Copyright: ©
ПРЕСС-АНОНС
02.10.2023 / Просмотров: 150114
2023-жылдын 4-октябрында саат 14:00дө Орозбекова 87 көчөсүндө Парк Отелде “Аялдардын ден соолугу!” аталышындагы пресс-кафе өтөт. Пресс-кафе жыл сайын 1-октябрдан 31-октябрга чейин өткөрүлө турган «Аялдардын ден соолугу!» бир айлыгынын алкагында “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” швейцариялык долбоору тарабынан өткөрүлүүдө.
Пресс-кафеде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү бир айлыктын максаттары, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуунун маанилүүлүгү тууралуу айтып беришет.
Пресс-кафенин алкагында ММК өкүлдөрү төмөнкү ден соолук көрсөткүчтөрүн баалоону камтыган текшерүүдөн өтө алышат: тамеки тартуу, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, дене массасынын индексин баалоо, жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдигин баалоо, жатын моюнчасынын рагына сактык көрүү, кан басымын жана кандагы кантты өлчөө. Ошондой эле, ММКнын кымбаттуу айымдары эмчек безинин клиникалык изилдөөсүнөн өтө алышат.
Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү ролду аткарат, демек, аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү жеке адамдын бакубатчылыгына гана эмес, бүткүл коомдун чыңдалуусуна жана жакшыруусуна да салым кошот. Бүткүл өлкө боюнча белгиленип жаткан «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы аялдардын жугуштуу эмес ооруларын алдын алууну жана эрте аныктоону колдоого багытталган.
Бир айлыгынын алкагында бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары алдын ала кезекке жазбастан аялдарды текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.
Катышаарыңызды 2023-жылдын 3-сентябры саат 15:00гө чейин 0770545404 телефону аркылуу ырастаңыз, Эгимбаева Бегайым, «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси.
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
19.11.2024
АНОНС
2024-жылдын 20-ноябрында саат 12:00дө (Шакиров көч., 4) Нефрология, диализ жана трансплантология борборунун курулушуна капсула салуу аземи болот.
Салтанаттуу иш-чара КРнын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтөт.
Объекттин сметалык баасы 446 604 640 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу эмеректерди берет.
04.09.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу
2024-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын аймагында (Юлиус Фучик көч., 15/1) терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи болот.
Салтанат КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын катышуусунда өтөт.
Маалымат үчүн:
Объекттин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен «Ас-Сафа Центр» уюму тарабынан каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалат.
25.07.2024
ПРЕСС-АНОНС
2024-жылдын 26-июлунда саат 9.30да Жукеева-Пудовкина, 75 дарегинде жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баасы 2000 евро турган Cervix Wisap 6001 Муздак коагулятор аппаратын тапшыруу аземи болот.
Репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган жабдыктар «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык гуманитардык уюму аркылуу кайтарымсыз негизде берилет.
Эми №6 ҮМБда эң акыркы муундагы кольпоскоп жана коагулятор аппараттары менен жабдылган жатын моюнчасынын рагын аныктоочу кабинет иштейт. Мындай технологиялардын аркасында жатын моюнчасынын патологиясын аныктоонун жана ооруларды алгачкы этапта дарылоонун сапаты жакшырат.