Previous Next

“Кан басымыңызды билип алыңыз!” акциясы облустарда

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин өкүлдөрү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата “Кан басымыңызды билип алыңыз!” акциясын өткөрүп жатышат. Бул боюнча Аксы райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы, дарыгер Айнура Наркулова билдирди. Ал баштаган адистердин тобу иш-чаранын алкагында жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча окутууларды өткөрүп, жергиликтүү тургундардын кан басымын текшерип, маалымат баракчаларын таратышты.
Айнура Наркулова: “Биз мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана соода-сатык менен алектенген жарандардын кан басымын текшерип чыктык. Өнөкөт жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылган бейтаптар аныкталган жок. Бирок 50 кишинин ичинен 2-3 адамдын кан басымы жогору болгону аныкталды”, - деди Аксы райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы.
Белгилей кетсек жыл сайын 29-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет. Ага байланыштуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин ден соолукту чыңдоо борборунун адистери тарабынан республика боюнча “Кан басымыңызды билип алыңыз!” акциясы өткөрүлүп турат.

Басып чыгаруу