Электрондук маалыматтык база аркылуу колдонуу ыкмалары окутулду

Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар менен камсыздандыруу департаменти  мамлекеттик сатып алуучулар үчүн элекрондук маалыматтык база (ЭМБ)  боюнча семинар өткөрдү.

Семинардын жүрүшүндө, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык жабдууларды электрондук маалыматтык база аркылуу колдонуу ыкмалары окутулду.  Бул маалыматтык системанын максаты – дары-дармектер каражаттарынын бааларын төмөндөтүү болуп саналат.

Учурда, ЭМБде 4068 дары-дармек каражаты жана 14 146 медициналык жабдуулар штрих-коддору менен катталган.

Аталган система Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы менен бирдиктүү иш алып баруусу ийгиликтүү жүргөн. Пилоттук негизде,

-Октябрь райондук бириктирилген Үй-бүлөлүк медициналык борборунда;

-№1 Шаардык клиникалык ооруканасында

-КР ССМинин Кардиология жана терапия улуттук борборунда ишке ашкан.

Учурда, электрондук маалыматтык база боюнча Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 280 адис, Чүй облусунда 35 адис, Нарын жана Талас облусу боюнча 40 адис окутулган. Жыйынтыктоочу семинар Ысык-Көл облусунун адистерине 19-декабрда өткөрүлсө, 20-декабрда Бишкек шаарынын адистери окутулмакчы.

Семинардын натыйжасында, сатып алуучу адистер жогоруда аталган система менен тендер өткөрүп, иштей алышат. Ал эми, кызыккан тараптар  үчүн толук маалымат камтылган атайын колдонмолор https://support.med.kg сайтына жайгаштырылган.


Печать