Кыргызстандын бардык региондорунда COVID-19 боюнча дарыгер - тренерлердин МДКлары түзүлүүдө

Коронавирустук инфекциянын мүмкүн болгон экинчи толкунуна даярдануу планынын алкагында, Саламаттыкты сактоо министрлиги USAIDдин колдоосу менен "Тренерлерди окутуу" моделинин негизинде дарыгерлердин жана медайымдардын мультидисциплинардык командасын (МДК) окутуу концепциясын жана программасын иштеп чыгып, бекитти. Ага ылайык, ар кандай адистиктеги МДКлар COVID-19 менен ооруган адамдарга жогорку сапаттагы медициналык жардам гана көрсөтпөстөн, алар башка дарыгерлерди окутуу үчүн зарыл болгон билимге жана көндүмдөргө ээ болушат. Бул дарыгерлер жана медайымдар үчүн үзгүлтүксүз билим берүүнүн натыйжалуу системасын жана Кыргызстандын бардык аймактарында МДКнын туруктуу тармактарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Профессор Т.М.Сооронбаев жана А.З. Кутманованын жетекчилиги астында тренерлер жана окутуучулар катары медицинанын ар кайсы тармагындагы алдыңкы адистер тартылган. Албетте, мындай ыкма адамдык ресурстарды чыңдоого, COVID-19 илдетине каршы мыкты даярдыкка жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. МДКнын курамына кызыл зоналарда иштөөдө тажрыйбасы мол, ар кандай адистиктеги дарыгерлер кирет: пульмонологдор, жугуштуу оорулар боюнча адистер, реаниматологдор, кардиологдор, педиатрлар, акушер-гинекологдор, эндокринологдор, психологдор жана башка адистер.

Бишкек шаарында алгачкы сертификаты бар 17 дарыгерден жана 11 медайымдан турган улуттук деңгээлдеги мобилдик МДК түзүлүп, 14-сентябрдан 19-сентябрга чейин окутуудан өтүштү, эми алар жардам көрсөтүүгө жана башка дарыгерлерди окутууга даяр. Ош шаарындагы улуттук деңгээлдеги МДКнын окутуусу 21-сентябрда башталып, 26-сентябрга чейин уланат. Ош шаарындагы МДКны оор абалдагы COVID-19 менен ооруп жаткан бейтапка жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөргө өзгөчө басым жасоо менен окутуу үчүн башкы инфекционист Кутманова А.З., башкы реаниматолог Жүзүмалиева Г.С. жана башкы пульмонолог Сооронбаев Т.М. жөнөп кетишти.

Жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын ар бир аймагында дагы 7 мобилдик МДКны окутуу жана даярдоо пландаштырылууда.


Басып чыгаруу