Медициналык кызматкерлерге компенсация төлөп берүү боюнча

"Учурда 3 миңден ашык медкызматкердин ооруну жуктуруп алгандыгы катталды. Учурда атайын комиссия иштеп жатат. Кароого 2550гө жакын арыз келип түштү. Алардын ичинен, 479 кызматкерге – 200 миң сомдон деп чечилди, дагы 130 документ төлөө үчүн даярдалууда. Ошондо бүгүнкү күнгө карата 609 мед кызматкер ушул компенсацияны алышты деп эсептөөгө болот. Ошол эле убакытта, 29 курман болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөндү. Дагы 4 документ даярдалып жатат", - деп билдирди вице-премьер-минстр Э.Сурабалдиева.

Коомчулук ичинде “төлөнбөй жатат” деген пикирлердин жаралышынын бир нече себептери бар. Биринчиден, ар бир документ кылдат кароодон өткөрүлөт. Экинчиден, келген арыздардын ичинде документтеринде так эместиктер көп болууда, мисалы:
инфекция булагы аныкталган эмес;
- инкубация мезгилинде медкызматкер эмгек өргүүдө болгон;
- айрымдарында убактылуу эмгекке жарамсыздык күбөлүктөрү, амбулатордук картанын көчүрмөсү жок, же тийиштүү документтери толук эмес;
- документтер талаптагыдай толтурулган эмес;
- кызматтык иликтөөдө терс корутундулар берилген документтер бар ж.б.

Ошондуктан ар бир төлөнүп жаткан компенсация боюнча тийиштүү документтердин баары көрсөтүлгөн талаптагыдай туура болушу керек.


Басып чыгаруу