейцариянын, Нидерланддын, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери жана клиницисттери катышат.
Конгресс дем алуу органдарынын ооруларын жана аллергияны аныктоо, дарылоо жана алдын алуудагы заманбап ыкмаларды талкуулоого арналган маанилүү кесиптик аянтча болот. Күн тартибинде — бронхиалдык астманы жана өнөкөт обструктивдүү өпкө ооруларын көзөмөлдөө, антимикробдук резистенттүүлүк, өнөкөт дем алуу оорулары бар бейтаптарды реабилитациялоо, узак мөөнөттүү кычкылтек терапиясы, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана дарылоону баштапкы звенодо интеграциялоо маселелери каралат.
Программада: пленардык докладдар, панелдик талкуулар жана алдыңкы адистердин катышуусундагы окуу семинарлары өткөрүлөт.
Кошумча маалымат үчүн:
📞 +996 708 878 525 — Магдиева Камила
11.11.2025
ММК үчүн чакыруу
2025-жылдын 12–13-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, Hyatt Regency Bishkek мейманканасы (Абдрахманов көч., 191)
Ар жылы 14-ноябрда дүйнө коомчулугу кант диабети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүн белгилеп, бул оорунун алдын алуу, эрте аныктоо жана сапаттуу дарылоонун маанисине көңүл бурат.
Дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнүн алкагында «Кант диабети — заманбап медицинанын чакырыгы» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чарага алдыңкы эндокринологдор, ДССУнун эксперттери, Эл аралык диабет федерациясынын (IDF) өкүлдөрү, илимий коомчулуктун мүчөлөрү жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер катышат.
Программада:
– диабетти дарылоонун заманбап ыкмалары;
– оорунун татаалдашуусунун алдын алуу;
– мониторингдин жана инсулин терапиясынын жаңы технологиялары;
– «Саламаттык үчүн диалог: диабетке каршы биргелешкен аракеттер» аттуу тегерек стол.
25.09.2025
ММК үчүн чакыруу: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышы
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү түзүмүнүн ачылышы
🗓 Датасы жана убакыты: 2025-жылдын 26-сентябры, саат 11:00
📍 Дареги: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ), Бишкек ш., Ахунбаев көч., 190
ЭжБКУБ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүбалдарга седация же жалпы наркоз менен стоматологиялык, анын ичинде шашылыш хирургиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген түзүмүн ишке киргизүүдө.
Жалпы 20 млн сомго жакын каражатка жабдуулар, шаймандар жана керектелүүчү материалдар (стоматологиялык отургучтар, наркоздук-дем алуу аппараттары, кардиомониторлор, ЭКГ, дефибриллятор, ИМН жана башка) сатып алынып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиологиялык жардам үчүн бөлүм Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында севофлуран препараты менен камсыздалды.
Жаңы түзүм шашылыш агымды жеңилдетип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды электрондук кезек аркылуу кабыл алууну камсыздайт (күнүнө болжол менен 2–3 бала).
Бөлүмдүн дарыгерлери С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алып баруу боюнча максаттуу окутуудан өтүшөт.