“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгын белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-июлундагы № 21-3021 Иш-чаралар планын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү тармагында да салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Ушул жылдын 20-сентябрында Республикалык диагностикалык борборунун чоң залында КР Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо жана билим берүү окуу жайларынын башын кошуп майрамдык конкурс белгиледи.

“Тил – улуттун байлагы, дөөлөтү. Учурда мамлекеттик тилибизде документ жаза албай отурган биз үчүн катуу намыс болушу керек. Эне тилибизди өркүндөтүү менен катар чет тилдерин да үйрөнүп келечектүү кадамдарды жасайлы” - деп белгиледи иш-чаранын ачылышында министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов.

Конкурстун катышуучулары мамлекеттик тилде өз кесиптери жөнүндө баяндама жасашып, ошондой эле  улуттук ыр-бийлер менен майрамдын көркүн ачышты. Айрыкча ташкындаган өнөрлөрү, иштеги тыңдыгы жана активдүүлүгү менен Улуттук кардиология жана терапия борбору, Бишкек медициналык колледжи жана Кыргыз медициналык кайра даярдоо институту айырмаланышты.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө республиканын эс алуу жайларына жолдомо, Саламаттык сактоо министрлигинин диплому, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Алкыш баракчалары, ошондой эле ар кандай белектер ыйгарылып, саламаттык сактоо кызматкерлери дагы бир жолу улуттун маданиятын даңазалап, чер жазышып, майрамга карк болуп кайтышты.

2019 09 213

2019 09 214

2019 09 221


Добавить комментарий

  zakupka2 

  lisenzya2 

  densooluk

 opendata1

 

Полезные ссылки

bannerEGZ

  

logo

 

logo-ky

kyrgyzstan