Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине кабыл алуу
30.03.2023 / Просмотров: 41280
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №39 “Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, туруктуу (мөөнөтсүз) негизде саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №39 токтому менен бекитилген “Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун 4-пунктуна ылайык, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга жана дайындалууга укугу бар кадрлар резервинде турган адамдар гана дайындалат.
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине киргизүү үчүн талаптар:
- жогорку кесиптик билимге (медицина, экономика, мамлекеттик башкаруу) ээ;
- саламаттык сактоо системасында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарында башкаруучулук кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөнкү документтер керек:
- паспорттун көчүрмөсү;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө, анын ичинде интернатураны / ординатураны аяктагандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
- “Саламаттык сактоону башкаруу” адистиги / квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү, анын ичинде учурдагы эмгек келишиминин көчүрмөсү;
- кесиптик жетишкендиктери жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер (илимий наамдары, илимий даражалары, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары).
Кадрлар резервине документтерди киргизүүнүн жол-жоболору https://hsi.kg сайтында “Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин реестри” маалыматтык системасынын алкагында, Арыз ээси тарабынан өз алдынча электрондук форматта жүргүзүлөт.
Документтерди даярдоо, каттоо жана арыз берүү боюнча нускама https://hsi.kg. сайтынын “Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин компетенттүүлүгүн камсыздоо системасы” бөлүмүндө жайгаштырылган.
Кошумча маалыматтар үчүн +996 (312) 660 521 телефону аркылуу кайрылыңыздар.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР:
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдар саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине киргизилбейт.
Резервке кабыл алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кабыл алынат.
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
12.11.2025
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу
2025-жылдын 13–14-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, «Жаннат» мейманканасы (Аалы Токомбаев көч., 21/2)
Бишкек шаарында дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча XIII Улуттук конгресс өтөт.
Иш-чара Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген респиратордук медицина жаатындагы адистерди бириктирет. Конгресске Улуу Британиянын, Даниянын, Швейцариянын, Нидерланддын, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери жана клиницисттери катышат.
Конгресс дем алуу органдарынын ооруларын жана аллергияны аныктоо, дарылоо жана алдын алуудагы заманбап ыкмаларды талкуулоого арналган маанилүү кесиптик аянтча болот. Күн тартибинде — бронхиалдык астманы жана өнөкөт обструктивдүү өпкө ооруларын көзөмөлдөө, антимикробдук резистенттүүлүк, өнөкөт дем алуу оорулары бар бейтаптарды реабилитациялоо, узак мөөнөттүү кычкылтек терапиясы, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана дарылоону баштапкы звенодо интеграциялоо маселелери каралат.
Программада: пленардык докладдар, панелдик талкуулар жана алдыңкы адистердин катышуусундагы окуу семинарлары өткөрүлөт.
Кошумча маалымат үчүн:
📞 +996 708 878 525 — Магдиева Камила
11.11.2025
ММК үчүн чакыруу
2025-жылдын 12–13-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, Hyatt Regency Bishkek мейманканасы (Абдрахманов көч., 191)
Ар жылы 14-ноябрда дүйнө коомчулугу кант диабети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүн белгилеп, бул оорунун алдын алуу, эрте аныктоо жана сапаттуу дарылоонун маанисине көңүл бурат.
Дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнүн алкагында «Кант диабети — заманбап медицинанын чакырыгы» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чарага алдыңкы эндокринологдор, ДССУнун эксперттери, Эл аралык диабет федерациясынын (IDF) өкүлдөрү, илимий коомчулуктун мүчөлөрү жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер катышат.
Программада:
– диабетти дарылоонун заманбап ыкмалары;
– оорунун татаалдашуусунун алдын алуу;
– мониторингдин жана инсулин терапиясынын жаңы технологиялары;
– «Саламаттык үчүн диалог: диабетке каршы биргелешкен аракеттер» аттуу тегерек стол.
25.09.2025
ММК үчүн чакыруу: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышы
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү түзүмүнүн ачылышы
🗓 Датасы жана убакыты: 2025-жылдын 26-сентябры, саат 11:00
📍 Дареги: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ), Бишкек ш., Ахунбаев көч., 190
ЭжБКУБ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүбалдарга седация же жалпы наркоз менен стоматологиялык, анын ичинде шашылыш хирургиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген түзүмүн ишке киргизүүдө.
Жалпы 20 млн сомго жакын каражатка жабдуулар, шаймандар жана керектелүүчү материалдар (стоматологиялык отургучтар, наркоздук-дем алуу аппараттары, кардиомониторлор, ЭКГ, дефибриллятор, ИМН жана башка) сатып алынып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиологиялык жардам үчүн бөлүм Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында севофлуран препараты менен камсыздалды.
Жаңы түзүм шашылыш агымды жеңилдетип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды электрондук кезек аркылуу кабыл алууну камсыздайт (күнүнө болжол менен 2–3 бала).
Бөлүмдүн дарыгерлери С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алып баруу боюнча максаттуу окутуудан өтүшөт.