Жалал-Абад облусунда медициналык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилүүдө

Медициналык уюмдардын 65-70%ы санариптик системада иш алып барууда. Бул боюнча саламаттык сактоонун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Замира Орунбаева билдирди. Анын айтымында медициналык мекемелерде электрондук кезекке туруу кызматы толук кандуу иштеп жатат.

Замира Орунбаева: “Өзгөчө пандемия учурунда электрондук кезекке туруу системасынын пайдасын көрдүк. Адамдар мурдагыдай коридорго топтолбой, интернет же телефон аркылуу кезекке жазылып, медициналык уюмдарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталууда”, - дейт саламаттык сактоонун Жалал-Абад облусу боюнча координатору.

Азыркы учурда “электрондук рецепт” кызматын ишке киргизүү аракети көрүлүп жатканын Орунбаева кошумчалады. Анын айтымында бул демилге медицина уюмдары менен дарыканалардын ортосунда иштейт.


Басып чыгаруу