Бишкектеги тез жардам борборунун станциясы боюнча

"Тез жардамга кайрылгандардын саны барган сайын көбөйүүдө. Айрыкча Бишкек шаарында Тез жардам борбору калктын шашылыш медициналык жардамга болгон муктаждыгын толугу менен канааттандырбайт. Шаарда калктын саны көбөйдү, шаардын аймагы кеңейди", - деп билдирди Э.Сурабалдиева.

Мунун айынан:
- тез жардам бригадаларынын жетишсиздиги катталды;
- медперсоналдар менен комплектөө маселеси да курчуду.

Учурда 38 мобилдик бригада иштейт. Албетте, бул 1 млн адам жашаган Бишкек шаарынын калкын тез жардам менен камсыз кылуу үчүн жетишсиз деп эсептелет.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Бишкекке 100дөн ашык тез жардам бригадасына муктаждык бар. Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кадрлардын жетишсиздигин толтуруунун үстүндө тынымсыз иш алып барып жатат.


Басып чыгаруу