Copyright: ©

ПРЕСС-АНОНС Диабеттик ретинопатияны дарылоо бөлмөсүнүн ачылышы

18.02.2024 / Просмотров: 138845

19.02.24 саат 10.00 Бишкек ш., Панфилов көч., 199 дарегинде жайгашкан Эндокринологиялык борбордо Диабеттик ретинопатияны дарылоо бөлмөсү ачылат.

   Кыргызстанда биринчи жолу кант диабетинен көздөрү жабыркаган бейтаптарды мамлекеттик клиникада (Эндокринология борбору) дарылоо мүмкүн болду. Статистикалык маалыматтарга ылайык, кант диабети менен ооруган ар бир 3чү оорулууда көздүн көрбөй калышына алып келиши мүмкүн болгон көйгөй бар. Көбүнчө адамдар бул татаалдашууну билишпейт жана көздүн көрбөй калуусун алдын алууга кыйын болуп калганда кеч кайрылышат. Лазердик дарылоо кант диабети менен жабыркаган бейтаптардагы ретинопатияны алып барууда алтын стандарт болуп саналат. Көптөгөн өлкөлөрдө лазердик дарылоо ооруканага жаткырууну талап кылбайт жана амбулатордук негизде жүргүзүлөт. Бул процедура көп убакытты талап кылбайт, бирок бейтаптын жашоо сапаты көбүнчө анын өз убагында кабыл алынышынан көз каранды, анткени кеч дарттын кеч аныкталышы же жеке медициналык борборлордогу кымбатчылыктан улам дарыланбагандыктан көптөгөн бейтаптар өтүшүп кеткен учурда кайрылышат. Анда дарылоо көп чыгымды талап кылат.

Кант диабети менен ооруган бейтаптар жылына бир жолудан кем эмес офтальмологдун кароосунан өтүшү керек, өз убагында текшерүү жана өз убагында дарылоо биздин бейтаптардын абалын жакшыртат, ал эми бардык процедураларды бир жерден өткөрүү процедураларды күтүү убактысын кыскартат.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

15.05.2025
ПРЕСС-АНОНС: Передача генераторов технеция-99m в Национальный центр онкологии и гематологии

Дата: 16 мая 2025 года
Время: 12:30 
Место проведения: г. Бишкек, ул. Ахунбаева, 92 пересекает ул. Жукеева-Пудовкина
Госкорпорация «Росатом» совместно с МАГАТЭ впервые осуществила поставку генераторов технеция-99m в Кыргызскую Республику для Национального центра онкологии и гематологии (НЦОГ). В связи с этим приглашаем вас на пресс-мероприятие в НЦОГ в Бишкеке.
Спикеры расскажут, как используется генератор технеция-99m в отделении ядерной медицины, какие диагностические возможности он открывает и почему эта технология важна для системы здравоохранения Кыргызстана. Также вы сможете вживую увидеть работу отделения НЦОГ, где благодаря совместным усилиям Минздрава КР, НЦОГ, ГК «Росатом» и МАГАТЭ впервые с 1991 года возобновился прием пациентов для онкологических заболеваний.

Спикеры:
Алексей Леонтьев - эксперт МАГАТЭ, заведующий отделением радионуклидной диагностики Московского научно-исследовательского онкологического института им. П.А. Герцена, кандидат медицинских наук.
Нурбек Букуев - директор Национального центра онкологии и гематологии Министерства здравоохранения Кыргызской Республики.

11.04.2025
ПРИГЛАШЕНИЕ ДЛЯ СМИНациональный Форум по развитию образования работников реабилитации

ПРИГЛАШЕНИЕ ДЛЯ СМИ


 

14 апреля 2025 года в 9:30 ч. в отеле Orion Hotel по адресу бульвар Эркиндик 21 состоится Национальный Форум по развитию образования работников реабилитации на тему «Реабилитация для всех: построение более сильной и здоровой нации в Кыргызстане».


 

Доступ к активной реабилитации необходим для обеспечения возможности жить с достоинством и независимостью для детей и взрослых с ограниченными возможностями здоровья, восстанавливающихся после травм или болезней.

Многие семьи в Кыргызстане сталкиваются с трудностями в доступе к жизненно важным реабилитационным услугам из-за нехватки квалифицированных специалистов.


 

Форум сосредоточен на разработке системы образования в области реабилитации в Кыргызстане, основанной на компетенциях, продвижении национальной дорожной карты по увеличению числа квалифицированных специалистов в области физиотерапии, эрготерапии и смежных областях. Обсуждения будут акцентировать внимание на местных потребностях и международных лучших практиках.


 

В мероприятии ожидается участие:

🔹 Министров здравоохранения, образования и труда и социального обеспечения

🔹 Представителя ЮНИСЕФ Самман Дж. Тапа

🔹 Международных экспертов из Всемирной физиотерапии (WP), Всемирной федерации эрготерапии (WFOT) и университетов Канады, Катара и Кыргызстана.

26.03.2025
АНОНС: Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата форум: “Жашоонун сергек башталышы – бакубат келечектин ачкычы”

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган форум уюштурууда.

Датасы: 2025-жылдын 4-апрели Убактысы: 10:00 – 12:30.

Өтүүчү жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи, Бишкек шаары, Чүй пр., 122, Ала-Тоо аянты.

 Иш-чаранын максаты эне жана баланын ден соолугун коргоо маселелерин, ошондой эле Кыргызстанда саламаттыкты сактоо кызматын жакшыртуу стратегияларын талкуулоо болуп саналат. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана медициналык коомчулуктун өкүлдөрү чогулуп, ар бир баланын жашоосунун дени сак башталышын камсыз кылуунун жолдорун биргелешип издөөгө багытталган.

Форумдун алкагында: 

• Адистердин консультациялары менен коштолгон тематикалык көргөзмө, маалыматтык материалдарды таратуу жана ден соолук бурчтары уюштурулат.

• Президенттик Аппараттын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Акыйкатчы институтунун, ЮНИСЕФтин жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлдөрү баштаган коноктор сөз сүйлөйт.

• Эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагы алдыңкы эксперттер менен панелдик талкуулар.

• Медициналык кызматтарды өнүктүрүү, эне жана баланы колдоо боюнча инновациялык программалардын презентациялары.

Журналисттер эксперттик комментарийлерди алып, баяндамачыларга суроолорду берип, саламаттыкты сактоо тармагындагы акыркы демилгелер менен тааныша алышат.

ЖМК өкүлдөрүн келечек муундардын ден соолугун чыңдоого багытталган бул маанилүү иш-чарага катышууга жана чагылдырууга чакырабыз.