Previous Next

ВИЧ: Дарылоо канчалык эрте башталса, дени сак наристелүү болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору

ВИЧ энеден балага кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана эмчек эмизгенде жугушу мүмкүн. Антсе да, ВИЧ инфекциясына чалдыккан кош бойлуу айымдар дени сак наристелүү боло алышат. Бул үчүн алар дарыгер дайындаган антиретровирустук каражаттарын өз маалында туура колдонуусу жетиштүү экенин Республикалык “СПИД” борборунун дарыгери Эркин Тостоков билдирди. Анын айтымында, ВИЧ-инфекциясын жуктурган энелер алдын алуу боюнча эч кандай чараларды көрбөсө же дары каражаттарын туура эмес колдонсо төрөлгөн балдардын 30%ы ВИЧ оорулуу болуп төрөлүшөт. Эгерде кош бойлуулук учурунда тийиштүү терапия эрте башталса, анда баланын жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү 2-3%ды түзүп, калган учурларда дени сак балдардын төрөлүүсү толук мүмкүн.

2005-жылдан бери жургузулуп келе жаткан статистикага таянсак, 2020-жылдын 1 ноябрына карата жалпы (2005-жылдан берки жалпы сан) ВИЧ илдети менее каттоого алынган кош бойлуу аялдардын саны 1615. Республика боюнча жылына ВИЧ илдети аныкталган 150гө жакын кош бойлуу аял каттоого турат. 2020-жылдын 10 айына карата 152 кош бойлуу аялдан ВИЧ илдети аныкталган.
2005-жылдан бери ВИЧ инфекциясы бар энеден торолгон 1382 ымыркайдын 835и дени сак төрөлүп, организминде ВИЧ инфекциясы жок деп каттоодон чыгарылган. 335 ымыркай 18 айга толо электигине байланыштуу ВИЧ илдети бар же жок экени так аныктала элек жана, тилекке каршы, 45 ымыркай ВИЧ илдети менен төрөлгөн. Мунун негизги себеби, кош бойлуу мезгилинде эне ВИЧке анализ тапшырган эмес, дары каражаттарды туура эмес колдонгон. Мындан тышкары, 25 ымыркай өлүү төрөлсө, 75 ымыркай 18 айга толо электе чарчап калгандыгына байланыштуу, организминде ВИЧ инфекциясы бар же жок экени аныкталган эмес.

Дарылоо канчалык эрте башталса, дени сак наристелүү болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору.


Басып чыгаруу