Previous Next

Таластагы оорукананын капремонту

Мамкурулуштун маалыматына ылайык, Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштерине республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү” коомдук фонддун эсебинен 42 млн 500 миң сом каржыланды.

Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айылындагы 160 орунга ылайыкташкан Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо  иштери 2019-жылдын август айында башталган.

Объектте жылытуу тармагы толугу менен алмаштырылды, электртутамдары кайрадан жасалып чыкты, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрү, имараттын чатырын оңдоо жумуштары,  эшик-терезелер алматырылды, ички тосмолор орнотулуп  бүттү.

Учурда ички жасалгалоо жана фасадды сырдоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында скважина казылып, сырткы суу түтүк тармактарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Басып чыгаруу