Previous Next

Казакстан Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жүк жөнөттү

Коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Казакстан Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанга өпкөнү жасалма желдеткич аппараттары жана хирургиялык беткаптар түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөттү.

Гуманитардык жардамды өткөрүп берүү боюнча расмий салтанат 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Нурпейисовдун катышуусунда өттү.

«Биз боордош Казакстан Республикасына коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ушундай оор мезгилде биригүү менен гана, биргелешкен аракеттер менен биз бул вирусту жеңе алабыз. Коронавирус инфекциясы боюнча кырдаал биздин өлкөдө, айрыкча аймактарда толкун сыяктуу жүрүп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Демек, мындай көчмө өпкөнү жасалма желдеткичтер республиканын эң алыскы ФАПтарында өтө пайдалуу болот», - деди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги боордош казак эли тарабынан берилген 400 даана көчмө өпкөнү жасалма желдеткичтерди жана 2 миллион даана медициналык беткаптарды өткөрүп алды, алардын жалпы наркы 77,7 миллион сомго жакын. Жакынкы аралыкта жабдуулар өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарынын муктаждыктарына жараша бөлүштүрүлөт.


Басып чыгаруу