30.01.2023

Жугуштуу эмес ооруларга алып келген негизги факторлорду билип алыңыз

🔹Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да адамдар эң көп жугуштуу эмес оорулардан каза болот. Алсак, Кыргызстанда жалпы өлүмдүн 80 пайызын жугуштуу эмес оорулардын кесепети түзөт. 


🔹Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда өлүмгө алып келген жугуштуу эмес оорулардын төрт тобу бар:


🔹Жүрөк-кан тамыр оорулары

🔹Рак оорулары

🔹Кант диабети

🔹Дем алуу органдарынын оорулары


Бирок аталган илдеттер канчалык кооптуу болбосун, алдын алууга болот. Бул оорулар адамдын жашоо образына тыгыз байланышкандыктан алдын алуу жолдору да күнүмдүк адаттарыбыздан көз каранды.


Жугуштуу эмес ооруларга алып келген негизги факторлор:


🔸Тамеки тартуу

🔸Спирттик ичимдик ичүү

🔸Туура эмес тамактануу

🔸Аз кыймылдоо

🔸Ашыкча салмак

🔸Экологиялык абал ж.б.


‼️Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу  ар бир адамдын өз колунда