Previous Next

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) Кыргызстанга өзгөчө кырдаал убагында медициналык жардам көрсөтүүгө керектелүүчү топтомдорду тапшырышты

Бүгүн, 2020-жылдын 26-ноябрында, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине өзгөчө кырдаалдар убагында медициналык жардам көрсөтүүгө керектелүүчү топтомдорду кайтарымсыз негизде белек кылышты.

Бул гуманитардык жардам Россия Федерациясы тарабынан ДССУ аркылуу берилип, жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда жабыркаган калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн медициналык жабдууларды жана адистештирилген топтомдорду камтыйт.

Бул гуманитардык жүктү тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, ДССУнун өкүлү, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Россия Федерациясына жана Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна (ДССУ) өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты колдогону жана чыңдаганы үчүн ыраазычылык билдирди. ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Назира Артыкова Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгилеп, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана өзгөчө кырдаалдар учурунда өлкөнүн натыйжалуу аракеттенишине жардам бере турган эл аралык саламаттык сактоо эрежелерин ишке ашыруу маанилүү экендигин белгиледи.

Жүк Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Дубайдагы аймактык логистикалык борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 4 тоннадан ашык, баасы 42000 АКШ долларынан көп.

 


Басып чыгаруу